2018-жылдын 13-августунда Орок, Шадыкан жана Бору-Баш айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

13 августа 2018

2018-жылдын 13-августунда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.

Натыйжада:

- Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 21 добуш алган Чоодуев Уран Казымбекович шайланды. Орок айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, бардык 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган;

- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 8 добуш алган Ызабеков Медеркул Сагынбекович шайланды. Бардыгы болуп, Шадыкан айылдык кеңешинде 11 депутат бар, 10 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 9 добуш алган Шаршеев Урмат Бактыбекович шайланды. Бардыгы болуп, Бөрү-Баш айылдык кеңешинде 11 депутат бар, 10 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү