Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргызстандын жашоочулары  Борборшайлоокомдун  WhatsApp каналын активдүү колдоно башташты
21.08.2017

Кыргызстандын жашоочулары Борборшайлоокомдун WhatsApp каналын активдүү колдоно башташты

2017-жылдын 16-августунан баштап,  Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссияда кыргызстандыктар менен дайыма байланышта боло турган WhatsApp каналы ачылган.  Беш күндүн ичинде +996 770 660 240 номерине жүздөн ашуун суроо келип түштү. Кайрылгандар көбүнчө: -каттоодо турбаган жерден добуш берүү; -республикадан тышкары жерлерден добуш берүү; -шайлоочулардын тизмесинен жеке маалыматтын текшерүү жөнүндө суроолор келип түшүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын  (ММК) ишмердиги боюнча да көптөгөн суроолор келип, алар оперативдүү түрдө  МККнын маалымат борборуна берилет. Ошондой эле Борборшайлоо комиссиясынын ишмердиги менен байланышпаган  суроолор да түшүүдө. Мисалы, жер участогун бөлүп берүү же пенсияны көбөйтүү тууралуу. WhatsApp каналы менен шайлоо процессине байланышкан гана суроолор менен кайрылуу керек экендигин  эске салабыз. Ошондой эле коомдук кабылдама да  иштеп жатат, тел.( 0312)  660 240. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Э. Төрөбаевдин  кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун протоколун бекитти
21.08.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Э. Төрөбаевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун протоколун бекитти

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б. Төрөбаевдин  ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жарандардын 72 276 колдору  түшкөн. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундуларына ылайык 860 кол ишенимсиз жана жараксыз болуп табылган.  Бул кабыл алынган колдордун санынан 4300дү түздү.   Кол коюлган барактарды текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, 67976 колдор анык деп табылды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз  Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. Таласбаеванын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
21.08.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. Таласбаеванын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

2017-жылдын 21-августунда КР  БШК  Кыргыз Республикасынын Президенти  кызматына талапкер  Т.Таласбаеванын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо тууралуу токтом кабыл алды. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Таласбаеванын  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  болуп, Данияр Таласбаев катталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
21.08.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды

2017-жылдын 21-августунда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республиканын Президенти кызматына “Кыргызстан-социал демократиялык партиясынан”  көрсөтүлгөн  талапкер С.Ш. Жээнбековду  каттоо маселеси каралды. КРдин «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин талабына ыйлайык, КР Президенти кызматына талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырат: -Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун; -өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин; -паспорттун көчүрмөсүн; -иштеген же окуган жеринен маалымдаманы; -шайлоо  күрөөсүн  төккөнүн  ырастоочу документти; -мамлекеттик  тилди билүү  деңгээли  тууралуу сертификат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер C.Ш. Жээнбеков  КР Борбордук шайлоо комиссиясына анын талапкерлигин колдогон  49779 шайлоочунун колдору коюлган баракчаларды тапшырды, кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу алардын ичинен   45969 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген. КР БШКнын 2017-жылдын 21-августундагы №359-токтомуна ылайык С.Ш. Жээнбеков  Кыргыз  Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Б.М.Керимбековдун арызын канааттандыруудан баш тартты
18.08.2017

КР БШК Б.М.Керимбековдун арызын канааттандыруудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2017-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Б.М.Керимбековдон Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы “Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” № 11/1 чечимин бекитүү тууралуу” № 331 токтомун жокко чыгаруу боюнча арызы түшкөн. Б. Керимбековдун арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ (мындан ары –Жумушчу топ)  төмөнкүлөрдү белгилейт: Бул токтом КР БШКнын расмий сайтына 2017-жылдын 7-августунда жайгаштырылып, «ЭркинТоо» газетасынын 2017-жылдын 11-августундагы № 92 (2817) чыгарылышында жарыяланган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44-беренесине ылайык, арыздар (даттануулар), шайлоо субъектине анын укуктары бузулганы, чечимдер кабыл алынганы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалганы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен берилет Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 201-беренесинин 1,3,4-бөлүктөрүнө ылайык, шайлоо комиссиясынын, алардын кызмат адамдарынын чечими, аракети (аракетсиздиги) менен шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктары бузулуп жатат деп эсептеген жаран же шайлоо процессинин башка субъекти сотко арыз менен кайрылууга укуктуу. КР БШКнын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) түздөн-түз сотко даттанылат. Жумушчу топ Б.М.Керимбеков, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы “Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” № 11/1 чечимин бекитүү тууралуу” № 331 токтомун жокко чыгаруу боюнча арызы менен түздөн-түз сотко кайрылышы керек болчу деп эсептейт, анткени мыйзамдар менен КР БШКнын чечимдери (токтомдору) түздөн-түз сотко даттанылат деп каралган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Жумушчу топтун сунушу боюнча КР БШК Б.М.Керимбековдун арызын канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун кол топтоо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун протоколун бекитти
18.08.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун кол топтоо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун протоколун бекитти

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн 49 779 кол коюлган баракчалар түшкөн.   Кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун чыгарган жыйынтыгына ылайык  жараксыз жана туура эмес  762 кол аныкталган, бул жалпы кол коюлган баракчалардын эсебинен чыгарылгандардын  саны 3 810ду түзөт. Кол коюлган баракчаларды текшерүү боюнча Жумушчу тобунун берген аныктамасына ылайык 45 969 кол жарактуу деп табылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 18-августунда саат 17:30да Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму өтөт
18.08.2017

2017-жылдын 18-августунда саат 17:30да Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму өтөт

Жыйындын жүрүшүндө төмөндөгү маселелер каралат:  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө (Баяндамачы –  Дамир кызы Айзада,  Жумушчу топтун мүчөсү) 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.М. Керимбековдун арызы жөнүндө   (Баяндамачы – А.Т. Асаналиев, БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси) 3. Ар түрдүү маселелер КР БШК  аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарда жумушчу сапарын улантууда 18.08.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарда жумушчу сапарын улантууда

Бүгүн,  2017-жылдын 18-августунда  КР БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын активдери менен жолукту. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы жыйындын катышуучуларына шайлоо процессинин негизги этаптары  тууралуу маалымат берди. Ошондой эле шайлоону камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык, шайлоочулардын тизмесин тактоо, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн автоматтык саноо түзмөктөрүн (АСУ) үйрөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен  аракеттери  жөнүндө маселелер талкууланды.  КР БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова “Өзүңдү тизмеден текшер” аттуу улуттук маалыматтык кампания тууралуу айтып, анда ар бир жаран өзүнүн жеке маалыматын 16-августтан 30-сентябрга чейин текшере аларын билдирди. Ал үчүн 119 номуруна ПИНди (14 сандан турган жеке идентификациялык номер) көрсөтүү менен СМС жөнөтүп же чалуу менен шайлоо тилкеси жөнүндө маалыматты тактай алат. Текшерүү учурунда сиз жөнүндө маалымат так эмес болсо, анда жаран форма 3кө ылайык арыз жазат, эгерде катталган жери менен жашаган жери дал келбесе шайлоо участкасына келип форма 2ни толтурушу керек. Ошондой эле жыйындын катышуучулары “Кошунаңды ээрчите кел” аттуу акциянын маанилүү экенин белгилешти. Анда ар бир жаран ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген  шайлоочуларга  камкор  мамиле жасап, 15-октябрда өзүнүн тандоосун өткөрүүгө көмөк көрсөтө алат. “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо АШК жана УШКнын бардык кызматкерлери менен адистери аракеттеги мыйзамдын бардык нормалары менен талаптарын аткарууну камсыз кылып, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларына  бирдей  мүмкүнчүлүк  түзүү керек”-деп белгиледи Н.Шайлдабекова. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Каржылоо тартиби бузулгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.Текебаевди колдоо үчүн чогултулган шайлоочулардын колдорун ишенимсиз деп табуу чечими кабыл алынды
17.08.2017

Каржылоо тартиби бузулгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.Текебаевди колдоо үчүн чогултулган шайлоочулардын колдорун ишенимсиз деп табуу чечими кабыл алынды

2017-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн 38 643 колтамга коюлган кол коюу барактары кабыл алынган. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 7-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттө коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнү жүзөгө ашырат. Жумушчу топтун мүчөсү Дамир кызы Айзада төмөнкүлөрдү белгиледи: “2017-жылдын 16-августунда КР БШКнын отурумунда анын мүчөлөрү, талапкердин шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын кыймылы тууралуу жогоруда көрсөтүлгөн талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө буга чейин, тактап айтканда, 2017-жылдын 10-августундагы БШКнын суроо-талабына өз учурунда жооп кайтарылып берилбегендиктен, керектүү документтерди алып келүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү чечишкен. Бирок, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү 17-августка карата талап кылынган документтерди алып келген эмес. Бүгүн кол коюу барактар түшкөн күндөн тартып 10 күн өткөндүгүнө байланыштуу Жумушчу топ маселени КР БШКнын отурумуна чыгарды”. Жумушчу топ “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартиби жана талапкерлер жана/же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү жөнүндө” Нускаманын (мындан ары – Нускама) V бөлүмүнө ылайык, ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан берилген колтамгалардан, кокусунан тандоонун (чүчү кулак) натыйжасында текшерүү үчүн 20 колтамга тандап алынган жана бул 7 729 колтамганы түзгөн.    “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартиби жана талапкерлер жана/же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү жөнүндө” Нускаманын V бөлүмүнө ылайык, ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан берилген колтамгалардан, капилет ылгоонун (чүчү кулак) натыйжасында текшерүү үчүн 20% колтамга тандап алынган жана бул 7 729 колтамганы түзгөн.   Эксперттердин корутундулары боюнча жана кол коюу барактарын текшерүү ведомостторуна ылайык, текшерүү үчүн тандап алынган колтамгалардын ичинен 1 627 колтамганын анык эместиги жана жараксыздыгы аныкталган, бул Нускаманын 64-пунктуна ылайык 5 (бешке) көбөйткөндө 8 135 колтамганы түздү. Конституциялык Мыйзамдын 41-беренесине ылайык, талапкерлерге шайлоочулардын колун чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. Нускаманын V бөлүмүнүн 57-пунктунун 3-абзацына ылайык, Кол коюу барактарын даярдоого талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөнгөн күнгө чейин чогултулган шайлоочулардын бардык колтамгалары ишенимсиз деп таанылат. 2017-жылдын 17-августундагы абалы боюнча талапкердин шайлоо фондусунан чыгымдалган акча каражаттардын суммасы 0 (нөл) сомду түзөт, бул «РСК Банк» ААКнын 2017-жылдын 17-августундагы чыг.№16-04/4726 каты менен тастыкталат. КР БШКнын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы  аймактарда жумушчу жыйын өткөрүүдө 17.08.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарда жумушчу жыйын өткөрүүдө

Бүгүн,  2017-жылдын 17-августунда  КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн  алкагында Баткен облусунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын активи  менен жолукту. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы жыйындын катышуучуларына шайлоо процессинин негизи этаптары  тууралуу маалымат берди. Ошондой эле шайлоону камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык, шайлоочулардын тизмесин тактоо, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөүн АСУ  автоматтык саноо түзмөктөрүн үйрөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен  аракеттери  жөнүндө маселелер талкууланды.   КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген  шайлоочуларга  камкор  мамиле жасоонун маанисин белгилеп, 15-октябрда өзүнүн тандоосун өткөрүүгө ар бирибиз кошунага көмөк көрсөткөн, “Кошунаңды ээрчите кел” деген шайлоо күнкү акция тууралуу баяндап берди.   “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо АШК жана УШКнын бардык кызматкерлери менен адистери аракеттеги мыйзамдын бардык нормалары менен талаптарын аткарууну камсыз кылып, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларына  бирдей  мүмкүнчүлүк  түзүү керек”-деп белгиледи Н.Шайлдабекова. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабановдун  кол топтоо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун протоколун  бекитти
16.08.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабановдун кол топтоо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун протоколун бекитти

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн 107 000 кол коюлган баракчалар түшкөн.   Кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун чыгарган жыйынтыгына ылайык  жараксыз жана туура эмес  767 кол аныкталган, бул жалпы кол коюлган баракчалардын эсебинен чыгарылгандардын   саны 3 835ти  түзөт. Кол коюлган баракчаларды текшерүү боюнча Жумушчу тобунун берген аныктамасына ылайык 103 165 кол жарактуу деп табылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Эми Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына  Whatsapp   аркылуу  кайрылууга  болот
16.08.2017

Эми Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына Whatsapp аркылуу кайрылууга болот

Урматтуу кыргызстандыктар! Эми Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына  Whatsapp  аркылуу  кайрылууга болот:+996 770 660 240. Биз эми сиздер менен такай байланыштабыз! Бардык суроолорго жооп берүүгө, арыздарды ыкчам кароого дайым даярбыз. Дайыма байланыштабыз! Дайыма жаныңдабыз! КР БШК  аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
16.08.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды

2017-жылдын 16-августунда  КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республиканын  Президенти кызматына  өзүн өзү көрсөткөн талапкер Ө.Т. Бабановду каттоо маселеси каралды. КРдин «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин талабына ыйлайык, КР Президенти кызматына талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырат: -Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун; -өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин; -паспорттун көчүрмөсүн; -иштеген же окуган жеринен маалымдаманы; - шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти; -мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабанов КР Борбордук шайлоо комиссиясына анын талапкерлигин колдогон 107 000 шайлоочунун колдору коюлган баракчаларды тапшырды, кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу алардын ичинен 103165 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген. Ошентип, КР БШКнын 2017-жылдын 16-августундагы №358-токтомуна ылайык Өмүрбек Бабанов Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК  айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, жана мандаттарды  башкаларга берүү тууралуу токтом кабыл алды
16.08.2017

КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, жана мандаттарды башкаларга берүү тууралуу токтом кабыл алды

КР БШК Ак-Талаа, Ош жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда  токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды.  Ошентип: -Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл округунан  Н.Соодонбеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү У.Кадыровго өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Талаа айыл округунан  Э.Сатаров өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты Ак-Талаа байланыш бөлүмүнүн башчысы Ж. Шабдалиевага өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Талаа айыл округунан Д.Ысмамбетова мамлекеттик кызматка дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты Ак-Тал селосундагы  А.Турдакунов атындагы орто мектептин мугалими А.Макеевага өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл округунан  А.Курманалиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты убактылуу иштебеген К.Жолдошевге өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айыл округунан Н.Жапаркулов өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты Байгөнчөк селосундагы Т.Оторов атындагы орто мектептин мугалими Г.Мамытовага өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айыл округунан Ы.Эсенгулов өз арызы менен  ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Т.Момбековго өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл округунан Ө.Бозалиев айыл өткмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү М.Шадыкановго өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айыл округунан С.Мыктыбеков айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу, ыйгарым укугун токтотту,  анын мандаты Терек селосундагы К.Молдобасанов атындагы орто мектептин мугалими А.Боталиевге өткөрүлүп берилди; -Ош облусунун  Ош шаардык  округунан  М.Орумбаев өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту,  анын мандаты “Ага-Курулуш” ЖЧКнын директору Ч.Аматовго өткөрүлүп берилди; -Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Балыкчы шаар округунан А.Таабалдиев өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты жеке ишкер А. Тыналиевге өткөрүлүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна  жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
15.08.2017

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

КР БШКнын 2017-жылдын 15-августундагы жыйынында  айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна  жана резервине өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.   1.Берген арызына байланыштуу Абдыманбетов Арафатбек Аканович (“КСДП” саясий партиясы) Тогуз-Торо аймактык комиссиясынын тутумунан чыгарылды, Сулайманова Батма Даткабаевна (“Республика” саясий партиясы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.  2.Берген арыздарына байланыштуу Караева Айгерим Жанышовна (“КСДП” саясий партиясы) Тагаев Гуламгапыр Абдыкаарович,(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  Арзибекова Уулжан Элдияровна (“Эркин эл” саясий партиясы) Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды.   -Дыйканов Асилидин Абсаттарович. (“Республика” саясий партиясы), Зияев Ниязбек Исмайилович (“Республика-Ата Журт” саясий партиясы), Шеримбетова Дамира Төлөгөновна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.   3.Берген арыздарына байланыштуу Ибраева Мээрим Турганбаевна, (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) Бейшембаева Айнагүл Курүчбековна,(“Акшумкар” саясий партиясы) Усенов Сулайманжан Усенович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынан тутумунан чыгарылды. -Токтобаев Шерик Кадырбердиевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди. 4.Берген арыздарына байланыштуу Молдогурманова  Айзада  Турдубекова (“Туран” саясий партиясы), Жусуева Элмира Бердиматовна,  Айдаралиева Жыпар Акановна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын  тутумунан чыгарылды. -Замирбеков Нарынбек Замирбекович  (“Республика” саясий партиясы) Байтоков Астра Дүйшөналиевна (“Акшумкар” саясий партиясы)  Абдылдаев Алмазбек Амантурович  (“КСДП” саясий партиясы)  резервден комиссиянын тутумуна киргизилди. 5.Берген арызына байланыштуу Эсеналиев Каныбек Алтымышович (“КСДП” саясий партиясы) Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылды.   6.Берген арызына байланыштуу Молдокеев Фридон Асылбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын комиссиянын тутумунан, Султангазиев Эрлан Жыргалбекович( “Акшумкар” саясий партиясы) комиссиянын резервинен чыгарылды. -Муктарбекова Айымзин Муратбековна (“Республика” саясий партиясы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.   7.Берген арыздарына байланыштуу Калыбекова Венера Сапаралиевна, Жамангулова Динара Токтомамбетовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды. -Джапаров  Мырзабек  Качкынбаевич, Губарова  Алена Анатольевна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) комиссиянын резервинен чыгарылды. -Султаналиева Алмабүбү Чардаевна (“Ата Мекен” саясий партиясы), Исакунова Төлөгүл Женишовна, Мамытмусаева Атыркул Омошовна  (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  комиссиянын тутумуна киргизилди. 8.Берген арыздарына байланыштуу  Садвакасова Назира Алмырзаевна, Мусаев  Жайыл Чубакович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды. -Акылбеков  Улан Болотович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) комиссиянын резервинен чыгарылды. -Ракымбекова Айгерим Ракымбековна (“Элдик-Народная” саясий партиясы)  Худоярова Айшагул Абдиманнабовна (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрындагы Президенттик шайлоого карата эл аралык байкоочулардын күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти
15.08.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрындагы Президенттик шайлоого карата эл аралык байкоочулардын күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти

15-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында  2017-жылдын 15-октябрындагы Президенттик шайлоого карата эл аралык байкоочулардын күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилди. Эл аралык байкоочулардын күбөлүгү-анын статусун күбөлөндүрүүчү документ. Күбөлүк түстүү эки беттүү ак  бланкага кыргызча, орусча же кыргыз, ангилис тилдеринде жазылып, жасалгаланат.  Алдыдагы КР Президентин шайлоого эл аралык байкоочулардын көбүрөөк келиши күтүлүүдө. Казакстан менен Литва республикасынын БШКсынан, Ханс Зайдел фондусунан, (Германия) Норвегия Хельсинки комитетинен келген алгачкы  эл аралык байкоочулар аккредитациядан өтүштү. КР БШК  апппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 410 412 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти