КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

30 августа 2018

2018-жылдын 30-августунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Талаа, Сокулук, Жайыл жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А.Алиевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Өмүровага өткөрүлүп берилди;

-Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылдык кеңешинин депутаты Н. Сыдыгалиева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Б.Саргуловго өткөрүлүп берилди;

- Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңешиндеги “Элдик-Народная” партиясынан депутаты М. Иманбекова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Р.Джолдошбаевге өткөрүлүп берилди;

- Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңешиндеги “Элдик-Народная” партиясынан депутаты Б. Байболотова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – М.Мураталиевге өткөрүлүп берилди;

-Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылдык кеңешинин депутаты Р. Султанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Ш.Тиллобаевге өткөрүлүп берилди;

-Баткен облусунун Лейлек районундагы Сумбула айылдык кеңешинин депутаты Д. Артыкбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т.Курбаналиевге өткөрүлүп берилди;

-Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаты М. Исманов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Разыковго өткөрүлүп берилди.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү