Борборшайком бүткүл республика боюнча техникалык колдоо тобунун адистерин окутууну өткөрөт

Борборшайком бүткүл республика боюнча техникалык колдоо тобунун адистерин окутууну өткөрөт

23 августа 2017

2017-жылдын 23-28-августунда КР БШК Кыргыз Республиканын 7 облустук борборунда автоматтык-эсептөө урнасынын (АСУ) жана идентификация жабдууларынын 500 адисин окутууну өткөрөт. 

500 адис  тестирлөө күнүндө жана добуш берүү күнүндө АСУ операторлоруна техникалык колдоо көрсөтөт. Андан ары ошол техникалык топтон аймактардагы автоматтык саноо урнасынын операторлорун окутууга 120 тренер тандалып алынат.

Окутууну Түндүк Кореядан атайын билим алган, шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын (ВАИО)  тийиштүү сертификатына ээ болгон БШКнын системдик 10 администратор-адистери өткөрөт.

Добуш берүү күнү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан участкалык шайлоо комиссиясына АСУнун техникалык проблемаларын чечүүгө техникалык колдоо тобунун адистерине  автотранспорт каражаттары  бөлүнөт.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү