Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы согуштун жана ооруктун ардагерлерин 9-май–Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

08 мая 2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 9-май–Улуу Жеңиш күнү менен согуштун жана ооруктун ардагерлери Багышбеков Ишенбай, Поломощнов Петр, Асанова Закия, Шпак Варвара Григорьевнага барып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан майрамы менен куттуктап акчалай сыйлык, майрамдык белектерди  тапшырды.

“Улуу Жеңиш майрамы түбөлүктүү. Кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүп, мекен үчүн жан аябай күрөшкөн аталарыбыздын, ачка-ток, ысык-суукка карабастан тер төгүп иштеген ооруктун ардагерлеринин эмгеги муундан-муунга аңыз болуп айтыла берет”-деген Абдыжапар Бекматов ардагерлерге бекем ден-соолук, дөөлөттүү карылык тилеп, дүйнөгө тынчтык орнотуп, өлкөбүздү душмандардан коргогон, жаркын келечекке жол салган ардагерлердин эмгегине таазим кылып, алардын эрдиги эч качан унутулбасын баса белгиледи.

Өз кезегинде ардагерлер да  жалпы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалап, баталарын беришти.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү