2018-жылдын 13-майында Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 17-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү

13 мая 2018

Жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоолордо саат 17-00гө карата 17 502 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 38.51% түзөт. 6 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун тизмесине бардыгы болуп 45 447 шайлоочу киргизилген.

-Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде – 43.75%;

- Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинде -41.96%;

- Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде- 39.89%;

- Токтогул шаардык кеңешинде – 39.13%;

- Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешинде -35.85%;

-Сокулук раонунун Сокулук айылдык кеӊешинде -27.52% шайлоочу катышты.

Кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын келүүсү жөнүндө кененирээк маалымат менен төмөнкү дарек боюнча тааныша аласыздар: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do

Эскерте кетсек, бүгүн 2018-жылдын 13-майында 6 жергиликтүү кеңеште шайлоолор өтүп жатат: 1 шаардык жана 5 айылдык кеңештерде. Бардыгы болуп 126 депутат шайланат, анын ичинен 21 шаардык кеңештерге жана 105 айылдык кеңештерге. Добуш берүү 27 шайлоо участкаларында өтүп жатат.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү