Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын делегациясы МКТнын негизинде шайлоолорду башкаруу боюнча …

Кыргыз Республикасынын делегациясы МКТнын негизинде шайлоолорду башкаруу боюнча атайын окуу программасына катышып келди

28-Авг, 2018

Шайлоолордогу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) жаатында электоралдык билимге, тажрыйбага ээ болуу жана стратегияны иштеп чыгуу максатында, КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова баш болгон КРнын делегациясы, Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын  (A-WEB) чакыруусу боюнча МКТнын негизинде шайлоолорду башкаруу боюнча атайын окуу программасына катышып келди.

Бул программада Кыргыз Республикасынын, Грузиянын, Монголиянын, Өзбекистандын жана Украинанын делегациялары катышты.  Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына төмөндөгүлөр кирди: КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери, КРнын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы жана КР Өкмөтүнүн алдындагы МККнын “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери.

Окуу программасы эки тайпага бөлүндү:

- МКТнын негизинде шайлоолорду башкаруу боюнча кызмат адамдары үчүн атайын окуу программасы (19-24-август),

-  МКТнын негизинде шайлоолорду башкаруу боюнча эксперттер үчүн атайын окуу программасы.

Бул окуу программалары шайлоолордо МКТны колдонуу жана аны кеңейтүү боюнча орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү стратегиялар үчүн катышуучулардын жекече темаларын чечүүгө багытталган.  Жетекчилер үчүн, программада негизги көңүл шайлоолордогу МКТ боюнча саясий чечимдерге бурулат.

Окуу программасынын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасында шайлоо реформаларына жетүү жана андагы ийгиликтер, жана шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү” темасындагы презентация менен КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова чыгып сүйлөп, шайлоолорду жаңы технологияларды колдонуу менен өткөрүүдөгү Кыргыз Республикасынын иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

Иш жүзүндө тааныштыруу максатында КР БШК Кыргыз Республикасынданы шайлоо жана референдумдарда колдонулуучу жабдууларды (АЭҮ, идентификациялык жабдуу), добуш берүү үчүн бюллетендерди, шайлоого байланыштуу шайлоо мыйзамдарын жана башка материалдарды өз ичине алган жол көрсөткүчтөрдү катышуучуларга көрсөтүштү.

Программанын алкагында төмөнкүдөй темаларда лекциялар угулду:

- МКТны шайлоо процессине киргизүү режими жана шайлоолорго МКТны киргизүү максатындан милдеттерди жана стратегияларды белгилөөнүн конкреттүү мисалдары, саясатты жакшыртуу планы, шайлоолордо МКТны колдонууну тематикалык изилдөө;

- шайлоолор жаатындагы инновациялар жана тобокелдиктерди башкаруу.

Ошондой эле, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эксперттер үчүн төмөнкүдөй темалар боюнча окуу программасы каралган:

- “Маалыматтык коопсуздукдун статусу жана зарылчылыгы”, “UNIX,Windows серверлеринин коопсуздугун жогорулатуу”.

- “Android” үчүн зыян келтирүүчү программалардын анализи”.

Окутууну өткөргөндөр: Кореянын Гунянг университетинин профессору Гун Сан Ча мырза, “Nobiz” маалыматтык системасын коргоо боюнча кореялык компаниялардын директору Чак Сун Джун мырза, “Molzen-Korea” компаниясынын директору Чул Хи Но мырза, “STUnitas” компаниясынын инновация боюнча эксперти Чак Чук Джин мырза.

Маалымат катары: Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы 2013-жылда түзүлүп, шайлоолорду өткөрүү боюнча билимдерди, маалыматтарды жана тажрыйбаларды алмашуу, жана билим берүү жана кесиптик даярдоо аркылуу шайлоо процесстерин башкарууда катышкан адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында бүткүл дүйнөдөгү шайлоо органдарынын арасында байланыш тармагын түзүү үстүндө иш алып барууда. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2013-жылдан бери A-WEBдин мүчөсү.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>