Шайлоо мыйзамдарын бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу максатында, КР БШК Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 Токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө”, “Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.
- “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: 9-пункттун төртүнчү пунктчасында “документтер” сөзү “эмгек китепчесинин жана жогорку билими жөнүндө дипломунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү” сөздөрү менен алмаштырылды;
- “Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: 9-пункттун төртүнчү пунктчасында “документтер” сөзү “эмгек китепчесинин жана жогорку билими жөнүндө дипломунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү” сөздөрү менен алмаштырылды.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү