“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Н.Кутманов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды
23 августа 2017
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Кутманов Нурболот Осмоновичтен арыз түшкөн.
Борборшайлооком келип түшкөн документтин негизинде, КРдин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алып, КРдин “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык анын кайрылуусун канааттандырууну чечти.
Ошондой эле КР БШК ““Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо тууралуу” 2015-жылдын 3-сентябрындагы №68-чечминин, Н.О.Кутмановду каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп тапты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
