Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн Кыргыз Республикасынын үч жараны арыздарын кайтарып алды
Кыргыз Республикасынын үч жараны–М.Иманкулов, С.Султанидинов жана Б.Дегенбаев Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигин чакыртып алды.
2017-жылдын 24-августунда карата Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин саны 47 адамды түздү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Келдибековдун кол тамгалары келип түштү
Бүгүн, 2017-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ахматбек Келдибеков Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 53 827 кол коюлган барактарды тапшырды. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу 10 күндүн ичинде кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, КР Президенти кызматына талапкерди колдогон кол коюлган барактар 2017-жылдын 26-августуна чейин тапшырылууга тийиш экендигин БШК эске салат.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Ташиевдин кол тамгалары келип түштү
Бүгүн, 2017-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 45 498 кол коюлган барактарды тапшырды. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу 10 күндүн ичинде кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, КР Президенти кызматына талапкерди колдогон кол коюлган барактар 2017-жылдын 26-августуна чейин тапшырылууга тийиш экендигин БШК эске салат.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын Райондор аралык соту КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Президенттинин кызматына талапкер Ө. Текебаевдин кол коюу барактарын анык эмес деп табуу жөнүндө чечимин күчүндө калтырды
Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда Бишкек шаарынын Райондор аралык соту КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Жолдошбековдун, каржылоо тартиби бузулгандыгына байланыштуу талапкер Ө.Текебаевдин кол коюу барактарын анык эмес деп табуу жөнүндө 2017-жылдын 17-августундагы №48 чечимин мыйзамсыз деп табуу тууралуу арызын канааттандырудан баш тартты.
Доогер жана жоопкер тарабынан берилген далилдерди жана материалдарды иликтеп чыгып, Райондор аралык сот КР БШКнын 17-августундагы талапкер Ө.Текебаевди колдоо үчүн 38 643 санда чогулутулган колдорду каржылоо тартиби бузулгандыгына байланыштуу анык эмес деп табуу жөнүндө 2017-жылдын 17-августундагы чечимин колдоду.
Эксерте кетсек, 7-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 38 643 сандагы колдорду камтыган талапкер Ө.Текебаевдин кол коюу барактары келип түшкөн.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, “талапкерлерге шайлоочулардын колун чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат”.
Ушул эле конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, кол коюу барактар талапкер тарабынан жеке шайлоо фондусунун каражаттарынын эсебинен даярдалат: шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн: 1) уюштуруу-техникалык чараларды, анын ичинде талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган чараларды каржылоого.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого шайлоочулардын колдорун чогултуунун жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген кол коюу барактарында коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнүн тартиби жөнүндө” 14.07.2017 №158 Нускаманын V главасынын 57-пунктунун 3-абзацына ылайык, “кол коюу барактарын даярдоого талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөнгөн күнгө чейин чогултулган шайлоочулардын бардык колтамгалары ишенимсиз деп табылат”.
КР БШКнын кол коюу барактарды текшерүү боюнча жумушчу тобу 2017-жылдын 18-июнунан 17-августуна чейин талапкердин шайлоо фондусунун эсебине акча каражаттар түшкөн эместигин жана чыгымдалбагандыгын аныктаган, бул «РСК Банк» ААКнын 2017-жылдын 17-августундагы чыг. № 16-04/4726 каты менен тастыкталат. Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-августта финансылоо тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешевичти колдоо үчүн чогултулган 38 643 сандагы шайлоочулардын колтамгасын анык эмес деп табуу тууралуу чечимин кабыл алган.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
2017-жылдын 23-августунда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республиканын Президенти кызматына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Б.Төрөбаевди каттоо маселеси каралды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ыйлайык, КР Президенти кызматына талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырат:
-Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;
-өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;
-паспорттун көчүрмөсүн;
-иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
-шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;
-мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.
Талапкер Б.Төрөбаев КР Борбордук шайлоо комиссиясына 72 276 кол тамгаларды тапшырды, кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ 67 976 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген.
КР БШКнын 2017-жылдын 23-августундагы №362-токтомуна ылайык Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Н.Кутманов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Кутманов Нурболот Осмоновичтен арыз түшкөн.
Борборшайлооком келип түшкөн документтин негизинде, КРдин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алып, КРдин “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык анын кайрылуусун канааттандырууну чечти.
Ошондой эле КР БШК ““Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо тууралуу” 2015-жылдын 3-сентябрындагы №68-чечминин, Н.О.Кутмановду каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп тапты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Мадумаров жана А.Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
2017-жылдын 23-августундагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Мадумаров жана А.Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо тууралуу токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп:
Канбутаева Бузайнаб Маматкуловна;
Абдираимова Гулжахан;
Калыкова Айсулуу Шайлообековна катталды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Келдибековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп,
Баялиев Салимбек Шейшенович катталды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С.Жээнбеков, А.Мадумаров, Т.Акундун өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту
2017-жылдын 23-августунда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С.Жээнбеков, А.Мадумаров, Т.Акундун өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
Орозбакова Гульмайрам Садыровна;
Рыскулова Камиля Акматовна;
Мендешева Жумагул Токтоналиевнанын ыйгарым укуктары токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
Полотов Мирлан Шамшиевичтин ыйгарым укуктары токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Акундун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
Элдияр кызы Мээрим;
Жолдошов Мидин Кыялбекович;
Төрөгелдиев Токтобай Акыевич;
Мундуков Доктурбай Бейшебаевич;
Экширбаев Анарбек Алимжановичтин ыйгарым укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
23-августта КРдин шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Э. Зарлыковдун кол тамгалары келип түштү
Бүгүн, 2017-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Эрнис Зарлыков Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 50 568 кол коюлган барактарды тапшырды. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу 10 күндүн ичинде кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген колтамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын колтамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.
БШК Кыргыз республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, КР Президенти кызматына талапкерди колдогон кол коюлган барактар 2017-жылдын 26-августуна чейин тапшырылууга тийиш экендигин эске салат.
БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
23.08.2017
Борборшайком бүткүл республика боюнча техникалык колдоо тобунун адистерин окутууну өткөрөт
2017-жылдын 23-28-августунда КР БШК Кыргыз Республиканын 7 облустук борборунда автоматтык-эсептөө урнасынын (АСУ) жана идентификация жабдууларынын 500 адисин окутууну өткөрөт.
500 адис тестирлөө күнүндө жана добуш берүү күнүндө АСУ операторлоруна техникалык колдоо көрсөтөт. Андан ары ошол техникалык топтон аймактардагы автоматтык саноо урнасынын операторлорун окутууга 120 тренер тандалып алынат.
Окутууну Түндүк Кореядан атайын билим алган, шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын (ВАИО) тийиштүү сертификатына ээ болгон БШКнын системдик 10 администратор-адистери өткөрөт.
Добуш берүү күнү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан участкалык шайлоо комиссиясына АСУнун техникалык проблемаларын чечүүгө техникалык колдоо тобунун адистерине автотранспорт каражаттары бөлүнөт.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
23-августта КРдин шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун кол тамгалары келип түштү
Бүгүн, 2017-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 57 018 кол коюлган барактарды тапшырды. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу 10 күндүн ичинде кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген колтамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын колтамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.
БШК Кыргыз республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, КР Президенти кызматына талапкерди колдогон кол коюлган барактар 2017-жылдын 26-августуна чейин тапшырылууга тийиш экендигин эске салат.
БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
22-августта КРдин шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А. Мадумаровдун кол тамгалары келип түштү
Бүгүн, 2017-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 43 871 кол коюлган барактарды тапшырды. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу 10 күндүн ичинде кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген колтамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын колтамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.
БШК Кыргыз республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, КР Президенти кызматына талапкерди колдогон кол коюлган барактар 2017-жылдын 26-августуна чейин тапшырылууга тийиш экендигин эске салат.
БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу отчету
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун 2017-жылдын 21-августуна карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу маалыматы.
Кара-Суу ш.
Саясий партиялар
Түштү
Чыгымдалды
Калдыгы
1
Өнүгүү-Прогресс
151 500
136 340
15 160
2
КСДП
178 500
143 458
35 042
3
Мекеним Кыргызстан
20 200
20 020
180
4
Бир Бол
20 500
20 020
480
5
Республика
81 000
25 100
55 900
6
Кыргызстан
92 500
91 150
1 350
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каржаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 21-августуна карата маалыматы
Талапкер
Түштү
Чыгымдалды
Калдыгы
1
Муратбекова З.А.
391
-
391
2
Карасартова Р.Р.
57 180
21 118
36 062
3
Шаршекеева К.Д.
223 040
147 848
75 192
4
Чороев К.А.
267 580
265 444
2 136
5
Масадыков Т.Ш.
1 336 700
1 100 760
235 940
6
Абдылдаев А.Б.
1 015 000
915 000
100 000
7
Сариев Т.А.
6 500 000
6 173 052
326 948
8
Бабанов О.Т.
32 000 000
23 846 634
8 153 366
9
Малиев А.К.
4 259 800
802 003
3 457 797
10
Жээнбеков С.Ш.
29 250 000
1 980 128
27 269 872
11
Абрахманов С.У.
40 000
15 000
25 000
12
Турсунбек Акун
134 000
132 125
1 875
13
Кочкоров У.Т.
333 800
260 258
73 542
14
Джунусов Р.Э.
35 000
11 040
23 960
15
Бекназаров А.А.
426 600
285 957
140 643
16
Уметалиева Т.Д.
629 875
200 000
429 875
17
Масалиев И.А.
100 000
17 000
83 000
18
Ташиев К.К.
50 000
23 992
26 008
19
Келдибеков
27 985
23 552
4 433
20
Торобаев Б.Э.
2 680 000
2 348 865
331 135
21
Зарлыков Э.З.
410 000
49 990
360 010
22
Исаев К.К.
77 000
28 943
48 057
23
Шайымбетов К.О.
20 000
12 020
7 980
24
Кожогулов Т.А.
1 015 500
1 005 080
10 420
25
Мадумаров А.К.
103 000
102 959
41
26
Асанбеков Т.И.
15 000
14 120
880
27
Абыкулов С.С
45 000
7 000
38 000
28
Абышев А.М.
1 000
-
1 000
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандыктар өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырууну уланта берсе болот
Добуш берүүгө укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулардын тизмесине катталуу үчүн 30-сентябрга чейин өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшыра берсе болот.
КР Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардан биометрикалык маалыматтарды кабыл алууну республика боюнча ТИРКЕМЕДЕ көрсөтүлгөн биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу пункттарында кабыл алат.
16-августан баштап, “Өзүңдү шайлоочулардын тизмесинен текшер!” аттуу улуттук маалыматтык кампания башталды. Ар бир кыргызстандык 30-сентябрга чейин өзүнүн жеке маалыматтарын тактап алат.Тизме Борборшайлоокомдун сайтында https://shailoo.srs.kg/. жайгаштырылган.
Эгерде, шайлоочу өзүнүн маалыматтарында катаны, так эмести же өзүн тизмеден таппай калса, өзүнүн участкасына барып, шайлоо комиссиясына №3 формасында арыз жазуусу керек.
Эгерде, шайлоочу башка шайлоо участкасында добуш берип калса, 30-сентябрга чейин (катталган жери эмес, шайлоо дареги боюнча) демейдегидей эле тийишелүү шайлоо участкасына барып, №2 формасындагы арыз толтуруп, шайлоо комиссиясына кайрылуу керек.
Кыргызстандыктар менен дайыма байланышта болуучу WhatsАpp каналы: +996 770-660 240 жана коомдук кабылдама иштеп жатат. Тел.:0(312) 660 240. Дайыма катарыңда! Дайыма байланышта!
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабановдун өкүлүнүн ыйгарым укуктары токтотулду
2017-жылдын 21-августундагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабановдун өкүлү Дыйканбаев Уланбек Ыдырысовичтин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти