Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 24-майында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ош, Өзгөн, Нарын, Балыкчы жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Ош шаардык кеңешиндеги “Бир-Бол” партиясынан депутат А. Байзаков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Э.Кулназаровго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешиндеги “СДПК” партиясынан депутат М. Хоринов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Х. Абдурахмановго өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги “Кыргызстан” партиясынан депутат Д. Курманов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Н. Андабековго өткөрүп берилди;
-Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешиндеги “Кыргызстан” партиясынан депутат А.Смадияровдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –М. Куловага өткөрүп берилди;
-Чүй облусунун Москва районундагы Чапаев айылдык кеңешинин депутат У. Мамырбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – У. Набиевге өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 2-майындагы №4-чечимин жокко чыгарды
КР БШК 2018-жылдын 21-майындагы №8-чечими менен Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 2-майындагы №4-чечимин жокко чыгарды.
2018-жылдын 27-апрелинде Кызыл-Кыя АШК №3-протоколу менен КСДП саясий партиясынан Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты К.И.Турдумаматовдун өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.
2018-жылдын 2-майында Кызыл-Кыя АШК №4-протоколу менен Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутатынын бош калган мандатын, “КСДП” саясий партиясынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасынын негизинде, талапкерлердин тизмесинде 20-номерде турган талапкер К.И.Ниязовго өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Бул жерде АШК КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесинде 15-номерде турган Т.Алимбекова тизмедеги кезегин өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча мурда жазылган арызын кайра чакыртып алгандыгын көңүлгө алган эмес.
Бул маселени изилдеп чыгуу үчүн БШКнын мүчөлөрүнөн жана БКШнын Аппаратынын кызматкерлеринен куралган Жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топ АШК тарабынан чечим кабыл алууда мыйзам бузууларды аныктады.
2018-жылдын 15-майында КР БШКнын дарегине КСДП саясий партиясынан Кызыл-Кыя АШКга мурда жиберилген 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасын кайра чакыртып алуу жана бош калган мандатты мыйзамдарга ылайык, тизмеде кийинки орунда турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө кат келип түшкөн.
БШКнын чечиминде белгиленгендей, Кызыл-Кыя АШКсы КСДП саясий партиясынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасын чакыртып алгандыгын эске алуу менен, шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турган талапкер Алимбекова Тахминага мандатты өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн кээ бир жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды
2018-жылдын 21-майында КР БШК Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы кээ бир жергиликтүү кеңештерине кезектеги жана кезексиз шайлоолордун жыйынтыктарын жана добуш берүү протоколдорун карап чыкты жана бекитти.
Добуш берүү күнүндө ар бир шайлоо участкасында, добуш берүүнүн башынан аягына, жана жыйынтыктарын чыгарууга чейин саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын байкоочулары катышышты.
Шайлоо процессинин жүрүшүндө жергиликтүү кеңештердин шайлоо участкаларында МКК жана АЭУ жабдууларынын иштебей калуусу болгон жок.
Добуш берүү процесси, добуш берүүнүн натыйжаларын жана жыйынтыктарын белгилөө боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча арыз жана даттануулар келип түшкөн жок.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешине депутаттарды кезектеги шайлоодо 31 мандаттык округда 88 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 13 653 түздү, алардын ичинен 7 324 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул жалпы шайлоочулардын 53,6 пайызын түзөт.
Шайлоонун натыйжасында төмөнкү талапкерлер Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды (таблица).
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоодо 11 мандаттык округда 28 талапкер катталган. Жалпы шайлоочулардын саны 2 973, алардын ичинен 1 485 добуш берүүгө катышты, бул жалпы шайлоочулардын 49,95 пайызын түзөт.
Шайлоонун натыйжасында төмөнкү талапкерлер Казыбек айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды (таблица).
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоодо 21 мандаттык округда 55 талапкер катталган. Шайлоочулардын жалпы саны 5 844 түздү, алардын ичинен 2 887 добуш берүүгө катышты, бул жалпы шайлоочулардын 49,4 пайызын түзөт.
Шайлоонун натыйжасында төмөнкү талапкерлер Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды (таблица).
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын кезексиз шайлоодо 21 мандаттык округда 58 талапкер катталган. Шайлоочулардын жалпы саны 3 735 түздү, алардын ичинен 1 677 добуш берүүгө катышты, бул жалпы шайлоочулардын 44,9 пайызын түзөт.
Шайлоонун натыйжасында төмөнкү талапкерлер Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды (таблица).
Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын кезексиз шайлоодо 21 мандатка 122 талапкер катталган. Шайлоочулардын жалпы саны 8 423 түздү, алардын 2 810 добуш берүүгө катышты, бул жалпы шайлоочулардын 33,36 пайызын түзөт.
Шайлоонун натыйжасында төмөнкү талапкерлер Сокулук айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды (таблица).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 13-майында болуп өткөн Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жана добуш берүүнүн протоколдору бекитилди
2018-жылдын 21-майында БШК 2018-жылдын 13-майында болуп өткөн Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жана протоколдорун карап чыкты жана бекитти.
Токтогул шаардык кеңешинде 1 шайлоо округу жана 5 шайлоо участкалары: № 2235, № 2236, № 2237, № 2238, № 2239 түзүлгөн.
Токтогул шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт.
Шайлоочулардын саны 10 819ду түздү, анын ичинен добуш берүүгө 5 475 катышты, бул шайлоочулардын жалпы санынын 50,61 пайызын түзөт.
Каттоодон 6 партия өткөн: “Ата-Журт” – (32 талапкер); “Мекеним Кыргызстан” – (50 талапкер); “Өнүгүү-Прогресс” – (35 талапкер), “Бирик” – (35 талапкер); “КСДП” – (47 талапкер); “Энергетиктер” – (36 талапкер),
алардын ичинен 5 саясий партия добуштардын 7 жана андан көп пайызын алышты:
- КСДП – 1711 добуш - 31,26 % (7 мандат),
- “Мекеним Кыргызстан” - 28,05% (6 мандат),
- “Өнүгүү-Прогресс” - 15,41% (3 мандат),
- “Ата-Журт” - 626 добуш - 11,45% (3 мандат),
- “Энергетиктер Партиясы” - 7,2% (2 мандат).
Добуш берүү күнүндө ар бир шайлоо участкасында, башынан аягына, жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга чейин саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын байкоочулары катышышты.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун жыйынтыктары боюнча арыздар келип түшкөн жок.
Шайлоо процессинин учурунда, Токтогул шаардык кеңешинин шайлоо участкаларында жабдуулардын иштебей калуу учуру болгон жок.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы №2235, №2236, №2237, №2238, №2239 шайлоо участкаларынын добуш берүүнүн натыйжалары боюнча протоколдорунун негизинде шалоолор өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасын аныктады.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Энелер күнү менен куттуктоосу
Урматтуу энелер!
Камкордуктун жан дүйнөнү жылыткан жылуулуктун ушундай укмуштуудай майрамында, биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктообузду кабыл алып коюңуздар! Энелер күнү – бизге ар бирибиз үчүн сүйүктүү майрам болуп калды. Бизди алгачкы кадам таштоого, өз алдынча ой жүгүртүүгө, чечим кабыл алууга үйрөткөн боорукер жана даанышман энелерибизге өзүбүздүн ыраазычылыгыбызды дагы бир ирет билдирүүгө бул күн себеп болуп калды.
Биз энелерибиз менен дайыма сыймыктанабыз. Сиздер бул дүйнөнү сулуулук, жакшылык, боорукердик менен толтурасыздар, кыйынчылык учурда эбегейсиз туруктуулук, сабырдуулук, чыдамкайлык жана даанышмандык көрсөтүп, балдарыңыздарды турмуштук көйгөйлөрдөн жана баш аламандыктан коргойсуздар.
Эненин табышмактуулугу жана күчү – турмуштук көйгөйлөргө жана каатчылыктарга каршы турууга, үй-бүлө коломтосун сактоого, ошол эле учурда таң калаарлык сезгич, назик жана сулуу болуп кала берүү жөндөмдүүлүгүндө.
Сиздердин жакындарыңыздардын сүйүүсүнө, алкышына жана камкордугуна толгон табышмактуу майрамдык чөйрө башка күндөрү да сиздерди курчап турсун. Урматтуу апалар, Сиздерге ден соолук, амандык, жан дүйнөңүздөргө шайкештик жана жазгы маанай каалайбыз! Турмушуңуздарда жаркыраган күн, ачык түстөр жана жылмаюу көп болсун!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 4-майында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ош, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Баткен жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Ош шаардык кеңешиндеги “Бир-Бол” партиясынан депутаты А. Маметова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – С. Курбаназаровго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А. Шамшиевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –У.Назарбековго өткөрүп берилди;
-Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык кеңешинин депутаты М. Алимов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – М. Исмайиловго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А. Ташиевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –К.Эшматовго өткөрүп берилди;
-Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты А. Исаков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – И. Сайфидиновго өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоӊ-Таш айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ж.Жумабекованын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Р.Жаныбаевге өткөрүп берилди;
-Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Санташ айылдык кеңешинин депутаты К. Балтабаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Ш.Ибраевага өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Н. Искакованын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –А. Конурбаевге өткөрүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Буура жана Боз-Учук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
2018-жылдын 15-майында КРнын БШКсы 2018-жылдын 11-майында өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Бекболотов Арген Тургунбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Сейлибаев Айдарбек Кадырбаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Кара-Буура жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР ЖК депутатынын бош мандаты Самат Гульнара-Кларага өткөрүп берилди
Соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу КР ЖК депутаты А.Ж.Салянованын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 3-мартында мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыктан, бүгүн, 2018-жылдын 15-майында, бош мандат “Ата-Мекен” Социалисттик партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турган Самат Гульнара-Кларага өткөрүлүп берилди. БШК талапкердин мыйзам талаптарына туура келүүсүн карап чыгуу процессинде “Карек” коомдук бирикмесинен Самат Гульнара-Кларанын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан тышкары Россия Федерациясынын жарандыгы болуусу мүмкүн деген кайрылуу келип түшкөн. КР БШК тарабынан КР Тышкы иштер министрлигине Самат Гульнара-Кларанын башка жарандыгы боюнча маселени тактоо суроо-талабы жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда, КР жана РФ мыйзамдарынын талаптарына ылайык, анын жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдугу алынган.
2018-жылдын 29-мартында КР БШКга “Ата-Мекен” Социалисттик саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен бир канча адамдарды, анын ичинде Самат Гульнара-Клараны чыгаруу тууралуу, анын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арызы тиркелген кайрылуу келип түшкөн.
2018-жылдын 5-апрелинде КР БШКга Самат Гульнара-Кларадан КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызын чакыртып алуу жана аны жокко чыгаруу тууралуу арыз келип түшкөн.
2018-жылдын 6-апрелинде КР БШКнын чечими менен “Ата-Мекен” Социалисттик саясий партиясынын Самат Гульнара-Клараны КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу тууралуу кайрылуусун канааттандыруудан баш тартылган.
2-жана 17-апрелде КР ТИМ Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жообу жөнүндө кабарлаган, анда РФ ИИМ ММББ Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер боюнча 1993-жылдын 22-январындагы Конвенциянын 5-беренесине шилтеме жасап, бул суроо-талапты тиешелүү юстиция органдарына жөнөтүүнү зарыл деп эсептейт.
2018-жылдын 10-майында, Самат Гульнара-Клара боюнча материалдарды карап чыгуу боюнча түзүлгөн БШКнын Жумушчу тобу тиешелүү органдардын жообун алгандан кийин бул маселени КР БШКнын отурумуна алып чыгуу чечимин кабыл алган.
2018-жылдын 14-майында КР БШКга Россия Федерациясынын юстиция министрлигинин 2018-жылдын 25-апрелине карата эсептерде РФ ИИМ маалыматы боюнча Самат Гульнара-Клара (Кабилова Клара Саматовна) Россия Федерациясынын жарандыгын алган адам катары көрсөтүлгөн эмес.
Мыйзамдардын жана келтирилген документтердин негизинде, КР БШК Самат Гульнара-Клараны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө 2018-жылдын 14-майына карата отчету
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2018-жылдын 14-майына карата саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү маалыматты жайгаштырат.
Токтогул ш.
Саясий партия
Келиптүштү
Чыгымдалды
Калдык
1
Бирик
46 835
46 495
340
2
Энергетиктердин
71 000
71 000
0
3
Мекеним Кыргызстан
155 500
154 680
820
4
Ата-Журт
85 000
85 000
0
5
КСДП
128 000
128 000
0
6
Өнүгүү -Прогресс
41 500
39 500
2 000
Айылдык кеӊештер
№
Талапкерлер
Айылдык кеӊеш
Келиптүштү
Чыгымдалды
Калдык
1
Максатбек уулу Ы.
Сокулук
1000
0
1000
2
Орозбаев Б.Н.
Сокулук
1 100
0
1100
3
Самарбеков Э.С.
Сокулук
100
0
100
4
Жумалиев Н.Н.
Сокулук
5100
0
5100
5
Исакбаев А.А.
Сокулук
100
0
100
6
Бакиров Д.А.
Сокулук
4100
0
4100
7
Устабаев Б.Т.
Сокулук
100
0
100
8
Мурзаев Ж.Т.
Сокулук
7250
0
7250
9
Эсенаманов Д.Э.
Сокулук
3100
0
3100
10
Шаршенкулов С.С.
Сокулук
1100
0
1100
11
Матмуратов С.М.
Сокулук
1000
0
1000
12
Эрнисов Э.Э.
Сокулук
100
0
100
13
Акматов У.А.
Сокулук
2100
0
2100
14
Курбанбеков Н.А.
Сокулук
1000
1000
0
15
Чекирова Б.К.
Сокулук
2 500
2500
0
16
Ракимбаева В.К.
Сокулук
1 000
1000
0
17
Муктыбаев Б.А.
Сокулук
500
500
0
18
Прищепов В.В.
Сокулук
1 000
1000
0
19
Шаршенов У.К.
Сокулук
1 000
1000
0
20
Ивженко Л.М.
Сокулук
1 000
1000
0
21
Резниченко В.Н.
Сокулук
1 000
1000
0
22
Бербаев С.Н.
Сокулук
1 000
1000
0
23
Койлубаев Д.М.
Сокулук
700
700
0
24
Рыспек кызы А.
Сокулук
1 000
1000
0
25
Исагалиев М.К.
Сокулук
1 000
1000
0
26
Кочербаев А.Д.
Сокулук
1 000
1000
0
27
Джумашева Н.Ш.
Сокулук
1 000
0
1000
28
Шерматова Ж.А.
Сокулук
1 000
1000
0
29
Оторкулов У.А.
Сокулук
1 000
1000
0
30
Токторов А.Д.
Сокулук
1 000
1000
0
31
Бедельбаев А.Б.
Сокулук
200
0
200
32
Доолотбаков А.О.
Сокулук
2 000
1000
1000
33
Кожогельдиев Т.К.
Сокулук
2 000
0
2000
34
Шамканова А.Т.
Сокулук
2 000
1000
1000
КР БШК мүчөсү,
КР БШК КТТ жетекчиси А. Асаналиев
Кененирээк билүү >>
Көк-Арт айылдык айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат
2018-жылдын 13-майында Сузак районундагы Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоо болуп өттү. Сузак районундагы Көк-Арт айылдык кеңешинде 5 844түн 2 890у добуш берди – бул шайлоочулардын 49,45 пайызын түздү. Добуш берүү беш шайлоо участкасында жүрдү.
2018-жылдын 13-майындагы шайлоого 21 мандаттуу кеңеште 55 талапкер катталган.
Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
Бүгүнкү күнгө чейин, добуш берүүнүн натыйжалары боюнча арыз даттануулар келип түшкөн жок.
УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Төлөйкөн айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат
2018-жылдын 13-майында Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоо болуп өттү. Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде 13 659дан 7 319 добуш берип, 53,61% түздү. Добуш берүү сегиз шайлоо участкасында жүрдү.
2018-жылдын 13-майындагы шайлоого 31 мандаттуу кеңеште 88 талапкер катталган.
Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
Бүгүнкү күнгө чейин, добуш берүүнүн натыйжалары боюнча арыз даттануулар келип түшкөн жок.
УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Жыгач айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат
2018-жылдын 13-майында Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу болуп өттү. Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарынын айыл өкмөтүнүн башчысын белгиленген мөөнөттө шайлабагандыгына байланыштуу, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңеш таркатылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинде 3 735тин 1 677си добуш берип, 44,90 пайызды түздү. Добуш берүү эки шайлоо участкасында жүрдү.
2018-жылдын 13-майындагы шайлоого 21 мандаттуу кеңеште 57 талапкер катталган.
Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
Бүгүнкү күнгө чейин, добуш берүүнүн натыйжалары боюнча арыз даттануулар келип түшкөн жок.
УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Казыбек айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат
2018-жылдын 13-майында Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоо болуп өттү. Ат-Башы районундагы Казыбек айылдык кеңешинде 2 973түн 1 485и добуш берип, 49,95% түздү Добуш берүү эки шайлоо участкасында жүрдү.
2018-жылдын 13-майындагы шайлоого 11 мандаттуу кеңеште 28 талапкер катталган.
Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
Бүгүнкү күнгө чейин, добуш берүүнүн натыйжалары боюнча арыз даттануулар келип түшкөн жок.
УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Сокулук айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат
2018-жылдын 13-майында Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу болуп өттү. Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарынын айыл өкмөтүнүн башчысын белгиленген мөөнөттө шайлабагандыгына байланыштуу, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңеш таркатылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Сокулук айылдык кеңешинде 8 423 шайлоочудан 2 810 добуш берип, бул 33,36 пайызды түздү. Добуш берүү беш шайлоо участкасында жүрдү.
2018-жылдын 13-майындагы шайлоого 21 мандаттуу кеңеште 122 талапкер катталган.
Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
Бүгүнкү күнгө чейин, добуш берүүнүн натыйжалары боюнча арыз даттануулар келип түшкөн жок.
УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Алдын ала маалыматтар боюнча Токтогул шаардык кеңешине 5 саясий партия өткөнү жатат
Алдын ала маалыматтар боюнча Токтогул шаардык кеңешине 5 саясий партия өткөнү жатат.
2018-жылдын 13-майында Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоолор болуп өттү. Токтогул шаарында добуш берүү 5 шайлоо участкасында өттү.
Шаар боюнча баары болуп шайлоочулардын тизмесине кирген 10 819 шайлоочунун 5 475 шайлоочу добуш берди, бул 50,61 пайызды түзөт.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шайлоолорго катышкан алты саясий партиянын бешөө 7 пайыздык босогону басып өтүштү: КСДП – 1 711 добуш - 31,25 % (7 мандат), “Мекеним Кыргызстан”- 1 534 добуш - 28,02% (6 мандат), “Өнүгүү-Прогресс”- 844 голоса - 15,42% (3 мандат), “Ата-Журт” - 626 добуш - 11,43% (3 мандат), “Энергетиктер Партиясы” – 395 добуш -7,21% (2 мандат).
Шайлоого алгачкы ирет катышып жаткан “Бирик” партиясы 300 добуш менен 5,48 пайыз алып, мандаттарды бөлүштүрүүдөн сыртта калды.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Алты жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады
Саат 20.00гө, шайлоо участкаларынын жабылуу убактысына карата 21 653 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 54,84 пайызын түзөт. Алты жергиликтүү кеңешке шайлоолордо шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 45 447 шайлоочу киргизилген.
- Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде 13 659дан 7 319 добуш берип, 53,61% түздү;
- Сузак районундагы Көк-Арт айылдык кеңешинде 5 844түн 2 890у добуш берди – бул шайлоочулардын 49,45 пайызын түзөт;
- Ат-Башы районундагы Казыбек айылдык кеңешинде 2 973түн 1 485и добуш берип, 49,95% түздү;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул айылдык кеңешинде 10 819дун 5 475и добуш берип, 50,61% түздү;
- Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинде 3 735тин 1 677си добуш берип, 44,90 пайызды түздү;
- Сокулук районундагы Сокулук айылдык кеңешинде 8 423төн 2 810 добуш берип, 33,36 пайызды түздү.
Добуш берүү бүтүшү менен бардык байкоочулар добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча автоматтык үкөктөрдүн отчетун колдоруна ала алышат, ушул эле отчеттор автоматтык режимде “http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do” сайтына жөнөтүлөт, жана участкалар, шаарлар, айылдык аймактар боюнча бөлүнүп ачык жеткиликтүү көрүүгө болот. Ошондой эле, байкоочуларга участкадагы шайлоочуларды идентификациялоо боюнча отчет да берилет.
Бардык участкаларда добуштарды кол менен эсептөө башталды. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда добуш берүү аяктаары менен башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 36-беренеси).
Добуштарды кол менен эсептөө бүткөндөн кийин, кол менен эсептөөнүн протоколунун көчүрмөсү бардык байкоочуларга берилет, протоколдун өзү сканерленип, графикалык көчүрмө катары (идентификация боюнча отчет менен бирге) шайлоо сайтына жөнөтүлөт, кол менен эсептөөнүн маалыматтары шаарлардагы жана райондордогоу аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилгенден кийин сайтка жайгаштырылат.
Ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топтун маалыматы боюнча, добуш берүүнүн жүрүшүндө арыздар жана даттануулар келип түшкөн жок.
Ар бир участка боюнча добуш берүүнүн натыйжаларын төмөнкү шилтеме боюнча карап көрүүгө болот: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do?ifxService=ESS_V_PG001&ifxResultPage=ESS_V_PU001
Эске сала кетсек, бүгүн, 2018-жылдын 13-майында алты жергиликтүү кеңештин: 1 шаардык жана 5 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Баары болуп 126 депутатты шайлоо алдыда турат, анын 21 шаардык кеңешке жана 105 айылдык кеңештин депутаттары. Добуш берүү 27 участкада өттү.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды