Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди
30 августа 2018
2018-жылдын 30-августунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 22-августа Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Осмонова Анара Дуйшеналиевна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Нарын аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
