Башкы Жаңылыктар БУУӨП Кыргыз Республикасында шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтөт

БУУӨП Кыргыз Республикасында шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтөт

09-Май, 2018

Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Алиона Никулита БШКдагы жолугушууда билдиргендей, БУУӨП Кыргызстандагы шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтөт.

Ал билдиргендей, “БУУнун Өнүктүрүү Программасы БУУнун штаб-квартирасынын дарегине Кыргыз Республикасынан келип түшкөн суроо-талаптарга ылайык, кийинки консультациялардын негизинде, Кыргыз Республикасына, анын мамлекеттик ыйгарым укуктуу түзүмдөрүнө, ошондой бейөкмөт уюмдарга жана жарандарга ар кандай деңгээлдеги айкын, демократиялуу, таза жана жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн потенциалды жогорулатууга байланышкан бир катар багыттарда жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул иштер донорлор тарабынан колдонгон бир канча долбоорлордун алкагында жүргүзүлүп жатат”.

БУУӨП шайлоолор боюнча Кыргыз Республикасында үч долбоорду ишке ашырды: 2014-жылдан баштап “KESP II – Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду колдоо” жана “2015-2017-жылдардагы шайлоо циклинин жүрүшүндө шайлоочуларды идентификациялоо процессин автоматташтыруу” долбоорлору, ошондой эле 2017-жылдан баштап “Электрондук өкмөт” системасын түзүү үчүн Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү (ЕГРН) системасына колдоо көрсөтүү долбоору”. Бул долбоорлор 2015-2017-жылдардагы шайлоо циклинин алкагында өлкөдө шайлоолорду тынчтыкта өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

БУУӨП долбоорлорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы биометрикалык жана башка жабдууларды алды, ошондой эле БШКнын кызматкерлерин окутууга, жарандардын маалыматтуулугун жогорулатууга, шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди жакшыртууга жана мыйзам бузууларды токтотууга багытталган дагы башка иш-чараларды өткөрүүгө колдоо алды. 2015-жылдагы парламенттик шайлоо жана 2016-жылдагы Конституциялык референдум учурунда бул долбоорлор улуттук жана эл аралык байкоочулар тарабынан ийгиликтүү деп таанылып, жогору бааланды.

БШКнын төрагасы эл аралык өнөктөшкө Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын реформасын ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан ар тараптуу колдоо үчүн ыракмат айтты.

Жолугушууда БШК менен БУУӨП ортосундагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоолордо катышуусуна шарттарды түзүү, диаспоралар, мигранттар уюмдары жана жаштар менен иш алып баруу тармагындагы кызматташтыктын мейкиндиктери жөнүндө маалымат берилди. Шайлоолор аралык мезгилде өткөрүлүүчү бир катар иш-чаралар макулдашылды.

Кыргыз тараптан суралган жарандык билим берүүнү өнүктүрүүдө кызматташуу – бул багыттардын бири болуп калат. Жарандык билим берүү борбору түрүндө институционалдашкан Жарандык билим берүүнүн негизги максаттары болуп, жарандык компетенттүүлүктү, демократиялык маданиятты, өлкөнүн саясий турмушунда конструктивдүү катышууну, Кыргызстан элдеринин бай мурастарына жана азыркы демократиялык принциптерге негизделген билим, ык жана жарандык баалуулуктар менен ориентирлер системасын адатка айландыруунун негизинде түзүү жана өнүктүрүү.

Бул борбор мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын жарандардын маалыматтуулугун жогорулатууга, демократияны жана укуктук мамлекетти бекемдөөгө багытталган бардык долбоорлору үчүн талкуу аянтчасы болуп калат.

Борбор ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылып жаткан реформалоо боюнча ар кандай долбоорлордун маалыматтык-түшүндүрүү жана билим берүү боюнча компонеттерин да аткара алат.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>