КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Келдибековдун кол тамгалары келип түштү
24 августа 2017
Бүгүн, 2017-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ахматбек Келдибеков Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 53 827 кол коюлган барактарды тапшырды. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу 10 күндүн ичинде кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, КР Президенти кызматына талапкерди колдогон кол коюлган барактар 2017-жылдын 26-августуна чейин тапшырылууга тийиш экендигин БШК эске салат.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
