Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Эл аралык эксперт Павел Кабаченко БШКнын түзүмдөрүнүн жана МККнын ишмердүүлүгүнө мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына келди
14.09.2018

Эл аралык эксперт Павел Кабаченко БШКнын түзүмдөрүнүн жана МККнын ишмердүүлүгүнө мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына келди

Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун (IFES) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн чакыруусу менен, мурда жетишилген келишимдерге ылайык, БШКнын түзүмдөрүнүн жана МККнын ишмердүүлүгүнө мониторинг жана баа берүүнү жүргүзүү үчүн, эл аралык эксперт Павел Кабаченко Кыргыз Республикасына келди. Эске сала кетчү нерсе, 2018-жылдын 26-апрелинде Кишинёв шаарында эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосунда шайлоолорду жана референдумдарды уюштурууну өркүндөтүү, заманбап маалымат системаларын жана технологияларын колдонуу, шайлоону уюштуруучуларга жана шайлоочуларга жарандык билим берүү жана аларды электрондук окутуу жаатында, ошондой эле шайлоолордун башка тармактарында тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Меморандумга кол коюлган. Эл аралык эксперттин Кыргыз Республикасындагы иш сапарынын программасынын алкагында, 14-сентябрда КР БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын Павел Кабаченко, IFESтин Кыргызстандагы расмий өкүлдөрү Рената Левовски жана Александр Орехов менен жолугушуусу болуп өттү.       Жолугушуунун жүрүшүндө, Молдова БШКнын Шайлоо жаатында үзгүлтүксүз билим берүү борборунун директору П.Кабаченко шайлоо процессине тартылган бардык адамдарды кесипкөйлүк даярдоо процессинде инновациялык мамилелерди колдонуу боюнча ЦНОИСтин ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.  Ал айткандай, ЦНОИСтин негизги максаты болуп, Молдовада шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө тартылган шайлоо тармагындагы бардык адамдарды окутуу, алдыңкы тажрыйбаны үйрөтүү эсептелет. Жолугушуу суроо-жооп иретинде болуп, тараптар окутуу борборлорунун иштери боюнча кызыккан суроолорун беришти. КР БШК менен Молдова БШКнын кызматташтыгынын багыттарынын бири болуп, жарандык билим берүүнү өнүктүрүү эсептелет.  КРдагы жарандык билим берүүнүн (Жарандык билим берүү борбору түрүндө институционалдаштыруу аркылуу) негизги максаттары болуп, Кыргызстандын элинин бай мурастарына жана заманбап демократиялык принциптерге негизделген билимди, ыкмаларды жана жалпы жарандык баалуулуктарды жана ориентирлерди адатка айландыруунун негизинде жарандык компетенттүүлүктү, демократиялык маданиятты, өлкөнүн саясий турмушунда конструктивдүү катышуу ыкмаларын түзүү жана өнүктүрүү болуп эсептелет. Н.Шайлдабекова белгилегендей, бул борбор мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын жарандардын маалыматтуулугун жогорулатуу, демократияны  жана укуктук мамлекетти чыңдоого багытталган бардык долбоорлору үчүн талкуу аянтчасы болуп калуусу мүмкүн.  Борбор ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылуучу реформалоо боюнча түрдүү долбоорлордун маалыматтык-түшүндүрүү жана окутуу компоненттерин да аткаруусу мүмкүн.  Жарандык билим берүү борборун ишке киргизүү 2019-жылдын башына пландалууда. Андан тышкары, П.Кабаченконун иш сапарынын алкагында, КР БШКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөнкү темалар боюнча презентацияларды жасашты: - Кыргыз Республикасында шайлоо реформалары жана шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү милдеттери; -  КР БШКнын расмий сайты; - шайлоо процессин башкаруу. Эл аралык эксперт П.Кабаченконун Кыргыз Республикасында болгон убагында КР БШКнын Окуу борбору жана шайлоо процессинин катышуучулары менен бирге аракеттенүү пландаштырылды. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 14-сентябрында Майдан жана Миң-Куш айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
14.09.2018

2018-жылдын 14-сентябрында Майдан жана Миң-Куш айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

2018-жылдын 14-сентябрында Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан жана Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды. Натыйжада: - Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 13 добуш алган Абдилатов Эсен Акимович шайланды. Майдан айылдык кеңешинде 21 депутат бар, 20сы катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган. - Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Алманбетов Канат Джакупович шайланды. Миң-Куш айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, алардын ичинен 7 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер аттанган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 13-сентябрында Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
13.09.2018

2018-жылдын 13-сентябрында Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

2018-жылдын 13-сентябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Кудайбергенов Рысбек Молдакматович шайланды. Түгөл-Сай айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, 10 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын делегациясы Литванын Вильнюс шаарында АСЕЕЕОнун жыл сайын өтүүчү 27-конференициясында катышты
10.09.2018

КР БШКнын делегациясы Литванын Вильнюс шаарында АСЕЕЕОнун жыл сайын өтүүчү 27-конференициясында катышты

КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов жана КР БШКнын Программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтар коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы А.Акимбаев Литва Республикасынын Вильнюс шаарында, Европа өлкөлөрүнүн шайлоо уюштуруучулар ассоциациясынын (АСЕЕЕО) жыл сайын өтүүчү 27-конференициясына катышышты. АСЕЕЕОнун жыл сайын өтүүчү конференциясында, ар түрдүү 150 шайлоо органдарынын өкүлдөрү “Шайлоочулардын купуялуулугун, коопсуздугун жана бүтүндүгүн кепилдөө” темасын талкуулап, ошондой эле кибер-коопсуздук боюнча атайын семинардан өтүштү. Конференцияда бардык шайлоочулар үчүн шайлоолорго ишеним кепилдигин берүү жана шайлоолордун кибер-коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шайлоо органдарынын күнүмдүк изденүүлөрүндө аларды окутууга жана колдоого мүмкүнчүлүк берүүчү практикалык маселелер каралды. Шайлоо укуктары боюнча аймактык жумушчу топтун алкагында КР БШКнын өкүлдөрү А.Бекматов жана А.Акимбаев “Маалыматтык коопсуздук” темасында доклад менен чыгышты. Жаңы технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасында өткөрүлүп жаткан шайлоонун жаңы моделин КР Боршайкомдун ийгиликтүү ишке ашыруусуна байланышкан Кыргызстандын делегациясынын доклады конференциянын катышуучуларынын арасында чоң кызыгууну пайда кылды.  Белгилүү болгондой, жаңы модель маалыматтардын автоматтык келип түшүүсүн жана добуштарды автоматтык эсептөөнү, шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча индентификациялоону жана жогоруда аталган системалардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча программалык-аппараттык чараларды өз ичине алат. Көргөзмөнүн жана атайын семинардын алкагында шайлоо технологияларын чыгаруучу коммерциялык компаниялар өз продукцияларын иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүштү. Шайлоочулар боюнча маалыматтарды жана шайлоолордо колдонулуучу бардык санариптик маалыматтарды коргоо, кибер-коопсуздук көз карашынан добуш берүү технологияларын камсыз кылуу, шайлоочуларга ишеним боюнча билдирүүлөр, шайлоолордун көз карадысыздыгы жана бурмалоолорду алдын алуунун маанилүүлүгү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Маалымат катары: КР БШК АСЕЕЕОго 2006-жылы ассоциацияланган мүчө катары кошулган, ал эми 2013-жылдан анын толук укуктуу институционалдык мүчөсү болуп эсептелет. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 5-сентябрында Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
05.09.2018

2018-жылдын 5-сентябрында Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

2018-жылдын 5-сентябрында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 9 добуш алган Бейшебаев Эрнис Айнабаевич шайланды. Боо-Терек айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, 10 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу
30.08.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу Кыргызстандыктар! Кадырлуу мекендештер! Кыргыз мамлекети  эгемендүүлүгүн 27-жылын белгилөөдө. 27 жыл ичинде Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүгө болгон кадамы бир катар оор, татаал тоскоолдуктарга туш болду. Элибиздин биримдигинин, эрктүүлүгүнүн, кеменгерлигинин натыйжасында ал күндөрдү артка таштап, жаңылануунун, умтулуунун үлгүсүн көрсөтө алдык. Коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, эки ыңкылаптын өзөгүн түзгөн шайлоо системасында жасалган олуттуу реформалар,  орун алган өзгөрүүлөр буга бирден бир мисал. Биз бир өлкөнүн жарандарыбыз. Биздин мекенибиз дал ушул жерде, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун койнунда. Биздин ыйык милдетибиз –Кыргызстаныбызды коргоо жана аны мындан ары да өркүндөтүү! Ошондуктан баарыбыз өлкөбүздү келечекте жогору өнүккөн жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу үчүн, эмгектенүүгө тийишпиз. Кадырлуу мекендештер! Бүгүнкү жасаган ар бир кызматыбыз эртеңки биздин урпактардын, келечек муундун жыргалчылы үчүн салынып жаткан жол. Биздин жасаган эмгегибиз эртеңибиз үчүн курулган эстелик. Мекен алдында абийирдүүлүк менен ак кызмат кылып, үй-бүлө, жакындарыңыз менен бекем ден-соолукта, узак жана маңыздуу өмүр сүрүңүздөр. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине “Кыргызтест” системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак тапшыруу сунушталды
30.08.2018

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине “Кыргызтест” системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак тапшыруу сунушталды

БШКга Мамыркулова Канышайдан Бишкек АШКнын Тил боюнча комиссия түзүү жөнүндө чечимин мыйзамсыз деп табуу, шаардын мэринин кызмат ордуна талапкердин тилди эркин билгендиги тууралуу Тил боюнча комиссиянын чечимин жокко чыгаруу жана бүгүнкү күндө КР Президенттигине талапкерлер өтүп жүргөн “Кыргызтест” системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо үчүн сынактан өтүүгө Бишкек шаарынын мэрин милдеттендирүү тууралуу арыз келип түшкөн. 1. Президентти шайлоо тартиби “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамы менен жөнгө салынат.  Бул конституциялык Мыйзамга 2017-жылдын 5-июнунда Презденттикке талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин “Кыргызтест” системасы аркылуу аныктоо боюнча жаңы тартипти өз ичине алган өзгөртүүлөр киргизилген.  Бирок, “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамда талапкерлердин “Кыргызтест” аркылуу сынактан өтүүсү боюнча талап жок. 2. Өкмөттүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтому менен мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик кызматкерлердин тизмеги мындайча белгиленген: “жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар мамлекеттик тилди төмөнкүдөй көлөмдөн жана деңгээлден кем эмес билүүгө милдеттүү: базалык деңгээлден (А2) - 2019-жылдан тартып; орто деңгээлден (В1) - 2020-жылдан тартып;ортодон жогору деңгээлден (В2) - 2021-жылдан тартып”.  Мамлекеттик жаны муниципалдык кызматкерлердин реестрине ылайык, мэрдин кызмат орду саясий муниципалдык кызмат орду болуп эсептелет. 3. “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо боюнча тил комиссиялары жөнүндө” Жобого ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди эркин билүүсүн аныктоо максатында, Бишкек АШК тарабынан Бишкек шаарынын мэрин шайлоо боюнча тил комиссиясынын курамы бекитилген.  2018-жылдын 31-июлунда Бишкек АШКнын №8/1 чечими менен Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер А.Э.Суракматовдун “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына жооп берет деп белгиленген. 2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. КР БШК 13-августтагы №158 токтому менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Бишкек АШКнын протоколдорун бекитти.  Суракматов А.Э. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын шайланган мэри болуп таанылды. *Аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечимдер кабыл алынган күндөн тартып 3 калаендардык күндүн ичинде берилет.  Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт.  Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү бүткөндөн кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт. Ошентип, арыз берүүчүнүн мыйзам тарабынан бекитилген тартипте жана мөөнөттөрдө Бишкек АШКнын чечимдерине КР БШКга даттанууга укугу болгон.  Арыз берүүчү тарабынан Бишкек АШКнын чечимдерине даттануу мөөнөттөрү жана тартиби бузулган. Жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу, А.Суракматовду Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары каттоодо бардык процедуралар сакталган, шайлоолорду уюштуруу мыйзамга ылайык өткөрүлгөн. Ошону менен катар, Жумушчу топ, Бишкек шаарынын мэрине мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоону мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган болгон “Кыргызтест” системасы боюнча өтүүнү сунуштоо максатка ылайыктуу деп эсептейт. 2018-жылдын 27-августундагы КР БШКнын отурумунда арыз берүүчүлөр Жумушчу топтун чечими менен макул болуп, өз талаптарын кошушту, аларда, Ош шаарынын мэрине мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоону “Кыргызтест” системасы боюнча өтүүнү сунушту жөнөтүүнү суранышты. Ошентип, КР БКШнын 2018-жылдын 30-августундагы №16 чечими менен, К.Мамыркулованын арызын канааттандыруудан баш тартты, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоону “Кыргызтест” системасы боюнча өтүү сунушталды КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30.08.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 30-августунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Талаа, Сокулук, Жайыл жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А.Алиевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Өмүровага өткөрүлүп берилди; -Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылдык кеңешинин депутаты Н. Сыдыгалиева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Б.Саргуловго өткөрүлүп берилди; - Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңешиндеги “Элдик-Народная” партиясынан депутаты М. Иманбекова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Р.Джолдошбаевге өткөрүлүп берилди; - Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңешиндеги “Элдик-Народная” партиясынан депутаты Б. Байболотова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – М.Мураталиевге өткөрүлүп берилди; -Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылдык кеңешинин депутаты Р. Султанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Ш.Тиллобаевге өткөрүлүп берилди; -Баткен облусунун Лейлек районундагы Сумбула айылдык кеңешинин депутаты Д. Артыкбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т.Курбаналиевге өткөрүлүп берилди; -Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаты М. Исманов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Разыковго өткөрүлүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди
30.08.2018

Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди

2018-жылдын 30-августунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 22-августа Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти. Протоколдордун негизинде Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Осмонова Анара Дуйшеналиевна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Нарын аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды
30.08.2018

Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 24-августундагы № 533 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэри А. Анарботоев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Ысык-Ата  районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 2018-жылдын 16-июлундагы № 60-р тескемесине ылайык, Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джекшембаев, Юрьевка айылдык кеңешинин ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү 2018-жылдын 13-июлундагы № 39/13-27 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 2017-жылдын 5-декабрындагы № 474-Б тескемесине ылайык, Жаңы-Пахта  айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кулмурзаев, Сокулук районунун прокуратурасынын 2017-жылдын            1-декабрындагы №11/602-17 сунуштамасынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. 2018-жылдын 30-августундагы КР БШКнын токтомуна ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин,  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка,  Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 18-сентябрына жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Лейлек, Ысык-Ата жана Сокулук АШКна тапшырылды. Маалымат катары: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт. Ошондой эле, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 30-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
30.08.2018

2018-жылдын 30-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:  30 август 2018-ж. Убактысы: 15:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Бишкек АШКнын 2018-жылдын 26-июлундагы “Тил боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөөнүндө” чечимин мыйзамсыз деп табуу тууралуу К. Мамыркулованын арызы жөнүндө (Баяндамачы – М.А. Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)  2. Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө   (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  3. Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка, Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө  (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу  (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  5. Ар түрдүү маселелер    
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын делегациясы МКТнын негизинде шайлоолорду башкаруу боюнча атайын окуу программасына катышып келди
28.08.2018

Кыргыз Республикасынын делегациясы МКТнын негизинде шайлоолорду башкаруу боюнча атайын окуу программасына катышып келди

Шайлоолордогу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) жаатында электоралдык билимге, тажрыйбага ээ болуу жана стратегияны иштеп чыгуу максатында, КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова баш болгон КРнын делегациясы, Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын  (A-WEB) чакыруусу боюнча МКТнын негизинде шайлоолорду башкаруу боюнча атайын окуу программасына катышып келди. Бул программада Кыргыз Республикасынын, Грузиянын, Монголиянын, Өзбекистандын жана Украинанын делегациялары катышты.  Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына төмөндөгүлөр кирди: КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери, КРнын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы жана КР Өкмөтүнүн алдындагы МККнын “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери. Окуу программасы эки тайпага бөлүндү: - МКТнын негизинде шайлоолорду башкаруу боюнча кызмат адамдары үчүн атайын окуу программасы (19-24-август), -  МКТнын негизинде шайлоолорду башкаруу боюнча эксперттер үчүн атайын окуу программасы. Бул окуу программалары шайлоолордо МКТны колдонуу жана аны кеңейтүү боюнча орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү стратегиялар үчүн катышуучулардын жекече темаларын чечүүгө багытталган.  Жетекчилер үчүн, программада негизги көңүл шайлоолордогу МКТ боюнча саясий чечимдерге бурулат. Окуу программасынын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасында шайлоо реформаларына жетүү жана андагы ийгиликтер, жана шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү” темасындагы презентация менен КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова чыгып сүйлөп, шайлоолорду жаңы технологияларды колдонуу менен өткөрүүдөгү Кыргыз Республикасынын иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Иш жүзүндө тааныштыруу максатында КР БШК Кыргыз Республикасынданы шайлоо жана референдумдарда колдонулуучу жабдууларды (АЭҮ, идентификациялык жабдуу), добуш берүү үчүн бюллетендерди, шайлоого байланыштуу шайлоо мыйзамдарын жана башка материалдарды өз ичине алган жол көрсөткүчтөрдү катышуучуларга көрсөтүштү. Программанын алкагында төмөнкүдөй темаларда лекциялар угулду: - МКТны шайлоо процессине киргизүү режими жана шайлоолорго МКТны киргизүү максатындан милдеттерди жана стратегияларды белгилөөнүн конкреттүү мисалдары, саясатты жакшыртуу планы, шайлоолордо МКТны колдонууну тематикалык изилдөө; - шайлоолор жаатындагы инновациялар жана тобокелдиктерди башкаруу. Ошондой эле, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эксперттер үчүн төмөнкүдөй темалар боюнча окуу программасы каралган: - “Маалыматтык коопсуздукдун статусу жана зарылчылыгы”, “UNIX,Windows серверлеринин коопсуздугун жогорулатуу”. - “Android” үчүн зыян келтирүүчү программалардын анализи”. Окутууну өткөргөндөр: Кореянын Гунянг университетинин профессору Гун Сан Ча мырза, “Nobiz” маалыматтык системасын коргоо боюнча кореялык компаниялардын директору Чак Сун Джун мырза, “Molzen-Korea” компаниясынын директору Чул Хи Но мырза, “STUnitas” компаниясынын инновация боюнча эксперти Чак Чук Джин мырза. Маалымат катары: Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы 2013-жылда түзүлүп, шайлоолорду өткөрүү боюнча билимдерди, маалыматтарды жана тажрыйбаларды алмашуу, жана билим берүү жана кесиптик даярдоо аркылуу шайлоо процесстерин башкарууда катышкан адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында бүткүл дүйнөдөгү шайлоо органдарынын арасында байланыш тармагын түзүү үстүндө иш алып барууда. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2013-жылдан бери A-WEBдин мүчөсү. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” жана “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди
27.08.2018

“Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” жана “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди

Шайлоо мыйзамдарын бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу максатында, КР БШК Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 Токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө”, “Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. - “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: 9-пункттун төртүнчү пунктчасында “документтер” сөзү “эмгек китепчесинин жана жогорку билими жөнүндө дипломунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү” сөздөрү менен алмаштырылды; - “Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: 9-пункттун төртүнчү пунктчасында “документтер” сөзү “эмгек китепчесинин жана жогорку билими жөнүндө дипломунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү” сөздөрү менен алмаштырылды. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек АШКсынын Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимин бекитти
27.08.2018

КР БШК Бишкек АШКсынын Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимин бекитти

2018-жылдын 27-августунда КР БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын «КСДП» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Муканович Кененбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимин бекитти. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жайыл АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
27.08.2018

Жайыл АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

КР БШК Жайыл АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Жайыл АШКнын мүчөсү А.Э. Ормонованын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде токтом кабыл алынды. Жайыл АШКнын курамынан А.Ормонова (“Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан) чыгарылды. Анын ордуна резервдеги Г.Сатыбалдиева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоосу дайындалды
27.08.2018

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоосу дайындалды

2018-жылдын 27-августунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын облусунун Жумгал районунун Миӊ-Куш, Тугөл-Сай,  Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосун дайындады. 2018-жылдын 17-августунда жаңыдан шайланган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өткөрүлгөн. Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 17-августундагы № 55 буйругу менен Мин-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ниязбеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 17-августундагы № 57 буйругу менен Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы З.Жунушов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 13-сентябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан,Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо  2018-жылдын 14-сентябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал жана Кадамжай АШКларына тапшырылды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 369 371 … 483