Башкы Жаңылыктар “Жаштар жана шайлоолор. Шайлоолорго катышуу–келечек үчүн жоопкерчилик!”

“Жаштар жана шайлоолор. Шайлоолорго катышуу–келечек үчүн жоопкерчилик!”

10-Авг, 2018

КР БШК Ысык-Көл облусунда “Жаш-Булак” жаштардын форум-лагеринде катышты.  7-августта Ысык-Көл облусундагы Бөкөнбаев айылындагы Карала-Арча капчыгайында үчүнчү Жаштар форум-лагери ишин баштады, анда Кыргызстандын бардык аймактарынан 300гө жакын жаштары катышууда.
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова “Жаш-Булак” форум-лагеринин төртүнчү күнүндө “Жаштар жана шайлоолор. Шайлоолорго катышуу – келечек үчүн жоопкерчилик!” темасы боюнча башкы спикер катары чыгып сүйлөп, жаш шайлоочуларды шайлоо процессинин баскычтары, шайлоонун жаңы моделинин өзгөчөлүктөрү, добуш берүү процедурасы менен тааныштырды.  Ошондой эле семинарга мазмундуу компоненттер кошулган: Президенттин ыйгарым укуктары боюнча маалымат, добуш берүүнүн купуялуулугу, добуш сатып алууга каршы туруу, ДМЧ шайлоочулардын укуктарына көңүл буруу – “Кошунаңды ала кел!”. 

Мисал катары, катышуучулар арасында "Жаш Булактын" президентин шайлоо өтүп,  АЭҮ колдонулуп, добуш берүү толук түрдө шайлоо мыйзамдарынын сактоо менен жүргүзүлдү. Атайын шайлоо комиссиясы түзүлүп, тогуз талапкер "Жаш Булактын" президенттигине ат салышты. 

Катышуучулар КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабековага өздөрү кызыккан суроолорду берип, жооп ала алышты. Талкуунун жүрүшүндө өлкөнүн 7 облусунун жигердүү жаштары Кыргызстандын шайлоо системасынын маселелеринин кеңири талкууга алды.

Атап айтканда:
-жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жана ЖӨБО башчылыгына талапкерлерге талаптарды белгилөө: шайлоо күрөөсүн киргизүү, жогорку же орто билиминин жана иш стажынын болуусу;
-биргелешкен, анын ичинде талапкерлердин ортосунда дебат түрүндө иш чаралардын санын көбөйтүү, ЖМКнын бардык талапкерлер үчүн бирдей жеткиликтүүлүгү, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө “кара PR” үчүн жоопко тартуу; 
-оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуллугу бар талапкерлерге талаптарды катаалдаштыруу;
-бардык деңгээлдеги шайлоолорду өткөрүүдө абдан курч көйгөй болгон добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту колдонгондук үчүн жоопко тартуу;                                                                                                                             - жергиликтүү кеңештердин ортосунда биргелешкен жолугушууларды жана тажрыйба алмашууларды өткөрүүнүн зарылчылыгы.

Маалымат катары: Форум-лагерь боз үйлөр лагери форматында жана минималдуу ыңгайлуулуктар шартында өтүп жатат.  Иш чаранын максаттарынын бири болуп, катышуучуларга алардын карьерасы жана жекече өсүүсү үчүн керектүү ыктарды үйрөнүүсүнө шарт түзүү болуп эсептелет.  “Жаш-Булак” форум-лагеринин уюштуруучусу болуп, ЮНИСЕФтин жана КРнын Кызыл жарым ай улуттук коомунун колдоосу менен Жаштар иштери, дене тарбия жана  спорт боюнча мамлекеттик агенттиги эсептелет.
“Жаш-Булак” Форум-лагери 6-августтан 12-августка чейин өткөрүлөт.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>