Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды

23 августа 2017

2017-жылдын 23-августунда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республиканын Президенти кызматына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Б.Төрөбаевди каттоо маселеси каралды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ыйлайык, КР Президенти кызматына талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырат:

-Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;

-өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;

-паспорттун көчүрмөсүн;

-иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

-шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;

-мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.

Талапкер Б.Төрөбаев КР Борбордук шайлоо комиссиясына 72 276 кол тамгаларды тапшырды, кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ 67 976 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген.

КР БШКнын 2017-жылдын 23-августундагы №362-токтомуна ылайык Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү