Кыргызстандыктар өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырууну уланта берсе болот
21 августа 2017
Добуш берүүгө укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулардын тизмесине катталуу үчүн 30-сентябрга чейин өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшыра берсе болот.
КР Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардан биометрикалык маалыматтарды кабыл алууну республика боюнча ТИРКЕМЕДЕ көрсөтүлгөн биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу пункттарында кабыл алат.
16-августан баштап, “Өзүңдү шайлоочулардын тизмесинен текшер!” аттуу улуттук маалыматтык кампания башталды. Ар бир кыргызстандык 30-сентябрга чейин өзүнүн жеке маалыматтарын тактап алат.Тизме Борборшайлоокомдун сайтында https://shailoo.srs.kg/. жайгаштырылган.
Эгерде, шайлоочу өзүнүн маалыматтарында катаны, так эмести же өзүн тизмеден таппай калса, өзүнүн участкасына барып, шайлоо комиссиясына №3 формасында арыз жазуусу керек.
Эгерде, шайлоочу башка шайлоо участкасында добуш берип калса, 30-сентябрга чейин (катталган жери эмес, шайлоо дареги боюнча) демейдегидей эле тийишелүү шайлоо участкасына барып, №2 формасындагы арыз толтуруп, шайлоо комиссиясына кайрылуу керек.
Кыргызстандыктар менен дайыма байланышта болуучу WhatsАpp каналы: +996 770-660 240 жана коомдук кабылдама иштеп жатат. Тел.:0(312) 660 240. Дайыма катарыңда! Дайыма байланышта!
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
