Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө 2018-жылдын 7-майына карата отчету
07.05.2018

Саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө 2018-жылдын 7-майына карата отчету

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2018-жылдын 7-майына карата саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү маалыматты жайгаштырат. Токтогул ш.     Саясий партия Келиптүштү Чыгымдалды Калдык   1 Бирик 46 835 46 495 340   2 Энергетиктердин 71 000 70 000 1 000   3 Мекеним Кыргызстан 120 000 119 680 320   4 Ата-Журт 85 000 44 000 41 000   5 КСДП 128 000 126 900 1 100   6 Өнүгүү -Прогресс 41 500 39 500 2 000   Айылдык кеӊештер № Талапкерлер Айылдык кеӊеш Келиптүштү Чыгымдалды Калдык 1 Максатбек уулу Ы. Сокулук 1000 0 1000 2 Орозбаев Б.Н. Сокулук 1 100 0 1100 3 Самарбеков Э.С. Сокулук 100 0 100 4 Жумалиев Н.Н. Сокулук 5100 0 5100 5 Исакбаев А.А. Сокулук 100 0 100 6 Бакиров Д.А. Сокулук 4100 0 4100 7 Устабаев Б.Т. Сокулук 100 0 100 8 Мурзаев Ж.Т. Сокулук 100 0 100 9 Эсенаманов Д.Э. Сокулук 3100 0 3100 10 Шаршенкулов С.С. Сокулук 1100 0 1100 11 Матмуратов С.М. Сокулук 1000 0 1000 12 Эрнисов Э.Э. Сокулук 100 0 100 13 Акматов У.А. Сокулук 2100 0 2100 14 Курбанбеков Н.А. Сокулук 1000 1000 0 15 Чекирова Б.К. Сокулук 400 0 400 16 Ракимбаева В.К. Сокулук 1 000 1000 0 17 Муктыбаев Б.А. Сокулук 500 0 500 18 Прищепов В.В. Сокулук 1 000 0 1000 19 Шаршенов У.К. Сокулук 1 000 1000 0 20 Ивженко Л.М. Сокулук 1 000 0 1000 21 Резниченко В.Н. Сокулук 1 000 1000 0 22 Бербаев С.Н. Сокулук 1 000 1000 0 23 Койлубаев Д.М. Сокулук 500 0 500 24 Рыспек кызы А. Сокулук 1 000 0 1000 25 Исагалиев М.К. Сокулук 1 000 0 1000 26 Кочербаев А.Д. Сокулук 1 000 0 1000 27 Джумашева Н.Ш. Сокулук 1 000 0 1000 28 Шерматова Ж.А. Сокулук 1 000 0 1000 29 Оторкулов У.А. Сокулук 1 000 0 1000 30 Токторов А.Д. Сокулук 1 000 1000 0 31 Бедельбаев А.Б. Сокулук 200 0 200 32 Доолотбаков А.О. Сокулук 2 000 1000 1000 33 Кожогельдиев Т.К. Сокулук 2 000 0 2000 34 Шамканова А.Т. Сокулук 2 000 1000 1000 КР БШК мүчөсү,  КР БШК КТТ жетекчиси                                                    А. Асаналиев
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгы менен куттуктоосу
05.05.2018

КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгы менен куттуктоосу

Урматтуу мекендештер! Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана өзүмдүн атымдан Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгы менен куттуктайм. 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында маанилүү ролду ээлеп, мамлекеттүүлүктүн башкы принцибин бекемдеди, эң жогорку баалуулук- адам укуктарын жана эркиндигин жарыялады. Эң негизгиси заманбап шайлоо тутумунун негизин түзүү менен Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы жана өзүнүн бийлигин шайлоо жана референдум, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдардын тутуму аркылуу Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде ишке ашыруусун бекемдеди. Кыргыз Республикасынын Конституциясы өз ой пикирин эркин чагылдырганга мүмкүндүк берип, бул демократиянын жетишкендигинин эң башкыларынын бири, ал эми шайлоолорго катышуу, бул биздин жарандык жетилгендигибизди жана өз алдынча саясий позициябызды билдирип турат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекитилген шайлоо реформасынын алкагында кабыл алынган иш-чаралар, жарандардын өз алдынча эркин тандоосуна шарт түзгөн. БШК Башмыйзамдын ченемдерин ишке ашыруу жана жарандардын шайлоо укуктарын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракеттерди жасайт. Өлкөбүздүн ар бир жаранынын милдети – Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан жарыяланган жалпы улуттук баалуулуктарды аздектөө жана сактоо экендигине ишенем! Баардыгыңыздарды мамлекеттик майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге бакыт-таалай, чың ден соолук, тынчтык жана тилектештик, кубаныч, ар бир үйдө ынтымакты каалайм! Терең урматтоо менен, КР БШКнын төрагасы                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Кененирээк билүү >>
БШК ЭСКАТОнун делегациясы менен жолукту: Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шайлоодо катышууга шарттарды түзүү аркылуу ДМЧ жарандардын социалдык-экономикалык укуктарын ишке ашырууну илгерилетүүгө жана жакшыртууга болот
05.05.2018

БШК ЭСКАТОнун делегациясы менен жолукту: Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шайлоодо катышууга шарттарды түзүү аркылуу ДМЧ жарандардын социалдык-экономикалык укуктарын ишке ашырууну илгерилетүүгө жана жакшыртууга болот

2018-жылдын 4-майында БШКда Азия жана Тынч океан өлкөлөрүнүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. ЭСКАТОнун эксперттеринин тобу Миң жылдыктын босогосунда иш-аракеттердин Бивако негизин жана Эл каттоонун аймактык программасын колдоо боюнча БУУнун “Майыптык боюнча көрсөткүчтөрдү жана статистикалык маалыматтарды жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кыргызстанда жүрүшөт. БШКнын өкүлдөрү (Н.К.Шайлдабекова, А.Т.Асаналиев, У.Каныбеков), ДМЧ менен иштөө боюнча БШКнын жумушчу тобунун мүчөлөрү (“Эгль” КФнун директору Ч.А.Өмүрканова) эксперттерди Кыргызстандын ДМЧ жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер менен тааныштырды. Биринчи кезекте БШК Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Социалдык Фонд менен биргеликте ар бир шайлоо участкасы боюнча ДМЧ жарандардын муктаждыктарынын санын жана мүнөзүн такташты. Бул маалыматтар жеткиликтүүлүк, пандустарды орнотуу, участкага жетүүгө жардам уюштуруу, ыктыярдууларды мобилизациялоо көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү органдарга берилген. Шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн баалоо үчүн БШКнын Жумушчу тобунун мүчөлөрү шайлоо комиссиялары системасынын кызматкерлери менен бирге, ЕККУнун жардамы менен 270 участкада аудит жүргүзүлдү. Жалпы республиканын аймагында жалпы улуттук добуш берүүнү уюштуруу үчүн 2 300дөн ашуун шайлоо участкалары түзүлгөн, алардын 1 633 окуу жайларынын имараттарында; 334 маданият мекемелеринде; 206сы административдик имараттарда жана муниципалдык аймактык башкармаларда; 32си саламаттык сактоо мекемелеринде жана 93 жеке менчик сектордо жайгашкан. Өкмөт менен биргеликте пандустарды орнотуу маселелери чечилип жатат, аларды ушул шайлоолор аралык мезгилде толук бүткөрүү пландаштырылып жатат. Кээ бир шаарларда жана айылдарда өтүп жаткан жергиликтүү шайлоолордун алкагында кыска мезгилдин ичинде бардык участкаларда пандустар орнотулду. БШК шайлоо участкаларынын, административдик имараттардын, маданий мекемелердин, окуу-илимий мекемелердин жана мектепке чейинки окуу борборлорунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде инклюзивдик чөйрөнү түзүүгө көмөк көрсөтүүгө ниеттенет. КР БШК шайлоо учурунда ошондой эле көрүүсү начар жарандарга А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупаларды же көзү азиз жарандарга Брайл шрифти менен бюллетень-трафареттерди, арабачалар менен жүргөн жарандарга атайын кабиналарды ж.б. жардам берүүчү атайын каражаттарды колдонуп келет. БШКнын шайлоолор боюнча маалымат роликтеринин көбү сурдо котормолор менен чыгарылат. Ошондой эле өнөктөштөрдүн жардамы менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн майыптык көйгөйлөрүн түшүнүүсү жана алар менен иштөөсү үчүн усулдук колдонмолор чыгарылды. 2017-жылы биринчи жолу ДМЧ жарандар шайлоо участкаларында добуш берүү тартибине көз карандысыз байкоо жүргүзүштү. ДМЧА коомдук уюмдардын байкоочулары БШКнын бул демилгесине оң бааларды беришти. Андан тышкары, 2017-жылы алгачкы жолу шайлоолордо ДМЧ жарандардын катышуусуна шарттарды түзүү милдеттерин жөнгө салуучу БШКнын “ДМЧ жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө” атайын Жобосу кабыл алынды. Азыркы учурда ДМЧ жарандардын шайлоо маселелери жана КР саясий системасы боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу үчүн КР Конституциясын жана башка китептерди Брайл шрифти менен чыгаруу пландаштырылып жатат. Ошондой эле Жумушчу топ ДМЧлар менен иштөөчү бирикмелер менен бирге, ЕККУнун колдоосу менен ДМЧ көйгөйлөрүн партиялардын программасына кошуу боюнча партиялар менен иштешүү, ж.б. ДМЧ жарандардын шайлоого катышуусуна көмөктөшүүчү комплекстүү чаралар пландоодо. ЭСКАТОнун өкүлү Доң Хо Ким кыргыз тараптын ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоого катышуу боюнча саясий укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча активдүү чараларын колдоп, бул ДМЧ жарандардын башка да көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөөрүн белгиледи. Ал белгилегендей, ЭСКАТОнун миссиясынын алкагында талдоо жүргүзүлгөн 16 өлкөнүн ичинде, Кыргызстандын бийликтери ДМЧ жарандардын шайлоодо катышуусуна шарт түзүү боюнча эң активдүү жана ыраатуу чараларды көрүп жатат. Маалымат катары: Азия жана Тынч Оккеан аймагында Майыптардын укуктары боюнча Конвенцияны (КПИ) ишке ашыруунун “жол картасын” аныктоо үчүн, ЭСКАТОнун Өкмөттөрү ДМЧА үчүн “Укукту реалдуу кылуу” боюнча Инчхон Стратегиясын кабыл алган, ал жерде 2022-жылга чейин аткарылууга милдеттүү майыптыкка байланышкан өнүгүүнүн 10 стратегиясы жана 27 максаты көрсөтүлгөн. Инчхон Стратегиясы негизги 41 көрсөткүчтү ичине алат. 2014-жылы Инчхон Стратегиясы үчүн майыптык боюнча статистикалык көрсөткүчтөрү боюнча ЭСКАТОнун Жетектемеси жарык көргөн. Аны ишке ашыруу үчүн ЭСКАТО 16 өлкөдө майыптык боюнча статистикалык маалыматтарды топтоо дараметин жогорулатуу жана Стратегиянын көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн улуттук консультацияларды уюштурду. БШК аппаратынын маалымат кызматы
Кененирээк билүү >>
Токтогул шаардык кеңешине шайлоолорго катышып жаткан саясий партиялар, атаандаштыктын абийирсиз усулдарын колдонуудан баш тартышты
05.05.2018

Токтогул шаардык кеңешине шайлоолорго катышып жаткан саясий партиялар, атаандаштыктын абийирсиз усулдарын колдонуудан баш тартышты

2018-жылдын 3-майында Токтогул шаардык кеңешине кезектеги шайлоолорго даярдык көрүүнүн алкагында, КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Токтогул шаарындагы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, шайлоолорго даярдык боюнча шаардык штабдын мүчөлөрү, ошондой эле шаардык кеңешке шайлоолорго катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Токтогул районунун акими М.А.Сатымкулов жана шаардын мэринин милдетин аткаруучу Н.Көчөрканова кеңешменин катышуучуларына шайлоого даярдык боюнча кабыл алынган чаралар, участкаларды бардык керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чаралар, электр энергиясы, байланыш, ж.б. менен камсыз кылуу боюнча маалымат беришти. Шаардын калкынын санына жараша (20 миң жашоочуга чейин), шаардык кеңештеги мандаттардын саны 21ди түзөт. Шаардагы шайлоочулардын тизмесине 10 758 жаран киргизилген. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 5 шайлоо участкасы ачылган. Республикалык бюджеттен шайлоого 600 миң сом бөлүнгөн. Кеңешмеде шайлоолорду мыйзамдуу жана айкын өткөрүү маселелери талкууланды. Белгиленип кеткендей, жаңы технологияларды колдонуу жана шайлоо комиссияларынын жөнгө салынган иштөөсү ар бир жарандын добушун ачык айкын жана туура эсепке алууну камсыз кылат, ошондой эле шайлоодо катышып жаткан партиялардын ортосунда таза атаандаштыкты жүргүзүүгө негиз түзөт. Шаардык кеңешке 2014-жылда өткөрүлгөн акыркы шайлоолордо 11 партия катышып, алардын алтоо 7 пайыздык босогодон өтө албай, шаардык кеңеште өз фракцияларын түзө алган эмес. Азыркы шайлоолордо 6 партия катышып жатат, алардын үчөөнүн мурда кеңеште өкүлдөрү болгон: алар КСДП, “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, ал эми калган үчөө Токтогул шаарындагы шайлоолордо биринчи ирет катышып жатат: алар “Мекеним Кыргызстан”, “Бирик”, “Энергетиктер партиясы”. Шаардык кеңешке талапкерлерин көрсөткөн бардык партиялар Меморандумга кол коюшуп, анда алар жалган маалымат таратуудан, добуштарды сатып алуудан жана мыйзамсыз, абийирсиз атаандаштыктын жана үгүт жүргүзүүнүн башка формаларынан баш тартышты. Бул шексиз түрдө коомдук-саясий абалдын туруктуулугуна, шайлоо алдындагы өнөктүктүн тынч, мыйзам алкагында өтүүсүнө көмөктөшөт. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий партиялардын өкүлдөрү менен депутаттыкка жана ЖӨБ органдарынын башчылыгына талапкерлерге талаптарды күчөтүүгө багытталган мыйзамдарды өзгөртүү боюнча кээ бир сунуштар, шайлоочулар алдындагы депутаттардын жоопкерчилиги боюнча пикир алмашуу болду. Ошентип, кеңештин мурдагы спикери К.Дербишев тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбай, кеңештин отурумдарына такай катышпай жүргөн депутаттардын жоопкерчилиги боюнча мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча сунуш айтылды. БШК төрагасы белгилегендей, бул маселе боюнча талкуулар жүрүп жатат жана сунуш эске алынат. Ал эми талапкерлердин оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттуулукка тиешелүү жоопкерчилик боюнча талапкерлерге талаптарды дифференциялаштырууну (күчөтүүнү) киргизүү тууралуу, катышуучулар кеңештердин курамынын сапатын жакшыртууга багытталган пландаштырылып жаткан сунуштарды жактыруу менен кабыл алышты. БШК төрагасы ой-пикирлерди изилдөө максатында кеңешменин катышуучуларына, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жана Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Респуликасынын Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн эки Жумушчу топтун алкагында талкууланып жаткан бир катар башка сунуштар тууралуу да маалымат берди. Партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуусунда Н.Шайлдабекова белгилегендей, жергиликтүү шайлоолордо добуш берүүдөн кийин партиялардын жетекчи органдарынын талапкерлердин тизмесин жөнгө салууга укугу боюнча аракеттеги мыйзамдардагы ченемдер, талапкерлердин өздөрүнүн макулдугун эсепке албастан колдонулбаш керек. Бул маселелер боюнча партиялардын ичинде ымаланын жоктугунан келип чыккан жаңжалдар шайлоо комиссиялары аркылуу чечилбеш керек. Бул сөзсүз түрдө партиянын саясий институт катары аброюнун төмөндөөсүнүн фактору болуп калат, ошондой эле партиялардын тизмеси үчүн добуш берген шайлоочулардын укугун бузат. Ошондуктан, талапкерлердин тизмеси боюнча чечим кабыл алууда мыйзам ченемдерин кыйшаюусуз сактоого чакырды. Укуктук маданиятты жана партиялык демократияны бекемдөө максатында, шайлоодон кийин Токтогулдагы партиялар үчүн өнөктөштөрдүн колдоосу астында партиялык жана фракциялык ишти, кеңеште партиялар ортосунда диалогду түзүү боюнча тиешелүү семинарлар өткөрүлүүсү макулдашылды. БШКнын төрагасы шаардын мэринин милдетин аткаруучу Н.Көчөрканова менен бирге участкалардын даярдыгын текшерип чыкты. Кубандыруучу нерсе, Токтогул шаарынын бардык беш участкасыда тең шайлоолорго даярдыктын алкагында ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында пандустар коюлган. Бардык участкалардын кире беришинде добуш берүүгө катышууда жардамга муктаж адамдар УШКнын кезметчи-мүчөсүн чакыруу үчүн “чакыруу кнопкасы” орнотулган. Ошондой эле, шайлоо комиссияларына Брайл шрифти менен даярдалган атайын бюллетендер жана көрүүсү начарлар үчүн А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупалар берилди. Мэрия тарабынан участкаларга өз алдынча келе албай турган майыптар үчүн зарыл учурда жардам уюштурулат. Бул үчүн транспорттор жана ыктыярдуулар тартылат. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушуунун алкагында шайлоолорду уюштуруучулук-техникалык камсыздоо, шайлоочулардын тизмелерин тактоо, окутуу жана усулдук жардам, шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнч мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо органдары менен бирге аракеттенүү маселелери талкууланды. Н.Шайлдабекова Токтогул шаарынын комиссия мүчөлөрүнө жана жергиликтүү органдарга 2017-жылдагы Президенттик шайлоону өткөрүүдөгү жоопкерчилик жана ак ниет мамилеси үчүн ыраазылык билдирип, алдыдагы шаардык шайлоолордо алар тарабынан жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, шайлоонун процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүү, аракеттеги мыйзамдардын ченемдерин сактоо менен добуш берүүнүн натыйжаларын айкын жана так чыгаруу үчүн бардык керектүү чаралар көрүлөрүнө ишенимин билдирди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдор бекитилди
04.05.2018

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдор бекитилди

2018-жылдын 4 майында КР БШКсы 2018-жылдын 23-апрелинде өткөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти. Берилген протоколдордун негизинде Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Сагындыкова Салтанат Бейшеевна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
04.05.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 4-майында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кемин, Токтогул, Чаткал, Майлуу-Суу, Баткен, Ноокат жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Чүй облусунун Кемин шаардык кеңешиндеги “КСДП” партиясынан депутаты М. Омурбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – У. Нурсеитовго өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин депутаты А. Рысбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Н. Жумалиевге өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык кеңешинин депутаты Э. Кошокбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Шаршенбек у. Э. өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги “КСДП” партиясынан депутаты А. Батыркулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Э. Темирбаевге өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү Прогресс” партиясынан депутаты М. Шералиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –И. Матазимовго өткөрүлүп берилди; -Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылдык кеңешинин депутаты А. Раимбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – М. Расуловго өткөрүлүп берилди; - Ош облусунун Ноокат районунун Жаӊы-Ноокат айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Н. Рузалиев ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –М. Муталовго өткөрүп берилди; - Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу М. Жуманазаров ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Р. Мамасадыковго өткөрүп берилди; - Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Казак у. Э. ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Р. Топчубаевге өткөрүп берилди; - Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинде соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Г. Мережко ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –С. Табалдиевге өткөрүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө 2018-жылдын 2-майына карата отчету
02.05.2018

Саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө 2018-жылдын 2-майына карата отчету

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2018-жылдын 2-майына карата саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү маалыматты жайгаштырат. Токтогул ш.     Саясий партия Келиптүштү Чыгымдалды Калдык   1 Бирик 46 835 46 495 340   2 Энергетиктердин 71 000 70 000 1 000   3 Мекеним Кыргызстан 120 000 119 680 320   4 Ата-Журт 45 000 44 000 1 000   5 КСДП 118 000 93 900 24 100   6 Өнүгүү -Прогресс 33 000 31 000 2 000   Айылдык кеӊештер   № Талапкерлер Айылдык кеӊеш Келиптүштү Чыгымдалды Калдык   1 Максатбек уулу Ы. Сокулук 1000 0 1000   2 Орозбаев Б.Н. Сокулук 1 100 0 1100   3 Самарбеков Э.С. Сокулук 100 0 100   4 Жумалиев Н.Н. Сокулук 100 0 100   5 Исакбаев А.А. Сокулук 100 0 100   6 Бакиров Д.А. Сокулук 100 0 100   7 Устабаев Б.Т. Сокулук 100 0 100   8 Мурзаев Ж.Т. Сокулук 100 0 100   9 Эсенаманов Д.Э. Сокулук 100 0 100   10 Шаршенкулов С.С. Сокулук 1100 0 1100   11 Матмуратов С.М. Сокулук 1000 0 1000   12 Эрнисов Э.Э. Сокулук 100 0 100   13 Акматов У.А. Сокулук 100 0 100   14 Курбанбеков Н.А. Сокулук 1000 0 1000   15 Чекирова Б.К. Сокулук 400 0 400   16 Ракимбаева В.К. Сокулук 1 000 0 1000   17 Муктыбаев Б.А. Сокулук 500 0 500   18 Прищепов В.В. Сокулук 1 000 0 1000   19 Шаршенов У.К. Сокулук 1 000 0 1000   20 Ивженко Л.М. Сокулук 1 000 0 1000   21 Резниченко В.Н. Сокулук 1 000 0 1000   22 Бербаев С.Н. Сокулук 1 000 0 1000   23 Койлубаев Д.М. Сокулук 500 0 500   24 Рыспек кызы А. Сокулук 1 000 0 1000   25 Исагалиев М.К. Сокулук 1 000 0 1000   26 Кочербаев А.Д. Сокулук 1 000 0 1000   27 Джумашева Н.Ш. Сокулук 1 000 0 1000   28 Шерматова Ж.А. Сокулук 1 000 0 1000   29 Оторкулов У.А. Сокулук 1 000 0 1000   30 Токторов А.Д. Сокулук 1 000 0 1000   31 Бедельбаев А.Б. Сокулук 200 0 200   32 Доолотбаков А.О. Сокулук 2 000 0 2000   33 Кожогельдиев Т.К. Сокулук 2 000 0 2000   КР БШК мүчөсү,  КР БШК КТТ жетекчиси                                                                         А. Асаналиев
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2018-жылдын 13-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосуна карата шайлоо бюллетендерди аймактарга жөнөттү
29.04.2018

КР БШК 2018-жылдын 13-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосуна карата шайлоо бюллетендерди аймактарга жөнөттү

2018-жылдын 29-апрелинде «Учкун» басмаканасында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери, массалык маалымат каражаттары, саясий партияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2018-жылдын 13-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосуна карата Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендери өткөрүлүп берилди. Жалал-Абад облусуна -20188, Ош облусуна -13705, Нарын облусуна 2970,  Чүй облусуна 8421 бюллетень жөнөтүлдү (4209 – мамлекеттик тилде, 4212 – расмий тилде). Жалпысынан 45284 бюллетень даярдалып, анын ичинен 41072 мамлекеттик тилде, ал эми 4212 расмий тилде. “Учкун” ААКсындагы бюллетень даярдоо күн-түнү үзгүлтүксүз жүрүп, анын даярдалышы КР БШК мүчөлөрүнүн жана аппаратын кызматкерлеринин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Ошондой эле, ИИМ жана МУКК кызматкерлери тарабынан коопсуздугу камсыз кылынды. Шайлоо бюллетендери атайын орнотулган жабдуулар менен “Учкун” ААКсындагы басылып чыккан бөлмөсүндө сынактан өткөрүлдү. Шайлоо бюллетени жогорку коргоо даражасына ээ, автоматтык эсептегич урнасы (АЭУ) ар бир бюллетенди окугандай атайын коргоо боегу сүртүлгөн. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын делегациясы шайлоолорду башкаруу органдарынын 15-Европалык конференциясынын ишине катышып келди 28.04.2018

КР БШКнын делегациясы шайлоолорду башкаруу органдарынын 15-Европалык конференциясынын ишине катышып келди

Европа Советинин Венеция комиссиясы Норвегиянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана модернизация министрлиги менен биргеликте Норвегиянын Осло шаарында шайлоолорду башкаруу органдарынын 15-Европалык конференциясын уюштурду. Конференцияга Европанын, Азиянын, Жакынкы Чыгыштын, Түндүк жана Түштүк Американын 70тен ашуун мамлекеттеринен шайлоолорду башкаруу органдарынын жетекчилери, парламенттердин депутаттары, окумуштуулар жана эксперттер катышты. Кыргыз Республикасынан конференцияга БШК төрагасы Н.Шайлдабекова жана КР БШК мүчөсү Г.Джурабаева катышты. Конференциянын негизги темасы – “Шайлоолордогу коопсуздук” болуп, төмөнкү аспекттер талкууга алынды: • Шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылууга багытталган нормалар, стандарттар жана алдыңкы тажрыйбалар; • Санариптик технологиялар жана социалдык тармактарга байланышкан көйгөйлөр; • Кибер кылмыштар менен күрөшүү жана кибер коопсуздукту жакшыртуу. Шайлоо өнөктүгү учурундагы жалган маалыматтар жана “жалган жаңылыктар”, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө социалдык тармактардын бурмаланган таасири сыяктуу маселелер активдүү талкууларды жаратты. Конференциянын катышуучулары белгилегендей, мындай көрүнүштөр шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуу алкагында таасирдүү чараларды иштеп чыгууну талап кылган олуттуу чакырык болуп эсептелет. “Шайлоо процессинин бардык этаптарында заманбап технологияларды кантип салттуу усулдар менен айкалыштырып колдонуу керек?” деген жумушчу сессиянын алкагында шайлоо өткөрүүдө жаңы технологияларды колдонуу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы жөнүндө маалымат берилди. Европалык кесиптештердин шайлоонун жүрүшүндө электрондук технологиялардын аялуулугу боюнча жалпы кабатырлануусуна карабастан, Кыргызстандын делегациясынын чыгып сүйлөөсүн эске алып, жыйынтык резолюцияда аларды колдонууда оң тажрыйбанын бар экендиги белгиленди. Конференцияда талкууланган маселелердин көпчүлүк бөлүгү кибер коопсуздукту камсыздоого, ар кайсы өлкөлөрдүн кибер чабуулдар же шайлоо процессине терс таасир көрсөтүү боюнча башка аракеттер көйгөйү жана тажрыйбасына тиешелүү болду. Кабыл алуучу өлкө катары Норвегия, кибер коопсуздук, жалган билдирүүлөрдү алдын алууу боюнча маалыматтык чаралар, кылмыш боюнча сот адилетүүлүгү, коомдук коопсуздук жана тартип маселелерин ичине алган шайлоо коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз планын сунуш кылды. Конференциянын алкагында белгиленгендей, шайлоолор боюнча жарандардын маалыматтуулугун жана укуктук маданиятын жогорулатуу жарандардын өз эркин түшүнүп билдирүүсүнүн гана шарты болбостон, шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуунун компоненттеринин бири да болуп эсептелет. Венеция комиссиясынын колдоосу астындагы конференциянын алкагында БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Австрия, Норвегия, Латвия жана Грузиянын делегацияларынын башчылары менен жарандардын шайлоо боюнча маалыматтуулугун жана укуктук маданиятын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасында Жарандык билим берүү борборун уюштуруу маселелеринде кызматташуу боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын делегациясы Молдова Республикасына жумушчу сапары менен барды
28.04.2018

Кыргыз Республикасынын делегациясы Молдова Республикасына жумушчу сапары менен барды

КР БШКнын башчысы Н.Шайлдабекова, КР БШКнын мүчөсү К.Осмоналиев, КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жана КР Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын Эл аралык фондунун (IFES) чакыруусу боюнча Молдова Республикасына барып келди. Жолугушуу учурунда Молдованын БШК башчысы А.Руссо Молдова Республикасынын БШКнын иштери жөнүндө айтып, шайлоо системасынын модели жана шайлоо системасында Молдова БШК тарабынан колдонулуп жаткан инновациялык мамилелерге өзгөчө токтолду. Ошондой эле, Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Шайлоо чөйрөсүндө үзгүлтүксүз билим берүү борборунун (ЦНОИС) директору Павле Кабаченко ЦНОИСтин иш тажрыйбасы жана шайлоо процессине тартылган бардык адамдарды кесиптик даярдоодо колдонулуп жаткан инновациялык мамилелер жөнүндө маалыматтар менен бөлүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында шайлоолорду жана референдумдарды уюштурууну, даярдоону жана өткөрүүнү өркүндөтүү, заманбап маалыматтык технологияларын жана системаларын колдонуу, жарандарга билим берүү жана шайлоо уюштуруучуларды жана шайлоочуларды электрондук окутуу, жана шайлоолор боюнча башка маселелер жаатында тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча меморандумга кол коюлду. Маалымат катары: Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдындагы Шайлоо чөйрөсүндө үзгүлтүксүз билим берүү борбору (ЦНОИС) Шайлоо Кодексинин 26¹ беренесине ылайык түзүлгөн, БШКга баш ийген мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. Бул Борбор шайлоо чөйрөсүндөгү кызматкерлерди, ошондой эле шайлоо чөйрөсүнүн кызматкерлеринин Регистриндеги адамдарды, Молдова Республикасындагы шайлоо процессине тартылган субъекттерди жана башка кызыкдар тараптарды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу, аларды үзгүлтүксүз кесиптик өркүндөтүү максатында түзүлгөн. ЦНОИСтин негизги максаты – Молдовадагы шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүгө тартылган адамдарга окутуунун жардамы менен шайлоо чөйрөсүндө алдыңкы тажрыйбаны берүү болуп эсептелет. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда
27.04.2018

БШК ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда

БШК ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда. 2018-жылдын 24-апрелинде БШКнын Кыргыз Республикасынын ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунун отуруму болуп өттү. Жумушчу топтун жетекчиси, БШК мүчөсү Б.С.Кадыров билдиргендей, КР БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө шайлоо участкалары жана алардын жайгашуусу боюнча аймактар жана райондор боюнча жана имараттардын категориялары (мектептер, маданият үйлөрү, ФАПтар, ж.б.) боюнча маалымат жөнөткөн, жана ал маалымат тиешелүү министрликтерге, ведомстволорго жана аймактарга Өкмөттүн жетекчилигине административдик имараттардын, маданий мекемелердин, окуу-илимий жана мектепке чейинки билим берүү борборлорунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмасы менен жөнөтүлгөн. Шайлоо участкалары негизинен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин имараттарында, кээде жеке-менчик имараттарда жайгашкан. Жалпы республиканын аймагында жалпы улуттук добуш берүүнү уюштуруу үчүн 2 300дөн ашуун шайлоо участкалары түзүлгөн, алардын 1 633 окуу жайларынын (ЖОЖ, техникум жана колледж, мектептер жана лицейлер, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин) имараттарында; 334 маданият мекемелеринде (маданият үйлөрүндө, китепканаларда); 206сы административдик имараттарда жана муниципалдык аймактык башкармаларда; 32си саламаттык сактоо мекемелеринде жана 93 жеке менчик сектордо жайгашкан. Добуш берүүчү жайды ыңгайлаштыруу добуш берүү процессиндеги инклюзивдүүлүк принцибинин маанилүү бөлүгү болуп эсептелет, анткени ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар шайлоо күнү шайлоо участкасына өз алдынча келип добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алат. Белгиленгендей, административдик жана башка коомдук жайлардын шайлоолордо гана эмес, дайыма жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттин милдети болуп эсептелет. Шайлоо участкаларынын (шайлоо участкалары жайгашкан имараттардын) жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат менен Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Отурумдун жүрүшүндө бул көйгөй боюнча аймактык бөлүмдөр деңгээлинде маалымат берүү жана чагылдыруу боюнча чараларды көрүү, бюджеттик пландоодо ведомствого караштуу имаратта пандустарды оңдоо же орнотууну карап чыгуу, ДСМЧ үчүн чөйрөнү долбоорлоого байланышкан маселелер боюнча адистерди окутууну карап чыгуу сунушталды. БШК төрагасы Н.Шайлдабекова мамлекеттик органдарды имараттардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча милдеттердин көпчүлүгүн ушул шайлоолор аралык мезгилде чечүү үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырды. Отурумда ошондой эле ДСМЧ жарандардын шайлоолорго катышуусун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган башка өлкөлөрдүн практикасы боюнча маалымат берилди. Шайлоо участкаларына ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жеткирүүгө жардамдашкан ыктыярдуулар топторун түзүү, ДСМЧ жарандарды акысыз ташуучу муниципалдык социалдык такси, арабачадагы жарандар УИК кезметчи-мүчөнү чакыруусу үчүн кире бериште “чакыруу кнопкасы” болуусу, ж.б. кызыктуу тажрыйба болуп эсептелет. КР БШК бир канча шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көрүүсү начар же көрбөгөн жарандарга Брайл шрифти менен басылган трафарет-бюллетендерди жана А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупалар сыяктуу кошумча каражаттарды колдонуп келүүдө. Акыркы шайлоодо ДСМЧ жарандарды мобилизациялоого багытталган “Кошунаңды ээрчите кел” акциясы Кыргызстандын натыйжалуу тажрыйбасы болуп калды. Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча иш планы талкууланды, анын ичинде жогорудагы маселелер боюнча Өкмөт менен бирге аракеттешүүнү улантуу, ДСМЧ жарандардын шайлоо маселелери жана КР саясий системасы боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу үчүн КР Конституциясын жана башка китептерди Брайл шрифти менен чыгаруу, ДСМЧ көйгөйлөрүн партиялардын программасына кошуу боюнча партиялар менен иштешүү, ж.б. комплекстүү чаралар каралды. Маалымат катары: Жумушчу топтун курамына ДСМЧ жарандар менен иш алып баруучу коомдук уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирет. Жумушчу топ өз ишмердүүлүгүн “Эгль” КФнун жана ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин колдоосу менен ишке ашырат. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты С.Келдибаевге өткөрүп берилди
24.04.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты С.Келдибаевге өткөрүп берилди

Бүгүн, 2018-жылдын 24-апрелинде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалгандыгына байланыштуу, Жогорку Кеңештин депутаты А.С.Өмүрбекованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бош калган мандат “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Сагындык Аширалиевич Келдибаевге өткөрүп берилди. Бош калган мандатты өткөрүп берүүнү даярдоо процессинде, КР БШКсы С.А.Келдибаевдин талапкерлигинин мыйзамда орнотулган талаптарга ылайык келүүсүн изилдеп чыкты. КР БШК талап кылган жаңы форма боюнча өзү жөнүндө маалыматтарды берүүдө С.Келдибаев 2006-жылы Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгын, жана ал жарандык жеке арызы боюнча 2014-жылдын 23-декабрында токтотулгандыгын билдирген. КР БШКга С.Келдибаевдин Россия Федерациясынын жарандыгы 2014-жылдын 23-декабрында токтотулгандыгы жөнүндө Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин 2018-жылдын 14-мартында берилген маалым каты тапшырылган. Ошол эле учурда, 2018-жылдын 24-апрелинде КР БШКга бир катар коомдук уюмдардын (“Биз биргебиз” КУ, “Өзгөн айымдары” КУ, “Жаштардын демократиялык партиясы” саясий партиясы, “Жаштар Ынтымагы” демилгелүү тобу, “Жаштардын Республикалык Союзу” ЭКУ, “Демократ эл аралык институту” КУ, “Орион” КУ) өкүлдөрүнөн кайрылуу келип түшкөн, анда алар С.А.Келдибаевдин башка өлкөнүн жарандыгы бар же жок экенин кылдат иликтөө жүргүзүүнү суранып, төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелген: Ош облустук ИИБнын начальниги М.Бороновдун суроо-талабы боюнча Красноярск крайынын ИИБнын С.А.Келдибаев 2012-жылда паспорт алгандыгы жөнүндө 2015-жылдын декабрындагы каты; 2012-жылдын октябрына карата С.Келдибаев “Асага+” ЖЧКнын жетекчиси болгондугу жөнүндө архивдик маалым кат. Берилген көчүрмөлөрдү карап чыгып, БШК 2015-жылдагы Красноярск ИИБнин катында 2012-жылы паспорт алынгандыгы көрсөтүлгөндүгүн белгилейт. Бул катта суроо-талап алынган 2015-жылда Россия Федерациясынын жарандыгы бар экендиги көрсөтүлгөн эмес. Бул маселе боюнча С.Келдибаев 2006-жылдан 2014-жылга чейин Россиянын жараны болгон учурда, россия мыйзамдарынын талаптары боюнча 45 жашка толгондугуна байланыштуу 2012-жылы паспорт алмашкандыгын түшүндүрдү. Ошондой эле 2012-жылда Россияда “Асага” ЖЧКнын директору болгондугун жана ал уюм кийин жабылгандыгын билдирди. С.Келдибаевден анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштетүүгө, анын ичинде КР БШК коомдук уюмдардын кайрылуусунда көрсөтүлгөн маалыматтарды тактоосу үчүн зарыл учурда башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен маалымат алмашууга макулдугу алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Г.Абдимиталипованы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды
24.04.2018

Г.Абдимиталипованы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды

2018-жылдын 24-апрелинде КР БШК “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен жеке арызынын негизинде Абдимиталипова Гүлзар Жусумаматовнаны чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
24.04.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 24-апрелинде КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Чоң-Алай, Таш-Көмүр жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Ошентип: -Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Н.Сейитбекова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т.Калбаевге өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешиндеги “КСДП” партиясынан депутаты Т.Колоев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – И.Боронбаевге өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин “Табылга” депутаттык фракциясынан депутат К.Ишембиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Бейшембиевге өткөрүлүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
24.04.2018

Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

2018-жылдын 24-апрелинде КР БШК Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтом Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.Садывакасованын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндөгү арызынын негизинде кабыл алынды. Ошентип: - Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Н.Садывакасова (“Элдик-Народная” саясий партиясынан) чыгарылды жана комиссиянын курамына резервден А.Исаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Талас районундагы У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдор бекитилди
24.04.2018

Талас облусунун Талас районундагы У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдор бекитилди

2018-жылдын КР БШКсы 2018-жылдын 13-апрелинде өткөн Талас облусунун Талас районундагы У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти. Берилген протоколдордун негизинде У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Айталиев Козубек Кундузбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Талас аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 379 381 … 483

Акыркы жаңылыктар