Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 17.00 гө карата маалымат
13.05.2018

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 17.00 гө карата маалымат

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кезектеги шайлоосу Шаардык жана айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 17:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Токтогул шаардык кеӊеши 10 819 4234 39.13% Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеӊеши 5 844 2452 41.96% Ат-Башы районунун Казыбеков айылдык кеӊеши 2 973 1186 39.89% Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊеши 13 653 5973 43.75% Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу Айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 17:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын %көрсөткүчү Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кенеши 3 735 1339 35.85% Сокулук районунун Сокулук айылдык кеӊеши 8 423 2318 27.52%
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 13-майында Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 17-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү
13.05.2018

2018-жылдын 13-майында Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 17-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү

Жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоолордо саат 17-00гө карата 17 502 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 38.51% түзөт. 6 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун тизмесине бардыгы болуп 45 447 шайлоочу киргизилген. -Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде – 43.75%; - Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинде -41.96%; - Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде- 39.89%; - Токтогул шаардык кеңешинде – 39.13%; - Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешинде -35.85%; -Сокулук раонунун Сокулук айылдык кеӊешинде -27.52% шайлоочу катышты. Кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын келүүсү жөнүндө кененирээк маалымат менен төмөнкү дарек боюнча тааныша аласыздар: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do Эскерте кетсек, бүгүн 2018-жылдын 13-майында 6 жергиликтүү кеңеште шайлоолор өтүп жатат: 1 шаардык жана 5 айылдык кеңештерде. Бардыгы болуп 126 депутат шайланат, анын ичинен 21 шаардык кеңештерге жана 105 айылдык кеңештерге. Добуш берүү 27 шайлоо участкаларында өтүп жатат. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 13.00 гө карата маалымат
13.05.2018

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 13.00 гө карата маалымат

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кезектеги шайлоосу Шаардык жана айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 13:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Токтогул шаардык кеӊеши 10 819 2783 25.72% Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеӊеши 5 844 1771 30.30% Ат-Башы районунун Казыбеков айылдык кеӊеши 2 973 616 20.72% Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊеши 13 653 4207 30.81% Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу Айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 13:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын %көрсөткүчү Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кенеши 3 735 665 17.80% Сокулук районунун Сокулук айылдык кеӊеши 8 423 1618 19.21%
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 13-майында Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор:  саат 13-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү
13.05.2018

2018-жылдын 13-майында Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 13-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү

Жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоолордо саат 13-00гө карата 11 660 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 25.66% түзөт. 6 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун тизмесине бардыгы болуп 45 447 шайлоочу киргизилген. -Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде – 30.81%; - Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинде -30.30%; - Токтогул шаардык кеңешинде – 25.72%; - Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде- 20.72%; -Сокулук раонунун Сокулук айылдык кеӊешинде -19.21%; - Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешинде -17.80% шайлоочу катышты. Кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын келүүсү жөнүндө кененирээк маалымат менен төмөнкү дарек боюнча тааныша аласыздар: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do Эскерте кетсек, бүгүн 2018-жылдын 13-майында 6 жергиликтүү кеңеште шайлоолор өтүп жатат: 1 шаардык жана 5 айылдык кеңештерде. Бардыгы болуп 126 депутат шайланат, анын ичинен 21 шаардык кеңештерге жана 105 айылдык кеңештерге. Добуш берүү 27 шайлоо участкаларында өтүп жатат. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 13-майында Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор:  саат 10-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү
13.05.2018

2018-жылдын 13-майында Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 10-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү

Жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоолордо саат 10-00гө карата 4 542 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 9. 99% түзөт. 6 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун тизмесине бардыгы болуп 45 447 шайлоочу киргизилген. Ушуну менен бирге, шайлоочулардын эң көп активдүүлүгү Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо белгиленди, ал жерде саат 10.00гө шайлоочулардын 12.85% добуш беришти, Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешине 10.08 % шайлоочулар добуш беришти, ошондой эле Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого 10.95% шайлоочу катышты. Шайлоочулардын активдүүлүгүнүн эң төмөнкү деңгээли Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде катталды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жаткан Сокулук жана Кара-Жыгач айылдык кеӊешинде саат 10.00гө шайлоочулардын келүүсү 7.57% жана 4.9%ды түздү. Кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын келүүсү жөнүндө кененирээк маалымат менен төмөнкү дарек боюнча тааныша аласыздар: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do Эскерте кетсек, бүгүн 2018-жылдын 13-майында 6 жергиликтүү кеңеште шайлоолор өтүп жатат: 1 шаардык жана 5 айылдык кеңештерде. Бардыгы болуп 126 депутат шайланат, анын ичинен 21 шаардык кеңештерге жана 105 айылдык кеңештерге. Добуш берүү 27 шайлоо участкаларында өтүп жатат. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 10.00 гө карата маалымат
13.05.2018

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 10.00 гө карата маалымат

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кезектеги шайлоосу Шаардык жана айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 10:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Токтогул шаардык кеӊеши 10 819 1091 10.08% Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеӊеши 5 844 640 10.95 % Ат-Башы районунун Казыбеков айылдык кеӊеши 2 973 235 7.9% Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊеши 13 653 1 755 12.85% Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу Айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 10:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын %көрсөткүчү Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кенеши 3 735 183 4.9% Сокулук районунун Сокулук айылдык кеӊеши 8 423 638 7.57%
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды
13.05.2018

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды

Бүгүн, 2018-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды. Шайлоо 6 жергиликтүү кеңеште: 1 шаардык кеңеште жана 5 айылдык кеңеште өтүп жатат. Баардыгы 126 депутат шайланат. Алар 105 айылдык кеңештин жана 21 шаардык кеңештин депутаттары. 27 шайлоо участкалары добуш берүү үчүн ачылды. Бардык участоктор зарыл болгон жабдуулар жана маалыматтык материалдар менен жабдылган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен үзгүлтүксүз электр энергиясы, телефон жана интернет байланыш менен камсыз кылынган. Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 45 447 шайлоочу киргизилген. Тиешелүү сандагы шайлоо бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына даярдалып жана өткөрүлүп берилген Эскерте кетсек: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы №55 Жарлыгы менен, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Көк-Арт айылдык кеӊешине, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеӊешине, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊешине депутаттарды шайлоо 2018-жылдын 13-майына, жекшембиге дайындалган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 29-мартындагы ПЖ №63 Жарлыгына ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 13-майына дайындалган. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 13-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү
12.05.2018

2018-жылдын 13-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү

Бүгүн, 2018-жылдын 12-майында, 2018-жылдын 13-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы №55 Жарлыгы менен, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Көк-Арт айылдык кеӊешине, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеӊешине, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊешине депутаттарды шайлоо 2018-жылдын 13-майына, жекшембиге дайындалган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 29-мартындагы ПЖ №63 Жарлыгына ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 13-майына дайындалган. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү  шайлоо күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.  Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча бардыгы болуп 456 шайлоочудан арыз түшкөн болсо, анын ичинен 385 шайлоочу добуш берди. 71 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш бере алган жок. Анын ичинен 17 шайлоочунун паспорту жок, 22 шайлоочу үйдө болбогондугуна байланыштуу, 7 шайлоочу шайлоочулардын тизмесинен чыккан эмес, 1 шайлоочу идентификациядан өтпөгөндүктөн, 24 шайлоочу башка себептер менен добуш бере алышкан жок. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
“Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жолдору. Шайлоо процессинин стратегиялык багыттарын аныктоо” коомдук диалогу
11.05.2018

“Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жолдору. Шайлоо процессинин стратегиялык багыттарын аныктоо” коомдук диалогу

2018-жылдын 11-майында Бишкекте Кыргызстандын шайлоо системасын  өркүндөтүү жана анын стратегиялык багыттарын аныктоо боюнча коомдук диалог болуп өттү. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган. Иш чарада Президенттик Аппараттын жетекчисинин орун басары Д.Эсеналиев, КР ЖК фракцияларынын жана саясий партиялардын, БШК жана Мамкаттоонун, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, жарандык сектордун активисттери, эл аралык уюмдардын жана ЖМКлардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Өткөрүлүп жаткан иш чара коомчулуктун арасында шайлоо системасын өркүндөтүү жолдорун талкуулоо боюнча диалог аянтчасы болуп эсептелет. Бул жерде катышуучуларга “2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын” долбоору боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Бул долбоор 2018-жылдын 1-июлуна чейин стратегиянын алкагында мыйзамдарды өзгөртүү боюнча сунуштар менен бирге Улуттук кеңешке сунушталат. 2013-2017-жылдардагы шайлоо реформасынын биринчи этабында добуш берүүнүн жыйынтыгынын ырастыгын жана ачык айкындыгын камсыз кылуу боюнча маанилүү иш аткарылгандыгын эске алып, алдыда турган экинчи этапта шайлоолор процессинде келип чыгуучу укуктук мамилелерди өнүктүрүү жаатында иштөө турат. Коомдук диалогдун катышуучуларына талкуулоо үчүн 4 максаттуу багыт берилди: - Бардык деңгээлдеги: жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү; - Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуунун жана аларды тыюунун механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу; - Саясий партиялардын ролун күчөтүү аркылуу парламентаризмди мындан ары өнүктүрүү; - Шайлоолорду уюштуруу боюнча мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын милдеттери жана бирге аракеттешүүсү. Диалогдун жүрүшүндө катышуучулар, алардын ою боюнча бардык деңгээлдеги шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү учурунда чыгуучу маанилүү жана курч көйгөйлөрдү талкуулашты. Добуштарды сатып алууга жана шайлоо алдындагы үгүт убагында жалган маалыматтарды таратууга натыйжалуу каршылык көрсөтүү максатында административдик жана кылмыш боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы белгиленди. Ошондой эле, маанилүү кадамдардын катарында каржылоонун айкындыгы, тактап айтканда талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фонддорунун булактарынын жана чыгымдарынын айкындыгы, финансы ресурстарынын жарандардын эркин билдирүүсүнө таасири, шайлоо убагында үгүт ишмердүүлүгүн өркүндөтүү маселелери белгиленди. Активдүү талкуулардын жүрүшүндө иш чаранын катышуучулары шайлоо системасын өркүндөтүүнүн маанилүү маселелеринин топтомун белгилешти, анын ичинде: - шайлоочулардын түшүнүү менен тандоосунун фактору катары, шайлоо укуктары жана талапкерлердин программалары боюнча жарандардын маалыматтуулугун жогорулатуу; - өлкөдөн сыртта жашаган жана убактылуу жашаган жарандардын добуш берүүдө катышуусун активдештирүү; - шайлоолордо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусу; - ички партиялык курулуш жана парламенттик типтеги партияларды түзүү; - жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгүнүн кепилдигин камсыздоо; - шайлоолордун саясий маданияты, ж.б. маселелер; - шайлоонун жүрүшүндө коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, добуштарды сатып алууга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу чаралары; - жекече маалыматтарды коргоону жакшыртуу ж.б. Бардык сунуштар Жумушчу топ тарабынан жалпыланып жана талданып чыгат. Стратегияны иштеп чыгуунун алкагындагы шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн багыттары боюнча талкуулар республиканын аймактарында улантылат. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды
11.05.2018

Кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды

2018-жылдын 11-майында КР Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз, Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады. Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 2-майындагы № 184-б буйругу менен Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Уметалиев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 8-майындагы № 86-б буйругу менен Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. 2018-жылдын 11-майына дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок. КР БШКнын токтомуна ылайык Асылбаш жана Ак-Муз айыл башчыларын шайлоо 2018-жылдын 30-майына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 25-майына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Сокулук, Ат-Башы жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
11.05.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 11-майында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сокулук, Нарын, Токтогул жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Ошентип: -Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Б.Султангазиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Эркинбек у. Дастанга өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Сапар у. Рахаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Борукеевге өткөрүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай кеңешиндеги депутаты О. Тынчтыкбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –              Ч. Утуровго өткөрүлүп берилди; - Талас облусунун Талас шаардык кеңешиндеги “Кыргызстан” партиясынан депутаты А. Куручбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Б. Байышовго өткөрүлүп берилди; КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Күн-Туу жана Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
11.05.2018

Күн-Туу жана Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди

2018-жылдын 11 майында КР БШКсы 2018-жылдын 4-майында өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти. Берилген протоколдордун негизинде Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, А. Сейдалиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Даркан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Н. Жусупов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Сокулук жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясыларына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди
11.05.2018

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди

КР БШК Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Токтом А. Калдыбаева берген арыздарынын негизинде кабыл алынды. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан А. Калдыбаева («Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан) чыгарылды. Алардын ордуна резервдеги Н.Айткулиева («Бир-Бол» саясий партиясынан) киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БУУӨП Кыргыз Республикасында шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтөт
09.05.2018

БУУӨП Кыргыз Республикасында шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтөт

Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Алиона Никулита БШКдагы жолугушууда билдиргендей, БУУӨП Кыргызстандагы шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтөт. Ал билдиргендей, “БУУнун Өнүктүрүү Программасы БУУнун штаб-квартирасынын дарегине Кыргыз Республикасынан келип түшкөн суроо-талаптарга ылайык, кийинки консультациялардын негизинде, Кыргыз Республикасына, анын мамлекеттик ыйгарым укуктуу түзүмдөрүнө, ошондой бейөкмөт уюмдарга жана жарандарга ар кандай деңгээлдеги айкын, демократиялуу, таза жана жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн потенциалды жогорулатууга байланышкан бир катар багыттарда жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул иштер донорлор тарабынан колдонгон бир канча долбоорлордун алкагында жүргүзүлүп жатат”. БУУӨП шайлоолор боюнча Кыргыз Республикасында үч долбоорду ишке ашырды: 2014-жылдан баштап “KESP II – Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду колдоо” жана “2015-2017-жылдардагы шайлоо циклинин жүрүшүндө шайлоочуларды идентификациялоо процессин автоматташтыруу” долбоорлору, ошондой эле 2017-жылдан баштап “Электрондук өкмөт” системасын түзүү үчүн Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү (ЕГРН) системасына колдоо көрсөтүү долбоору”. Бул долбоорлор 2015-2017-жылдардагы шайлоо циклинин алкагында өлкөдө шайлоолорду тынчтыкта өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. БУУӨП долбоорлорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы биометрикалык жана башка жабдууларды алды, ошондой эле БШКнын кызматкерлерин окутууга, жарандардын маалыматтуулугун жогорулатууга, шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди жакшыртууга жана мыйзам бузууларды токтотууга багытталган дагы башка иш-чараларды өткөрүүгө колдоо алды. 2015-жылдагы парламенттик шайлоо жана 2016-жылдагы Конституциялык референдум учурунда бул долбоорлор улуттук жана эл аралык байкоочулар тарабынан ийгиликтүү деп таанылып, жогору бааланды. БШКнын төрагасы эл аралык өнөктөшкө Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын реформасын ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан ар тараптуу колдоо үчүн ыракмат айтты. Жолугушууда БШК менен БУУӨП ортосундагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоолордо катышуусуна шарттарды түзүү, диаспоралар, мигранттар уюмдары жана жаштар менен иш алып баруу тармагындагы кызматташтыктын мейкиндиктери жөнүндө маалымат берилди. Шайлоолор аралык мезгилде өткөрүлүүчү бир катар иш-чаралар макулдашылды. Кыргыз тараптан суралган жарандык билим берүүнү өнүктүрүүдө кызматташуу – бул багыттардын бири болуп калат. Жарандык билим берүү борбору түрүндө институционалдашкан Жарандык билим берүүнүн негизги максаттары болуп, жарандык компетенттүүлүктү, демократиялык маданиятты, өлкөнүн саясий турмушунда конструктивдүү катышууну, Кыргызстан элдеринин бай мурастарына жана азыркы демократиялык принциптерге негизделген билим, ык жана жарандык баалуулуктар менен ориентирлер системасын адатка айландыруунун негизинде түзүү жана өнүктүрүү. Бул борбор мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын жарандардын маалыматтуулугун жогорулатууга, демократияны жана укуктук мамлекетти бекемдөөгө багытталган бардык долбоорлору үчүн талкуу аянтчасы болуп калат. Борбор ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылып жаткан реформалоо боюнча ар кандай долбоорлордун маалыматтык-түшүндүрүү жана билим берүү боюнча компонеттерин да аткара алат. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын согуштун жана ооруктун ардагерлерин 9-май–Улуу Жеңиш күнү менен куттуктоосу
08.05.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын согуштун жана ооруктун ардагерлерин 9-май–Улуу Жеңиш күнү менен куттуктоосу

Урматтуу мекендештер, ардактуу ардагерлер, оруктагы эмгекчилер! Сиздерди май айдын эң негизги майрамы Улуу Жеңиштин 73-жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Улуу Жеңиш күнү – бүткүл адамзаттын тагдырын чечкен ыйык күн болуп саналат. Боордош элдер менен биргеликте күрөшкө чыккан Кыргызстан элинин Улуу Жеңишке кошкон салымы зор. Жүз миңдеген жердештерибиз эркиндик жана көз карандысыздык үчүн  согушта күрөшүшкөн. Алардын ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Биз, кыргызстандыктар, боштондук үчүн күрөшкөн жоокерлерибиз менен ар дайым сыймыктанабыз. Ата Мекен үчүн жанын аябаган жоокерлерибизге башыбызды ийип таазим кылабыз! Жеңишке жетишкен баатырларыбызга түбөлүк даңк! Урматтуу ардагерлер – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана оорук эмгекчилери! Жаш муундарды Ата Мекенге ак кызмат кылууга жана кайраттуулукка, Мекенди сүйүүгө тарбиялоодо үлгү болуп келесиздер. Ушул жалпы улуттук майрам күнү бардыгыбызда Улуу Жеңиштин сыймыктуу сезими болсун! Урматтуу ардагерлер, сиздерге чың ден-соолук, сергектик жана ийгилик каалайбыз!  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы согуштун жана ооруктун ардагерлерин 9-май–Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады
08.05.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы согуштун жана ооруктун ардагерлерин 9-май–Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 9-май–Улуу Жеңиш күнү менен согуштун жана ооруктун ардагерлери Багышбеков Ишенбай, Поломощнов Петр, Асанова Закия, Шпак Варвара Григорьевнага барып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан майрамы менен куттуктап акчалай сыйлык, майрамдык белектерди  тапшырды. “Улуу Жеңиш майрамы түбөлүктүү. Кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүп, мекен үчүн жан аябай күрөшкөн аталарыбыздын, ачка-ток, ысык-суукка карабастан тер төгүп иштеген ооруктун ардагерлеринин эмгеги муундан-муунга аңыз болуп айтыла берет”-деген Абдыжапар Бекматов ардагерлерге бекем ден-соолук, дөөлөттүү карылык тилеп, дүйнөгө тынчтык орнотуп, өлкөбүздү душмандардан коргогон, жаркын келечекке жол салган ардагерлердин эмгегине таазим кылып, алардын эрдиги эч качан унутулбасын баса белгиледи. Өз кезегинде ардагерлер да  жалпы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалап, баталарын беришти. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 378 380 … 483

Акыркы жаңылыктар