2018-жылдын 17-августунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сокулук, Таш-Көмүр, Ысык-Ата жана Аламүдүн АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айылдык кеңешинин депутаты Балпаев Доктурбек Джолдошевичтин каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Кулбеков Абдулло Куралович өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылдык кеңешинин депутаты Сейдалиев Адылет Айтбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ниязов Рашид Сейитбековичке өткөрүп берилди;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айылдык кеңешинин депутаты Жумабеков Жалын Жумабековичтин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Табалдиев Турдубек Омуркалиевичке өткөрүп берилди;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Азизов Бахтияр Хаимовичтин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Султанбеков Эдилбек Жолчубековичке өткөрүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Арзыбаев Рысбек Саламбекович (“Таш-Көмүр жаштары” деп.фракциясы) өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Сапаралиев Азамат Сагынбековичке (“Таш-Көмүр жаштары” деп.фракциясы) өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айылдык кеңешиндеги депутат Тенизбаев Камбарбек Асипбаевич депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Калиев Болотбек Матановичке өткөрүп берилди;
- Чүй облусунун Аламүдүн району районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Мамбеков Азамат Джумабекович өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Уметалиев Совхозбек Куватбекович ке өткөрүлүп берилди;
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү