23-августта КРдин шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун кол тамгалары келип түштү
23 августа 2017
Бүгүн, 2017-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 57 018 кол коюлган барактарды тапшырды. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу 10 күндүн ичинде кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген колтамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын колтамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.
БШК Кыргыз республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, КР Президенти кызматына талапкерди колдогон кол коюлган барактар 2017-жылдын 26-августуна чейин тапшырылууга тийиш экендигин эске салат.
БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
