Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди

13 августа 2018

2018-жылдын 13-августунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 8-августунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Достук, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.

Протоколдордун негизинде:

- Достук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп таанылып, Сейдалдаев Максатбек Сейдилдаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;

- Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Капарова Жамила Маматалиевна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Нарын жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү