КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С.Жээнбеков, А.Мадумаров, Т.Акундун өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту

23 августа 2017

2017-жылдын 23-августунда  КР БШКнын  жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С.Жээнбеков, А.Мадумаров, Т.Акундун  өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды. 

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  С.Жээнбековдун шайлоо боюнча  ыйгарым укуктуу  өкүлдөрү:

Орозбакова Гульмайрам Садыровна;

Рыскулова Камиля Акматовна;

Мендешева Жумагул  Токтоналиевнанын  ыйгарым укуктары токтотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү

Полотов  Мирлан Шамшиевичтин ыйгарым укуктары токтотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  Т.Акундун шайлоо боюнча ыйгарым  укуктуу өкүлдөрү:

Элдияр кызы Мээрим;

 Жолдошов  Мидин Кыялбекович;

Төрөгелдиев Токтобай Акыевич;

Мундуков Доктурбай  Бейшебаевич;

Экширбаев Анарбек Алимжановичтин ыйгарым укуктары токтотулду.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү