Башкы Жаңылыктар Эл аралык эксперт Павел Кабаченко БШКнын түзүмдөрүнүн жана …

Эл аралык эксперт Павел Кабаченко БШКнын түзүмдөрүнүн жана МККнын ишмердүүлүгүнө мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына келди

14-Сен, 2018

Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун (IFES) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн чакыруусу менен, мурда жетишилген келишимдерге ылайык, БШКнын түзүмдөрүнүн жана МККнын ишмердүүлүгүнө мониторинг жана баа берүүнү жүргүзүү үчүн, эл аралык эксперт Павел Кабаченко Кыргыз Республикасына келди.

Эске сала кетчү нерсе, 2018-жылдын 26-апрелинде Кишинёв шаарында эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосунда шайлоолорду жана референдумдарды уюштурууну өркүндөтүү, заманбап маалымат системаларын жана технологияларын колдонуу, шайлоону уюштуруучуларга жана шайлоочуларга жарандык билим берүү жана аларды электрондук окутуу жаатында, ошондой эле шайлоолордун башка тармактарында тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Меморандумга кол коюлган.

Эл аралык эксперттин Кыргыз Республикасындагы иш сапарынын программасынын алкагында, 14-сентябрда КР БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын Павел Кабаченко, IFESтин Кыргызстандагы расмий өкүлдөрү Рената Левовски жана Александр Орехов менен жолугушуусу болуп өттү.     

 Жолугушуунун жүрүшүндө, Молдова БШКнын Шайлоо жаатында үзгүлтүксүз билим берүү борборунун директору П.Кабаченко шайлоо процессине тартылган бардык адамдарды кесипкөйлүк даярдоо процессинде инновациялык мамилелерди колдонуу боюнча ЦНОИСтин ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.  Ал айткандай, ЦНОИСтин негизги максаты болуп, Молдовада шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө тартылган шайлоо тармагындагы бардык адамдарды окутуу, алдыңкы тажрыйбаны үйрөтүү эсептелет.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде болуп, тараптар окутуу борборлорунун иштери боюнча кызыккан суроолорун беришти. КР БШК менен Молдова БШКнын кызматташтыгынын багыттарынын бири болуп, жарандык билим берүүнү өнүктүрүү эсептелет.  КРдагы жарандык билим берүүнүн (Жарандык билим берүү борбору түрүндө институционалдаштыруу аркылуу) негизги максаттары болуп, Кыргызстандын элинин бай мурастарына жана заманбап демократиялык принциптерге негизделген билимди, ыкмаларды жана жалпы жарандык баалуулуктарды жана ориентирлерди адатка айландыруунун негизинде жарандык компетенттүүлүктү, демократиялык маданиятты, өлкөнүн саясий турмушунда конструктивдүү катышуу ыкмаларын түзүү жана өнүктүрүү болуп эсептелет.

Н.Шайлдабекова белгилегендей, бул борбор мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын жарандардын маалыматтуулугун жогорулатуу, демократияны  жана укуктук мамлекетти чыңдоого багытталган бардык долбоорлору үчүн талкуу аянтчасы болуп калуусу мүмкүн.  Борбор ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылуучу реформалоо боюнча түрдүү долбоорлордун маалыматтык-түшүндүрүү жана окутуу компоненттерин да аткаруусу мүмкүн.  Жарандык билим берүү борборун ишке киргизүү 2019-жылдын башына пландалууда.

Андан тышкары, П.Кабаченконун иш сапарынын алкагында, КР БШКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөнкү темалар боюнча презентацияларды жасашты:

- Кыргыз Республикасында шайлоо реформалары жана шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү милдеттери;

-  КР БШКнын расмий сайты;

- шайлоо процессин башкаруу.

Эл аралык эксперт П.Кабаченконун Кыргыз Республикасында болгон убагында КР БШКнын Окуу борбору жана шайлоо процессинин катышуучулары менен бирге аракеттенүү пландаштырылды.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>