Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
2018-жылдын 22-августунда Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
2018-жылдын 22-августунда Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Осмонова Анара Дүйшеналиевна шайланды. Эмгек-Талаа айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, бардык 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чаек жана Боо-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды
2018-жылдын 22-августуна дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок.
Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 13-августундагы № Б-14/VI буйругу менен Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Кермалиев Идирис Дуйшенкулович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2018-жылдын 29-августуна, саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 5-сентябрына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал жана Бакай-Ата АШКларына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү АШКнын чечимдерин бекитти
2018-жылдын 17-августунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сокулук, Таш-Көмүр, Ысык-Ата жана Аламүдүн АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айылдык кеңешинин депутаты Балпаев Доктурбек Джолдошевичтин каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Кулбеков Абдулло Куралович өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылдык кеңешинин депутаты Сейдалиев Адылет Айтбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ниязов Рашид Сейитбековичке өткөрүп берилди;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айылдык кеңешинин депутаты Жумабеков Жалын Жумабековичтин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Табалдиев Турдубек Омуркалиевичке өткөрүп берилди;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Азизов Бахтияр Хаимовичтин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Султанбеков Эдилбек Жолчубековичке өткөрүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Арзыбаев Рысбек Саламбекович (“Таш-Көмүр жаштары” деп.фракциясы) өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Сапаралиев Азамат Сагынбековичке (“Таш-Көмүр жаштары” деп.фракциясы) өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айылдык кеңешиндеги депутат Тенизбаев Камбарбек Асипбаевич депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Калиев Болотбек Матановичке өткөрүп берилди;
- Чүй облусунун Аламүдүн району районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Мамбеков Азамат Джумабекович өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Уметалиев Совхозбек Куватбекович ке өткөрүлүп берилди;
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
2018-жылдын 17-августунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 13-августунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Шаршеев Урмат Бактыбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
- Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Ызабеков Медеркул Сагынбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ак-Суу жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 17-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 17 август 2018-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2018-жылдын 13-августунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өалдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Ар түрдүү маселелер
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы жактырылды
13-августта, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин VII жыйыны өткөрүлдү.
Жыйындын катышуучулары 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын долбоорун талкуулашты. Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоору каралды.
Экинчи маселе боюнча баяндамачы болуп, КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Кармабековна Шайлдабекова чыгып сүйлөп, 2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарынын өркүндөтүүнүн Стратегиясы жөнүндө айтып берди.
2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн сунушталып жаткан Стратегиясы, максаттарды жана аларга жетүү жолдорун ар тараптуу, комплекстүү тандоону көрсөтөт; мыйзамдарга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн тышкары ошондой эле айрым иштиктүү чараларды, жана пландалган мезгилде жетишилүүчү максаттардын индикаторлорун өз ичине алган ишмердүүлүктүн, иш-чаралардын негизги максаттарын туюндурган документ болуп эсептелет.
Стратегия Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында өткөрүлгөн ачык, кеңири коомдук талкуулардын негизинде иштелип чыккан.
Стратегияны иштеп чыгуунун баштапкы чекити болуп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын өздөрүнүн шайлоого жана шайланууга болгон конституциялык укугун ишке ашырууга тең жана тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга тоскоол болуп жаткан, чечилүүгө тийиш болгон көйгөйлөрдү идентификациялоо болду.
Көйгөйлөр аракеттеги шайлоо мыйзамдарына, укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзүүнүн, өткөрүлгөн бардык деңгээлдеги шайлоолорду талдоолордун, ошондой эле жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын мониторинг боюнча миссиялары иштеп чыккан отчеттордо камтылган сунуштардын негизинде идентификацияланды.
Талдоонун жана өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыгы боюнча шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүү боюнча негизги максаттар, багыттар жана иш чаралар иштелип чыкты, алар жыйындысында Стратегиянын төмөнкү негизги концептин көрсөттү:
- шайлоолордун типтерин (парламенттик жана шаардык шайлоолор пропорционалдуу, айылдык – мажоритардуу, ЖӨБО шайлоо – кыйыр бойдон калат) кардиналдуу өзгөртпөстөн, шайлоо системасын реформалоонун позитивдүү жетишкендиктеринин (шайлоолордун ишенимдүүлүгү, айкындыгы жана атаандаштыгы) туруктуулугуна жетишүү;
- мыйзам чыгаруу чаралары жана жарандык окутуу системасы аркылуу шайлоо учурундагы укуктук мамилелердеги болгон жетишпестиктерди четтетүү;
- шайлоону уюштурууну жана бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу, шайлоолордун технологиялык камсыздалуусун жана коопсуздугун жогорулатуу.
Стратегиянын артыкчылыктуу багыттары болуп, төмөнкүлөр эсептелет: шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуунун механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле шайлоо боюнча мыйзамдарды бузуулар менен алар менен күрөшүү механизмдерин, жарандардын укуктук маданиятынын деңгээлин жана алардын маалыматтуулугун көтөрүү, жарандардын, алардын ичинде аялдардын, ДМЧА, чет өлкөгө убактылуу барган жана ал жерде жашаган жарандардын, башка кээ бир категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу, парламентаризмди бекемдөө, ошондой эле жер-жерлерде шайлоо комиссияларынын иштеринин натыйжалуулугун жана алардын дараметин жогорулатуу.
Ушул артыкчылыктуу багыттар менен байланышкан максаттарга жетишүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана аларды кабыл алуу түрүндө ишке ашырыла турган чаралардын комплексин ишке ашырууну талап кылат. Алар шайлоо учурунда шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик чараларын күчөтүп, шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана шайлоолорго бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча өткөрүлүп жаткан реформаларды коомчулук менен талкуулоо процессинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активдүү бирге аракеттешүүсүн талап кылат. Стратегияда чагылдырылган, жогоруда аталган бардык чаралар пландаштырылган реформанын негизги натыйжасына – жарандардын шайлоолорго ишенимин арттырууга көмөктөшүүсу зарыл.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеши тарабынан 2018-2020-жылдарга КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планын, айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жактыруу тууралуу чечим кабыл алынды.
Стратегия боюнча иштер төмөндөгүдөй бүткөрүлүүсү керек:
- Стратегиянын алкагында мыйзамдарды өзгөртүү боюнча сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизүү.
- Жогороку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорлорунун пакетинин 2019-жылдын күз мезгилинен кечиктирбестен, б.а. 2020-жылдагы шайлоолордон бир жыл мурда кабыл алынуусу (долбоорлор ырааттуу түрдө 2018-жылдын июнунан, андан кийин негизги пакет – 2018-жылдын июлунда, Партиялар жөнүндө жаңы долбоор – 2018-жылдын күзүндө киргизилет),
- БШК жана мамлекеттик органдар тарабынан шайлоо процессин жана комиссиялар системасын, жарандык билим берүү уюмдарын оптимизациялоо боюнча чараларды көрүү.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 13-августунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Талас, Жумгал жана Аксы АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айылдык кеңешиндеги депутат Р. Кожоматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Б. Бейшекеевге өткөрүлүп берилди;
- Талас облусунун Талас районундагы Долоно айылдык кеңешиндеги депутат О. Бокеев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Ж. Токталиевге өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоӊ–Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат К. Токонов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э. Сыдыгалиевага берилди;
-Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешиндеги депутат Мамыралы уулу Бакытбек каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Г. Айтназаровага өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
2018-жылдын 13-августунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 8-августунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Достук, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Достук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп таанылып, Сейдалдаев Максатбек Сейдилдаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Капарова Жамила Маматалиевна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Нарын жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2018-жылдын 5-августунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды
2018-жылдын 5-августунда КР БШК Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоосунун натыйжасы жөнүндө протоколун карап чыгып бекитти.
Добуш берүү күнүндө ар бир шайлоо участкасында добуш берүүнүн башынан аягына жана жыйынтыктарын чыгарууга чейин талапкерлердин байкоочулары катышышты.
Шайлоо процессинин жүрүшүндө бардык шайлоо участкаларында МКК жана АЭУ жабдууларынын иштебей калуусу болгон жок.
Добуш берүү процесси, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана натыйжаларын аныктоо боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуулушу боюнча арыз жана даттануулар келип түшкөн жок.
Кадамжай АШКсы УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоону өттү деп таанып, Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктады.
Майдан айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Майдан айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 5 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 21 мандатка 68 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 6607ни түзүп, анын ичинен 2882 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 43,62 % түзөт.
Шайлоонун натыйжасында төмөнкү талапкерлер Майдан айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды (таблица).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди
2018-жылдын 13-августунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 8-августунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэринин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Бишкек шаарынын мэри болуп Суракматов Азиз Эмильбекович шайланды. Бишкек шаарынын мэри кызматына көпчүлүк коалиция тарабынан 1 талапкер көрсөтүлүп, талапкер катары катталган.
2018-жылдын 8-августунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэринин шайлоосуна Бишкек шаардык кеңешинин жалпы 45 депутатынын 44тү катышып, добуш берүүдө талапкер А.Э. Суракматовго 43 депутат “МАКУЛ”, 1 депутат “КАРШЫ” добуш беришкен.
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын шайланган мэри “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп берет.
Жаңы шайланган Бишкек шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 13-августунда Орок, Шадыкан жана Бору-Баш айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
2018-жылдын 13-августунда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Натыйжада:
- Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 21 добуш алган Чоодуев Уран Казымбекович шайланды. Орок айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, бардык 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган;
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 8 добуш алган Ызабеков Медеркул Сагынбекович шайланды. Бардыгы болуп, Шадыкан айылдык кеңешинде 11 депутат бар, 10 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 9 добуш алган Шаршеев Урмат Бактыбекович шайланды. Бардыгы болуп, Бөрү-Баш айылдык кеңешинде 11 депутат бар, 10 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 13-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 13 август 2018-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2018-жылдын 8-августунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. 2018-жылдын 5-августунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3. Нарын облусунун Нарын районунун Достук, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын архивдик иштери боюнча эксперттик комиссиясы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – М.А. Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. Ар түрдүү маселелер
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
“Жаштар жана шайлоолор. Шайлоолорго катышуу–келечек үчүн жоопкерчилик!”
КР БШК Ысык-Көл облусунда “Жаш-Булак” жаштардын форум-лагеринде катышты. 7-августта Ысык-Көл облусундагы Бөкөнбаев айылындагы Карала-Арча капчыгайында үчүнчү Жаштар форум-лагери ишин баштады, анда Кыргызстандын бардык аймактарынан 300гө жакын жаштары катышууда.
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова “Жаш-Булак” форум-лагеринин төртүнчү күнүндө “Жаштар жана шайлоолор. Шайлоолорго катышуу – келечек үчүн жоопкерчилик!” темасы боюнча башкы спикер катары чыгып сүйлөп, жаш шайлоочуларды шайлоо процессинин баскычтары, шайлоонун жаңы моделинин өзгөчөлүктөрү, добуш берүү процедурасы менен тааныштырды. Ошондой эле семинарга мазмундуу компоненттер кошулган: Президенттин ыйгарым укуктары боюнча маалымат, добуш берүүнүн купуялуулугу, добуш сатып алууга каршы туруу, ДМЧ шайлоочулардын укуктарына көңүл буруу – “Кошунаңды ала кел!”.
Мисал катары, катышуучулар арасында "Жаш Булактын" президентин шайлоо өтүп, АЭҮ колдонулуп, добуш берүү толук түрдө шайлоо мыйзамдарынын сактоо менен жүргүзүлдү. Атайын шайлоо комиссиясы түзүлүп, тогуз талапкер "Жаш Булактын" президенттигине ат салышты.
Катышуучулар КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабековага өздөрү кызыккан суроолорду берип, жооп ала алышты. Талкуунун жүрүшүндө өлкөнүн 7 облусунун жигердүү жаштары Кыргызстандын шайлоо системасынын маселелеринин кеңири талкууга алды.
Атап айтканда:
-жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жана ЖӨБО башчылыгына талапкерлерге талаптарды белгилөө: шайлоо күрөөсүн киргизүү, жогорку же орто билиминин жана иш стажынын болуусу;
-биргелешкен, анын ичинде талапкерлердин ортосунда дебат түрүндө иш чаралардын санын көбөйтүү, ЖМКнын бардык талапкерлер үчүн бирдей жеткиликтүүлүгү, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө “кара PR” үчүн жоопко тартуу;
-оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуллугу бар талапкерлерге талаптарды катаалдаштыруу;
-бардык деңгээлдеги шайлоолорду өткөрүүдө абдан курч көйгөй болгон добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту колдонгондук үчүн жоопко тартуу; - жергиликтүү кеңештердин ортосунда биргелешкен жолугушууларды жана тажрыйба алмашууларды өткөрүүнүн зарылчылыгы.
Маалымат катары: Форум-лагерь боз үйлөр лагери форматында жана минималдуу ыңгайлуулуктар шартында өтүп жатат. Иш чаранын максаттарынын бири болуп, катышуучуларга алардын карьерасы жана жекече өсүүсү үчүн керектүү ыктарды үйрөнүүсүнө шарт түзүү болуп эсептелет. “Жаш-Булак” форум-лагеринин уюштуруучусу болуп, ЮНИСЕФтин жана КРнын Кызыл жарым ай улуттук коомунун колдоосу менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги эсептелет.
“Жаш-Булак” Форум-лагери 6-августтан 12-августка чейин өткөрүлөт.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 8-августунда Кеӊеш жана Достук айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
2018-жылдын 8-августунда Ош облусунун Кара-Кульжа районунун Кеӊеш, Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Натыйжада:
- Ош облусунун Кара-Кульжа районунун Кеӊеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Капарова Жамиля Маматалиевна шайланды. Кеӊеш айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, бардык 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган;
- Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 6 добуш алган Сейдилдаев Максатбек Сейдилдаевич шайланды. Бардыгы болуп, Достук айылдык кеңешинде 11 депутат бар, 11 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын мэри шайланды
2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар, 44 катышты. Добуш берүүнүн натыйжасында, Бишкек шаардык кенешинин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүк санын, тактап айтканда 43 добушун Суракматов Азиз Эмильбекович алды, бирөө каршы.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын мэрин жана Кеӊеш, Достук айыл өкмөттөрүнүн шайлоолору башталды
2018-жылдын 8-августунда саат 9.30до Бишкек шаарынын мэрин шайлоо башталды. Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар, алардын ичинен 44 катышууда. Бишкек шаарынын мэрине 1 талапкер катталган, ал көпчүлүк коалициясынан Суракматов Азиз Эмильбекович.
Ошондой эле, Ош облусунун Кара-Кульжа районунун Кеӊеш, Нарын облусунун Нарын районунун Достук айылдык кеӊештеринин шайлоолору башталды.
Кеӊеш айыл өкмөтүндө бардыгы 11 депутат, алардын бары катышууда. Айыл өкмөт башчысына 2 талапкер катталган.
Достук айыл өкмөтүндө бардыгы 11 депутат, алардын бары катышууда. Айыл өкмөт башчысына 2 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду