Башкы Жаңылыктар “Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жолдору. Шайлоо процессинин стратегиялык …

“Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жолдору. Шайлоо процессинин стратегиялык багыттарын аныктоо” коомдук диалогу

11-Май, 2018

2018-жылдын 11-майында Бишкекте Кыргызстандын шайлоо системасын  өркүндөтүү жана анын стратегиялык багыттарын аныктоо боюнча коомдук диалог болуп өттү.

Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган.

Иш чарада Президенттик Аппараттын жетекчисинин орун басары Д.Эсеналиев, КР ЖК фракцияларынын жана саясий партиялардын, БШК жана Мамкаттоонун, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, жарандык сектордун активисттери, эл аралык уюмдардын жана ЖМКлардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Өткөрүлүп жаткан иш чара коомчулуктун арасында шайлоо системасын өркүндөтүү жолдорун талкуулоо боюнча диалог аянтчасы болуп эсептелет. Бул жерде катышуучуларга “2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын” долбоору боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Бул долбоор 2018-жылдын 1-июлуна чейин стратегиянын алкагында мыйзамдарды өзгөртүү боюнча сунуштар менен бирге Улуттук кеңешке сунушталат.

2013-2017-жылдардагы шайлоо реформасынын биринчи этабында добуш берүүнүн жыйынтыгынын ырастыгын жана ачык айкындыгын камсыз кылуу боюнча маанилүү иш аткарылгандыгын эске алып, алдыда турган экинчи этапта шайлоолор процессинде келип чыгуучу укуктук мамилелерди өнүктүрүү жаатында иштөө турат.

Коомдук диалогдун катышуучуларына талкуулоо үчүн 4 максаттуу багыт берилди:

- Бардык деңгээлдеги: жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү;

- Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуунун жана аларды тыюунун механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу;

- Саясий партиялардын ролун күчөтүү аркылуу парламентаризмди мындан ары өнүктүрүү;

- Шайлоолорду уюштуруу боюнча мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын милдеттери жана бирге аракеттешүүсү.

Диалогдун жүрүшүндө катышуучулар, алардын ою боюнча бардык деңгээлдеги шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү учурунда чыгуучу маанилүү жана курч көйгөйлөрдү талкуулашты.

Добуштарды сатып алууга жана шайлоо алдындагы үгүт убагында жалган маалыматтарды таратууга натыйжалуу каршылык көрсөтүү максатында административдик жана кылмыш боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы белгиленди. Ошондой эле, маанилүү кадамдардын катарында каржылоонун айкындыгы, тактап айтканда талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фонддорунун булактарынын жана чыгымдарынын айкындыгы, финансы ресурстарынын жарандардын эркин билдирүүсүнө таасири, шайлоо убагында үгүт ишмердүүлүгүн өркүндөтүү маселелери белгиленди.

Активдүү талкуулардын жүрүшүндө иш чаранын катышуучулары шайлоо системасын өркүндөтүүнүн маанилүү маселелеринин топтомун белгилешти, анын ичинде:

- шайлоочулардын түшүнүү менен тандоосунун фактору катары, шайлоо укуктары жана талапкерлердин программалары боюнча жарандардын маалыматтуулугун жогорулатуу;

- өлкөдөн сыртта жашаган жана убактылуу жашаган жарандардын добуш берүүдө катышуусун активдештирүү;

- шайлоолордо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусу;

- ички партиялык курулуш жана парламенттик типтеги партияларды түзүү;

- жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгүнүн кепилдигин камсыздоо;

- шайлоолордун саясий маданияты, ж.б. маселелер;

- шайлоонун жүрүшүндө коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, добуштарды сатып алууга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу чаралары;

- жекече маалыматтарды коргоону жакшыртуу ж.б.

Бардык сунуштар Жумушчу топ тарабынан жалпыланып жана талданып чыгат. Стратегияны иштеп чыгуунун алкагындагы шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн багыттары боюнча талкуулар республиканын аймактарында улантылат.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>