Башкы Жаңылыктар 2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы жактырылды

2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы жактырылды

13-Авг, 2018

13-августта, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин VII жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын катышуучулары 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын долбоорун талкуулашты.  Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоору каралды.

Экинчи маселе боюнча баяндамачы болуп, КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Кармабековна Шайлдабекова чыгып сүйлөп, 2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарынын өркүндөтүүнүн Стратегиясы жөнүндө айтып берди.

2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн сунушталып жаткан Стратегиясы, максаттарды жана аларга жетүү жолдорун ар тараптуу, комплекстүү тандоону көрсөтөт; мыйзамдарга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн тышкары ошондой эле айрым иштиктүү чараларды, жана пландалган мезгилде жетишилүүчү максаттардын индикаторлорун өз ичине алган ишмердүүлүктүн, иш-чаралардын негизги максаттарын туюндурган документ болуп эсептелет.

Стратегия Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында өткөрүлгөн ачык, кеңири коомдук талкуулардын негизинде иштелип чыккан.

Стратегияны иштеп чыгуунун баштапкы чекити болуп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын өздөрүнүн шайлоого жана шайланууга болгон конституциялык укугун ишке ашырууга тең жана тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга тоскоол болуп жаткан, чечилүүгө тийиш болгон көйгөйлөрдү идентификациялоо болду.

Көйгөйлөр аракеттеги шайлоо мыйзамдарына, укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзүүнүн, өткөрүлгөн бардык деңгээлдеги  шайлоолорду талдоолордун, ошондой эле жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын мониторинг боюнча миссиялары иштеп чыккан отчеттордо камтылган сунуштардын негизинде идентификацияланды.

Талдоонун жана өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыгы боюнча шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүү боюнча негизги максаттар, багыттар жана иш чаралар иштелип чыкты, алар жыйындысында Стратегиянын төмөнкү негизги концептин көрсөттү:

- шайлоолордун типтерин (парламенттик жана шаардык шайлоолор пропорционалдуу, айылдык – мажоритардуу, ЖӨБО шайлоо – кыйыр бойдон калат) кардиналдуу өзгөртпөстөн,  шайлоо системасын реформалоонун позитивдүү жетишкендиктеринин (шайлоолордун ишенимдүүлүгү, айкындыгы жана атаандаштыгы)  туруктуулугуна жетишүү;

- мыйзам чыгаруу чаралары жана жарандык окутуу системасы аркылуу шайлоо учурундагы укуктук мамилелердеги болгон жетишпестиктерди четтетүү;

- шайлоону уюштурууну жана бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу, шайлоолордун технологиялык камсыздалуусун жана коопсуздугун жогорулатуу.

Стратегиянын артыкчылыктуу багыттары болуп, төмөнкүлөр эсептелет: шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуунун механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле шайлоо боюнча мыйзамдарды бузуулар менен алар менен күрөшүү механизмдерин, жарандардын укуктук маданиятынын деңгээлин жана алардын маалыматтуулугун көтөрүү, жарандардын, алардын ичинде аялдардын, ДМЧА, чет өлкөгө убактылуу барган жана ал жерде жашаган жарандардын, башка кээ бир категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу, парламентаризмди бекемдөө, ошондой эле жер-жерлерде шайлоо комиссияларынын иштеринин натыйжалуулугун жана алардын дараметин жогорулатуу.

Ушул артыкчылыктуу багыттар менен байланышкан максаттарга жетишүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана аларды кабыл алуу түрүндө ишке ашырыла турган чаралардын комплексин ишке ашырууну талап кылат. Алар шайлоо учурунда шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик чараларын күчөтүп, шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана шайлоолорго бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча өткөрүлүп жаткан реформаларды коомчулук менен талкуулоо процессинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активдүү бирге аракеттешүүсүн талап кылат.  Стратегияда чагылдырылган, жогоруда аталган бардык чаралар пландаштырылган реформанын негизги натыйжасына – жарандардын шайлоолорго ишенимин арттырууга көмөктөшүүсу зарыл.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеши тарабынан 2018-2020-жылдарга КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планын, айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жактыруу тууралуу чечим кабыл алынды.

Стратегия боюнча иштер төмөндөгүдөй бүткөрүлүүсү керек:

- Стратегиянын алкагында мыйзамдарды өзгөртүү боюнча сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизүү.

- Жогороку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорлорунун пакетинин 2019-жылдын күз мезгилинен кечиктирбестен, б.а. 2020-жылдагы шайлоолордон бир жыл мурда кабыл алынуусу (долбоорлор ырааттуу түрдө 2018-жылдын июнунан, андан кийин негизги пакет – 2018-жылдын июлунда, Партиялар жөнүндө жаңы долбоор – 2018-жылдын күзүндө киргизилет),

- БШК жана мамлекеттик органдар тарабынан шайлоо процессин жана комиссиялар системасын, жарандык билим берүү уюмдарын оптимизациялоо боюнча чараларды көрүү.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>