КР БШКнын 2020-жылдын 26-октябрындагы жыйналышынын күн тартиби

26 октября 2020

                                                                                              Өткөрүү датасы: 26-октябрь 2020-ж.

                                                                                              Убактысы: 17.40

                                                                                              Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1.  2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

(баяндамачы –Дюшембаева Г., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмдүн башчысы)

2. Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

(баяндамачы –Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

3. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы –Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуужана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жайыл жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы –Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

5. Ар түрдүү маселелер