Бишкек шаарынын Райондор аралык соту КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Президенттинин кызматына талапкер Ө. Текебаевдин кол коюу барактарын анык эмес деп табуу жөнүндө чечимин күчүндө калтырды

23 августа 2017

Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда Бишкек шаарынын Райондор аралык соту КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Жолдошбековдун,  каржылоо тартиби бузулгандыгына байланыштуу талапкер Ө.Текебаевдин кол коюу барактарын анык эмес деп табуу жөнүндө 2017-жылдын 17-августундагы №48 чечимин мыйзамсыз деп табуу тууралуу арызын канааттандырудан баш тартты.

Доогер жана жоопкер тарабынан берилген далилдерди жана материалдарды иликтеп чыгып,  Райондор аралык сот КР БШКнын 17-августундагы талапкер Ө.Текебаевди колдоо үчүн  38 643 санда  чогулутулган колдорду каржылоо тартиби бузулгандыгына байланыштуу анык эмес деп табуу жөнүндө 2017-жылдын 17-августундагы чечимин колдоду.

Эксерте кетсек, 7-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 38 643 сандагы колдорду камтыган  талапкер Ө.Текебаевдин кол коюу барактары келип түшкөн.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, “талапкерлерге шайлоочулардын колун чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат”.

Ушул эле конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, кол коюу барактар талапкер тарабынан жеке шайлоо фондусунун каражаттарынын эсебинен даярдалат: шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн: 1) уюштуруу-техникалык чараларды, анын ичинде талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган чараларды каржылоого.

 “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого шайлоочулардын колдорун чогултуунун жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген кол коюу барактарында коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнүн тартиби жөнүндө” 14.07.2017 №158 Нускаманын V главасынын 57-пунктунун 3-абзацына ылайык, “кол коюу барактарын даярдоого талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөнгөн күнгө чейин чогултулган шайлоочулардын бардык колтамгалары ишенимсиз деп табылат”. 

КР БШКнын кол коюу барактарды текшерүү боюнча жумушчу тобу 2017-жылдын 18-июнунан 17-августуна чейин  талапкердин шайлоо фондусунун эсебине акча каражаттар түшкөн эместигин жана чыгымдалбагандыгын аныктаган, бул «РСК Банк» ААКнын 2017-жылдын 17-августундагы чыг. № 16-04/4726 каты менен тастыкталат. Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-августта финансылоо тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешевичти колдоо үчүн чогултулган 38 643 сандагы шайлоочулардын колтамгасын анык эмес деп табуу тууралуу чечимин кабыл алган.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү