Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Бишкек АШКсы  жарандар К.Умуралиева, С.Антропова жана Р.Биккулованын арызын карап чыкты
07.08.2018

Бишкек АШКсы жарандар К.Умуралиева, С.Антропова жана Р.Биккулованын арызын карап чыкты

Бишкек АШКсы бүгүнкү отурумунда жарандар К.Умуралиева, С.Антропова жана Р.Биккулованын арызын карап чыкты. Алар “Кызыкчылыктардын кагылышы” Мыйзамына таянып, өз арызында А.Суракматовду Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна каттабоону жана Бишкек шаардык кеңешине башка талапкерди көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүүнү суранышкан. Бишкек АШК тарабынан талапкерди каттабоо тууралуу даттанууну канааттандыруудан баш тартуу чечими кабыл алынды.  Ошондой эле Бишкек АШКсы Бишкек шаардык кеңешине, талапкер шайланып калса жана Бишкек шаарынын мэринин кызматын аткарууга киришсе “Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө” Мыйзамга ылайык болушу мүмкүн болгон кызыкчылыктар кагылышуусун башкаруу боюнча зарыл чараларды кабыл алууга сунуш кылды. Ошол эле учурда Бишкек АШКга Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер А.Суракматовдун Бишкек шаарынын калкына кайрылуусу (кайрылууда көрсөтүлгөндөй, Бишкек шаардык кеңешине жана КР БШКга да жөнөтүлгөн) келип түштү. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
"Биздин укук" Коомдук фонду тарабынан тапшырылган 2018-жылдын 1-августундагы тегерек столдун резолюциясында жазылган талаптар боюнча
06.08.2018

"Биздин укук" Коомдук фонду тарабынан тапшырылган 2018-жылдын 1-августундагы тегерек столдун резолюциясында жазылган талаптар боюнча

2018-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Биздин укук” КФнун директору Калича Умуралиевадан кайрылуу келип түшкөн.  Кайрылууда көрсөтүлгөндөй, 2018-жылдын 1-августунда “Парк отелде” “Шаарлардын мэрлерин жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо.  Көйгөйлөр жана чечимдер” темасында тегерек стол болуп өттү.  Арыз берүүчүлөр, “Бишкек шаарынын мэрин шайлоо аракеттеги мыйзамдарды бузуу менен өткөрүлүп жатат.  Бир гана А.Суракматовдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү, анда кызыкчылыктардын кагылышуусу ачык көрүнүп турат” деп эсептешет.  Кайрылуунун тиркемесинде болуп өткөн тегерек столдо кабыл алынган резолюциясы тиркелип, анда төмөнкү талаптар чагылдырылган: 1. “КР Президентинен, КР  Премьер-министринен, КР БШКдан 2018-жылдын 8-августуна дайындалган Бишкек шаарынын мэрин шайлоону жокко чыгаруу суралсын; 2.  КР БШКдан Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун башка күнүн дайындап, ачык, чынчыл жана атаандаштык шайлоо өткөрүүнү камсыздоо суралсын; 3.  КР ЖКдан  депутат К.Бокоевдин шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо боюнча мыйзам долбоорун колдоо суралсын”. Кайрылууну КР БШКнын компетенциясынын алкагында карап чыгып, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ төмөндөгүлөрдү белгилейт: 1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленгендей, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо өзүнчө мыйзам менен аныкталат.  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү алардын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат. 2018-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин №487 буйругу менен Бишкек шаарынын мэри А.И.Ибраимов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишеним көрсөтпөө билдирүүсүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. 2018-жылдын 23-июлунда КР БШКнын №150 токтому менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 8-августуна дайындалды.  “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэри өз кызматынан мөөнөтүнөн бошотулган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун пайда болгондон 10 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоону дайындайт.  Шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу. “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерди көрсөткөн субъект шайлоого чейин 5 жумушчу күн калгандан кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн документтерди берет. Аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсун текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечимди же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимди кабыл алат. 2018-жылдын 26-июлунда Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер кылып Суракматов Азиз Эмильбековичти көрсөттү. Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер көрсөтүүгө укуктуу болгон калган субъекттер (шаардык кеңештин фракциялары, Премьер-министр), өз укугунан пайдаланган жок. Бишкек АШК 2018-жылдын 31-июлундагы чечими менен, А.Суракматов Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер катары катталды, ошол эле учурда Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн талапкердин мыйзамдарда белгиленген талаптарга жооп берүүсү белгиленди. КР БШК Бишкек шаарынын мэрин шайлоону өткөрүүгө даярдоодо аракеттеги мыйзамдардын ченемдерин бузуулар болгон жок деп эсептейт. 2. Кайрылууда келтирилген Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна бир гана талапкер көрсөтүлдү деген жүйө боюнча, КР БШК төмөндөгүлөрдү билдирет: “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнө ылайык, “Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгерде ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет”. “Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер шайланды деп эсептелет.Эгерде: - бир талапкер катталса, ал депутаттардын добуштарынын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт; - эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын албай калса, добуштардын санынын көпчүлүгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт; - экиден ашык талапкерлер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл санын албай калса, добуштардын санынын көпчүлүгүн алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын санынын көпчүлүгүн алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын эң аз тең санын алса, добуштардын санынын көпчүлүгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Ошентип, Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна бир талапкер катталган учурда Бишкек шаарынын мэрин шайлоону өткөрүү мыйзамда каралган. 3. Кайрылууда ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер А.Суракматовдун “кызыкчылыктар кагылышуусу ачык көрүнүп турат, жана бул “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине карама-каршы келет” деп жазылган, бирок, арыз берүүчүлөрдөн далилдөөчү жүйөлөр келтирилген эмес. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кызматчынын жеке (өзүнүн) кызыкчылыгы анын расмий милдеттерин же иш-милдеттерин аткарууга таасир тийгизиши мүмкүн болгон учурларда кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болот, бул жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн. Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу тартиби кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 15-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүндө төмөндөгүлөр белгиленген: 1) Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу кызматтык ишти жүзөгө ашырууда мүмкүн болуучу кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жоопкерчилигин өзүнө алуу боюнча аларга коюлган талаптар, ошондой эле мындай кагылышуунун бар экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү же ачык (оозеки) арызды жогору турган жетекчиге билдирүү аркылуу жүрүп жаткан кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу, кийин кызыкчылыктардын кагылышуусун чечүү жоопкерчилигин ушул жетекчиге өткөрүп берүү менен билдирилет. 2) Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн органдар тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кызматтык ишиндеги мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусун талдоо, кызыкчылыктардын кагылышуусунун бар экендиги жөнүндө ушул адамдардын арыздарын карап чыгуу, кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу же болбосо аныктоо үчүн контролдоо, текшерүүлөр, кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экендиги жөнүндө үчүнчү жактардан келип түшкөн маалыматтарды изилдөө жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу же тийиштүү органдарга маалымдоо жолу менен жүзөгө ашырылат. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр жооптуу болуп саналат: 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар; 2) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчилери; 3) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын этика боюнча комиссиясы; 4) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын персоналды башкаруу кызматы; 5) судьялардын съезддеринин ортосундагы мезгилде иштөөчү судьялык өз алдынча башкаруу органы. Натыйжада, Бишкек шаарынын мэрилигине талапкер А.Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган учурда, мүмкүн болуучу кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча маселе, Бишкек шаарынын мэри өз ишмердүүлүгү боюнча отчет берүүчү орган катары Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралуусу мүмкүн. Жогорудагылардын негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 44-беренелерин, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 25-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун 2018-жылдын 6-августундагы чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Биздин укук” коомдук фондунун кайрылуусунда чагылдырылган 2018-жылдын 8-августуна дайындалган Бишкек шаарынын мэрин шайлоону жокко чыгаруу жана Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун жаңы күнүн дайындоо боюнча  талаптарды канааттандырбоого чечим кабыл алды. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Т.Дж.Уметалиеванын даттануусу боюнча
06.08.2018

Т.Дж.Уметалиеванын даттануусу боюнча

2018-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жаран Уметалиева Токтайым Джумаковнадан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 31-июлундагы №8/3 “Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу тууралуу” чечимин жокко чыгаруу боюнча даттануу келип түшкөн.         2018-жылдын 6-августунда Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун отуруму болуп өттү.  Жумушчу топтун отурумунда Уметалиева Т.Дж., анын ишенимдүү адамдары Камбаров Н.К., Бабакулов А.С., Сабырбеков Б.М, Бишкек АШКнын төрагасы Маматов К.А., КР БШКнын Бишкек АШКдагы атайын өкүлү Турумбеков М. катышышты. Жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө Т.Дж.Уметалиева өз талаптарын толуктады – Бишкек АШКнын төрагасы К.А.Маматовдун ээлеген кызматынын негизги иштеген орду менен шайкештиги маселесин карап чыгуу. 2018-жылдын 31-июлунда Бишкек АШКга Т.Дж.Уметалиева Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке “өзүн өзү көрсөтүү” тартибинде каттоо арызы менен кайрылган. Бишкек АШКгыг 2018-жылдын 31-июлундагы №8/3 чечими менен Т.Дж.Уметалиевага Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартылды. Бишкек АШКнын чечиминде төмөндөгүлөр белгиленген: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, жарандар ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу.  “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.  Ошентип, мыйзамдарда Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө кимдер укуктуу экендиги так көрсөтүлгөн. Т.Дж.Уметалиева Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке “өзүн өзү көрсөтүү” тартибинде каттоо жөнүндө арызы менен кайрылган.  Бирок, Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүдө өзүн өзү көрсөтүү тартиби аракеттеги мыйзамдарда каралган эмес. Бишкек АШКнын жогоруда аталган даттанылган чечими Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык кабыл алынган. 1. Т.Дж.Уметалиева өз даттануусунда көрсөткөндөй, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы конституциялык мыйзам эмес, 4-даражадагы жөнөкөй мыйзам болуп, КР Конституциясынын 52-беренесине карама-каршы келип жатат.  Мындай карама-каршылык болгон учурда жогору турган мыйзамдын укук ченемдерине ылайык чечим кабыл алынат.  Ошондой эле, анын өмүр баяны да “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесине (Бишкек шаарынын мэрине коюлуучу талаптар) туура келет. КР БШК төмөндөгүлөрдү белгилейт, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесине ылайык: мыйзамдар - коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы; укук ченеми (укуктук ченем) - адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери; ченемдик укуктук актынын юридикалык күчү - ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөсү, анда анын тийиштүү коомдук мамилелерге карата милдеттүү түрдө колдонулушу, ошондой эле анын башка ченемдик укуктук актыларга кошо баш ийдирилгендиги аныкталат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинде белгиленгендей, жарандар ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8-бөлүмүндөгү (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу) 112-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары мыйзамда белгиленген тартипте шайланат. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленгендей, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо өзүнчө мыйзам менен аныкталат.  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү алардын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат. “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруусун уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин, алардын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын, мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелерин белгилейт, ошондой эле Бишкек шаарында башкарууну жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, финансылык жана социалдык шарттарын бекемдейт. Ошентип, мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдери Бишкек шаарынын мэрин шайлоону уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт. “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренеси (Бишкек шаарынын мэрин шайлоо) менен шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү тартиби орнотулган.  Аталган Мыйзамдын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу. “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 25-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, ушул Мыйзамда каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болушу мүмкүн. “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамында көрсөтүлгөн талапкерликке көрсөтүү тартибин сактабагандыктан Т.Дж.Уметалиевага Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартылды. КР БШК Бишкек АШКнын 2018-жылдын 31-июлдагы №8/3 Т.Дж.Уметалиеваны Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө кабыл алган чечими аракеттеги мыйзамдардын ченемдерине ылайык келет, жана аны жокко чыгарууга негиз жок деп эсептейт. 2. Т.Дж.Уметалиева өз арызында “Катчы А.Шербинина Бишкек АШКнын мүчөсүбү, анын ыйгарым укуктары барбы?” деп белгилейт. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө ылайык,: Аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат. Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт. Шербинина Ольга Бишкек АШКнын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген талапкерлердин катарында көрсөтүлгөн (Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы №52-токтому). КР БШКнын “Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин түзүү жөнүндө” 2018-жылдын 13-мартындагы №52-токтомуна ылайык ал Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилген.  Бишкек АШКнын 2018-жылдын14-мартындагы №1-чечими менен О.Шербинина Бишкек АШКнын катчысы болуп шайланган. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерине шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат. Ошондуктан, О.Шербинина Бишкек АШКнын чечимине кол коюуга ыйгарым укуктуу болгон. 3. Уметалиева Т. Дж. Бишкек АШКнын төрагасы К.А.Маматовдун ээлеген кызматынын негизги иштеген орду менен шайкештиги маселесин карап чыгууну суранган. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Төмөнкүлөр аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт: 1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; 2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; 3) судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; 4) талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү; 5) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; 6) мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; 7) башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бишкек АШКнын төрагасы К.А.Маматов негизги иштеген жери боюнча “Айыл Банк” ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматында. “Акционердик коомдор жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Акционердик коом (мындан ары - коом) - пайда табуу максаты менен иш жүргүзгөн жана акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен каражаттарды тартуучу юридикалык жак болуп саналат. Мамлекет жана анын органдары коомдун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошол сыяктуу коом да мамлекет менен анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Мындан тышкары, КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ №17 Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде “Айыл Банк” ААКтын төрагасынын кызмат орду көрсөтүлгөн эмес. 2018-жылдын 7-майындагы юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык, “Айыл Банк” ААКтын менчик формасы – жеке менчик. Ошентип, К.А.Маматовдун негизги иштеген жери боюнча кызмат орду Бишкек АШКнын төрагасы статусу менен шайкеш келет, аракеттеги шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт. Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52, 112-беренелерин, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 25-беренелерин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 44-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 22-беренелерин, КР БШКнын 2013-жылдын 26-декабрындагы токтому менен бекитилген “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобонун 14-пунктун, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун 2018-жылдын 6-августундагы Чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 31-июлундагы №8/3 чечимин жокко чыгаруу боюнча Уметалиева Токтайым Джумаковнанын талабын канааттандыруудан баш тартылсын деген чечим кабыл алды. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Чаек жана Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды
06.08.2018

Нарын облусунун Чаек жана Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды

2018-жылдын 6-августунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосун дайындады. Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 30-июлундагы № 47 буйругу менен Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Чилпаков Темирбек Осмоналиевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 30-июлундагы № 07-пр буйругу менен Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Басылбеков Орозобек, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 22-августуна 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал жана Нарын АШКларына тапшырылды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат
05.08.2018

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат

2018-жылдын 5-августундагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоосу болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы №133 Жарлыгы менен, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна, жекшембиге дайындалган. Майдан айылдык кеңешинде 6607 шайлоочудан 2882 добуш берип, булл 43,62 пайызды түздү. Добуш берүү 5 шайлоо участкасында жүрдү. 21 мандаттуу кеңешке 68 талапкер катталган. Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт. Добуш берүүнүн натыйжалары боюнча арыз даттануулар келип түшкөн жок. УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз). КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 6-августунда  өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
05.08.2018

2018-жылдын 6-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 6-август 2018-ж. Убактысы: 15.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө. (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 2. Уметалиева Т. Дж. арызы тууралуу (Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 31-июлундагы чечимин жокко чыгаруу боюнча). (Баяндамачы – М.Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 3. “Биздин укук” коомдук фондунун кайрылуусу тууралуу (2018-жылдын 8-агустуна дайындалган Бишкек шаарынын мэрин шайлоосун жокко чыгаруу жана жаңы шайлоону дайындоо боюнча). (Баяндамачы – М.Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады
05.08.2018

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады. 5 августта саат 20.00гө, шайлоо участкаларынын жабылуу убактысына карата 2882 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 43,62 пайызын түзөт. Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 6607 шайлоочу киргизилген. Добуш берүү 5 участкада өттү (21 мандаттык айылдык кенеш). Добуш берүү бүтүшү менен бардык байкоочулар добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча автоматтык үкөктөрдүн отчетун колдоруна ала алышат, ушул эле отчеттор автоматтык режимде “http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do” сайтына жөнөтүлөт, жана участкалар, шаарлар, айылдык аймактар боюнча бөлүнүп ачык жеткиликтүү көрүүгө мүмкүн. Ошондой эле, байкоочуларга участкадагы шайлоочуларды идентификациялоо боюнча отчет да берилет. Бардык участкаларда добуштарды кол менен эсептөө башталды. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда добуш берүү аяктаары менен башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 36-беренеси). Добуштарды кол менен эсептөө бүткөндөн кийин, кол менен эсептөөнүн протоколунун көчүрмөсү бардык байкоочуларга берилет, протоколдун өзү сканерленип, графикалык көчүрмө катары (идентификация боюнча отчет менен бирге) шайлоо сайтына жөнөтүлөт, кол менен эсептөөнүн маалыматтары шаарлардагы жана райондордогу  аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилгенден кийин сайтка жайгаштырылат. Ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топтун маалыматы боюнча, добуш берүүнүн жүрүшүндө арыздар жана даттануулар келип түшкөн жок. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 20.00 гө карата маалымат
05.08.2018

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 20.00 гө карата маалымат

Шайлоо округунун аталышы Шайлоочулардын саны Саат 20:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Кара-Жыгач шайлоо округу 1 988 792 39.84% Майдан шайлоо округу 1 839 653 35.51% Кароол шайлоо округу 556 363 65.29% Сары-Алтын шайлоо округу 1 177 528 44.86% Исамариям шайлоо округу   1 047 546 52.15% Бардыгы 6 607 2 882 43.62%   КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 17.00 гө карата маалымат
05.08.2018

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 17.00 гө карата маалымат

Шайлоо округунун аталышы Шайлоочулардын саны Саат 17:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Кара-Жыгач шайлоо округу 1 988 631 31.74% Майдан шайлоо округу 1 839 490 26.64% Кароол шайлоо округу 556 324 58.27% Сары-Алтын шайлоо округу 1 177 420 35.68% Исамариям шайлоо округу   1 047 428 40.88% Бардыгы 6 607 2 293 34.71%   КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 13.00 гө карата маалымат
05.08.2018

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 13.00 гө карата маалымат

Шайлоо округунун аталышы Шайлоочулардын саны Саат 13:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Кара-Жыгач шайлоо округу 1 988 448 22.5% Майдан шайлоо округу 1 839 290 15.8% Кароол шайлоо округу 556 217 39.0% Сары-Алтын шайлоо округу 1 177 311 26.4 Исамариям шайлоо округу   1 047 290 27.7% Бардыгы 6 607 1556 23.55% КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 10.00 гө карата маалымат
05.08.2018

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 10.00 гө карата маалымат

Шайлоо округунун аталышы Шайлоочулардын саны Саат 10:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Кара-Жыгач шайлоо округу 1 988 183 9.21% Майдан шайлоо округу 1 839 96 5.22% Кароол шайлоо округу 556 80 14.39% Сары-Алтын шайлоо округу 1 177 107 9.09% Исамариям шайлоо округу   1 047 64 6.11% Бардыгы 6 607 530 8.02%   КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды
05.08.2018

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды

Бүгүн, 2018-жылдын 5-августунда саат 8.00 до Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды. Майдан айылдык кеӊешине 68 талапкер катталды, алардын ичинен 21 депутат шайланат. 5 шайлоо участкалары добуш берүү үчүн ачылды. Бардык участоктор зарыл болгон жабдуулар жана маалыматтык материалдар менен жабдылган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен үзгүлтүксүз электр энергиясы, телефон жана интернет байланыш менен камсыз кылынган. Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 6 607 шайлоочу киргизилген. Тиешелүү сандагы шайлоо бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына даярдалып жана өткөрүлүп берилген. Эскерте кетсек: Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы №133 Жарлыгы менен, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна, жекшембиге дайындалган. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 5-августуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү
04.08.2018

2018-жылдын 5-августуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү

Бүгүн, 2018-жылдын 4-августунда, 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү. Майдан айылдык кеӊешине 68 талапкер катталды, алардын ичинен 21 депутат шайланат. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча бардыгы болуп 11 шайлоочудан арыз түшкөн болсо, анын ичинен - 10 шайлоочу добуш берди, бирөөсү шайлоочулардын тизмесинен чыкпаганына байланыштуу добуш бере алган жок. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы №133 Жарлыгы менен, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна, жекшембиге дайындалган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 5-августуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү башталды
04.08.2018

2018-жылдын 5-августуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү башталды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү башталды. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча бардыгы болуп 11 шайлоочудан арыз түшкөн. Майдан айылдык кеӊешине 68 талапкер катталды, алардын ичинен 21 депутат шайланат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы №133 Жарлыгы менен, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна, жекшембиге дайындалган.   КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты КР БШКнын Москва АШКдагы атайын өкүлү Тойаалы Кыдыралиевдин агасы дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгырып көңүл айтат
02.08.2018

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты КР БШКнын Москва АШКдагы атайын өкүлү Тойаалы Кыдыралиевдин агасы дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгырып көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясысынын мүчөлөрү жана аппарат кызматкерлери Москва АШКнын атайын өкүлү Тойаалы Кыдыралиевдин агасы Бердалы Кыдыралиев дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бердалы Кыдыралиевдин үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына оорду толгус жоготуусун тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү АШКнын чечимдерин бектитти
31.07.2018

КР БШКсы жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү АШКнын чечимдерин бектитти

2018-жылдын 31-июлунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Ата, Жумгал, Алай, Аксы жана Сузак АШКнын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айылдык кеңешинин депутаты Абдуллаев Махамеджан Абдулкасымович өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Дүйшекеева Замира Карагуловнага өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Жумгал районунунун Чаек айылдык кеңешинин депутаты Жээнбекова Гульжан Жумакадыровна өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Биялиев Даир Советовичке өткөрүлүп берилди; -Ош облусунун Алай районунунун Алай айылдык кеңешинин депутаты Эрматов Куштарбек Тогузбаевич өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Назарбаев Нуралы Айдаралиевичке өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Аксы районунунун Авлетим айылдык кеңешинин депутаты Аликеев Каныбек Анарбековичтин каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер - Ажыбаев Абдыгапар Абдыразаковичке өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Аксы районунунун Авлетим айылдык кеңешинин депутаты Назаралиев Жолдошбек Кожобекович каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Добутова Анаркан Кубатбековнага өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Сузак районунунун Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты Султанов Каныбек Токоевич өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Абдраимов Таалайбек Исраиловичке өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Сузак районунунун Таш-Булак айылдык кеңешинин депутаты Бурханов Тайчиходжа Шамсаидович өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Юнусов Эргашходжа Ибрагимовичке өткөрүлүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 371 373 … 483