2018-жылдын 22-августунда Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

22 августа 2018

2018-жылдын 22-августунда Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Осмонова Анара Дүйшеналиевна шайланды. Эмгек-Талаа айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, бардык 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү