Башкы Жаңылыктар 2018-жылдын 13-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо …

2018-жылдын 13-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү

12-Май, 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 12-майында, 2018-жылдын 13-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы №55 Жарлыгы менен, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Көк-Арт айылдык кеӊешине, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеӊешине, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊешине депутаттарды шайлоо 2018-жылдын 13-майына, жекшембиге дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 29-мартындагы ПЖ №63 Жарлыгына ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 13-майына дайындалган.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү  шайлоо күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. 
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча бардыгы болуп 456 шайлоочудан арыз түшкөн болсо, анын ичинен 385 шайлоочу добуш берди. 71 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш бере алган жок. Анын ичинен 17 шайлоочунун паспорту жок, 22 шайлоочу үйдө болбогондугуна байланыштуу, 7 шайлоочу шайлоочулардын тизмесинен чыккан эмес, 1 шайлоочу идентификациядан өтпөгөндүктөн, 24 шайлоочу башка себептер менен добуш бере алышкан жок.


КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>