Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Асылбаш жана Ак-Муз айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
05.06.2018

Асылбаш жана Ак-Муз айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди

2018-жылдын 5-июнунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 30-майында өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти. Протоколдордун негизинде Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Жумабеков Жалын Самудинович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Иса уулу Нурланбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Сокулук жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын  шайлоо 2018-жылдын 5-августуна дайындалды
05.06.2018

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна дайындалды

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы №133 Жарлыгы менен, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна, жекшембиге дайындалды. КР БШК 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоого жумшалган жалпы чыгымдын суммасы 1 410 600 (бир миллион төрт он миң алты жүз) сом түздү. “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы 2018-жылдын 5-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп бекитилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды
01.06.2018

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды

2018-жылдын 1-июнунунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды. Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 28-майындагы № 07-б буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исираилов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. 2018-жылдын 28, 29 жана 31-майында жаңыдан шайланган Нарын облусунун, Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусунун, Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңештеринин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин биринчи сессиялары өткөрүлгөн. КР БШКнын токтомуна ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэрин, Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя, Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 20-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Токтогул, Кочкор, Ат-Башы, Аксы жана Сузак АШКрына тапшырылды. Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт. Ошондой эле, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
01.06.2018

Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди

2018-жылдын 1-июнунда КР БШКсы 2018-жылдын 25-майында өткөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти. Берилген протоколдордун негизинде Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп таанылып, Молдогазиев Максатбек Аманкулович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
01.06.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 1-июнунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кызыл-Кыя, Кара-Кулжа жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешиндеги “КСДП” партиясынан депутат К. Турдуматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т. Алибековага өткөрүлүп берилди; -Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айылдык кеңешиндеги депутат Ж. Турганбаевдын депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Ш.Байдыевге өткөрүп берилди; -Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылдык кеңешиндеги депутат Э.Алымбековго карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –К. Талантовго өткөрүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Боршайком Чүй облустук “Максат” ДМЧ балдардын жана өспүрүмдөрдүн калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларына белектерди берип, майрам уюштуруп берди
01.06.2018

Боршайком Чүй облустук “Максат” ДМЧ балдардын жана өспүрүмдөрдүн калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларына белектерди берип, майрам уюштуруп берди

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү БШК жетекчилигинин жана БШК мүчөлөрүнүн колдоосу менен БШК Аламүдүн районунун Дачное айылындагы Чүй облустук “Максат” ДМЧ балдардын жана өспүрүмдөрдүн калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларына белектерди берип, майрам уюштуруп берди. Жаркыраган салтанатты уюштуруу үчүн балдар майрамдарынын студиясы чакырылып, алар шоу программа коюп беришти. Азыркы күндө борбордо 4 жаштан 16 жашка чейинки 75 бала жашап жатат. КР БШКнын аппаратынын  маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 31-майында Жалал-Абад шаарында КР шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча аймактык коомдук диалог болуп өттү
31.05.2018

2018-жылдын 31-майында Жалал-Абад шаарында КР шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча аймактык коомдук диалог болуп өттү

Бүгүн, 2018-жылдын 31-майында, Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аймактык коомдук диалог болуп өттү. Аймактардагы бул диалогдун максаты, Жумушчу топ тарабынан сунушталгандай, шайлоо системасын 4 максаттуу багытта өркүндөтүү, жана талкуунун катышуучулары тарабынан сунушталган маселелер боюнча кеңири талкууну баштоо: - “Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү”; - “Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуунун жана аларды тыюунун механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу”; - “Жергиликтүү шайлоолор. Шайлоо комиссияларынын ЖӨБ органдары менен бирге аракеттешүүсү”; - Саясий партиялардын ролун күчөтүү аркылуу КРда парламентаризмди өнүктүрүү. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган. Диалогдун катышуучулары төмөнкү көйгөйлөргө байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл бурушту: - саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин түзүү; - талапкерлердин тизмеси үчүн партиянын лидеринин жана анын жетекчи органдарынын жоопкерчилиги; - жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сессияга келбегендиги үчүн жоопкерчилик киргизүү зарылчылыгы; - шайланган депутаттардын башка өлкөнүн жарандыгы бар экендиги жана соттолгондугу жөнүндө маалыматтарды жашыргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинин жоктугу; - жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгүнүн төмөндүгү. Катышуучулар ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн жер-жерлерде окутуу боюнча иш чараларды өткөрүү зарылчылыгын белгилеп, ошондой эле, мектеп директорлоруна жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына өз талапкерлигин коюуга уруксат берүү, жогорку шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан өз кирешелерин декларациялоо зарылчылыгын, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылыгына талапкерлерге талаптарды катаалдаштыруу зарылчылыгы белгиленди. Талкууда катышкандар: КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова, КР БШКнын мүчөлөрү А.Асаналиев, Г.Баатырова, К.Осмоналиев, А.Сатыгулов, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев, эксперттер-жумушчу топтун мүчөлөрү – “Жарандык платформа” КФ директору А.Усупбекова, “Жарандык умтулуу” КФ директору К.Мамытова, “Эгль” КФ эксперти Б.Самаков, раймамадминистрациялардын, ЖӨБО, укук коргоо органдарынын жетекчилери, шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары, КР саясий партияларынын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, жарандык сектордун активисттери, МЭУ жана ЖМК өкүлдөрү. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү
29.05.2018

Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү

Бүгүн, 2018-жылдын 29-майында, Баткен шаарында, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратениясын иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында “Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо” аталыштагы экинчи коомдук диалог болуп өттү. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган. Аймактардагы бул диалогдун максаты шайлоо системасын өркүндөтүү жолдору боюнча кеңири коомдук талкуулоону баштоо. Аймактык коомдук диалогдун катышуучулары өзгөчө көңүлдү шайлоо боюнча мыйзамдардын, шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн төмөнкү көйгөйлөрүнө бурушту: шайлануучу органдарда аялдардын өкүлчүлүгүнүн төмөндүгү, үгүт иштерин жүргүзүүнүн жүрүшүнүн талапкерлердин финансылык ресурстарынын таасири, жалпыга маалымдоо каражаттарынын талапкерлерге тегиз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, биргелешкен, анын ичинде дебат формасындагы иш чаралардын санын көбөйтүү, чет өлкөдө жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүүнүн зарылдыгы. Катышуучулар ошондой эле бардык деңгээлдеги шайлоолор үчүн эң курч көйгөй болгон добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту пайдаланууга тыюу салуу жана алар үчүн жоопкерчиликке тартуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти. Катышуучулар сунуш катары жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүн киргизүүнү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысын тике шайлоону киргизүүнү, КР ЖК депутаттарынын санын кыскартууну, ошондой эле башка өлкөнүн жарандыгы бар экендиги жана соттолгондугу жөнүндө маалыматтарды жашыргандыгы үчүн шайлануучу адамдардын жоопкерчилиги тууралуу ченемдерди иштеп чыгууну белгилешти. Талкуулоодо катышкандар: КР БШКнын төрагасынын орун басары Бекматов А., КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Матмуратов А., Жумушчу топтун эксперттери – А.Усупбекова, “Жарандык платформа” КФнун директору; К.Мамытова, “Жарандык умтулуу” КФнун эксперти; Б.Самаков, “Эгль” КФнун эксперти, жарандык сектордун активисттери, шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары, КРнын саясий партияларынын өкүлдөрү, ЖӨБО өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, Баткен университетинин окутуучулары жана студенттери, МЭУ жана ЖМК өкүлдөрү. КР БШКнын аппаратынын  маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
2017-жылдагы КР Президентин шайлоодогу шайлоочулардын тизмесине кирген жарандардын саны 2015-жылдагы парламенттик шайлоодогудан 264 473 адамга көп
28.05.2018

2017-жылдагы КР Президентин шайлоодогу шайлоочулардын тизмесине кирген жарандардын саны 2015-жылдагы парламенттик шайлоодогудан 264 473 адамга көп

2018-жылдын 25-майында Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосунда 2016-жылы кол коюлган Макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” Программасы боюнча Байкоочу комитеттин жаңыланган курамынын отуруму болуп өттү. Отурумда Кыргыз Республикасында шайлоо реформасынын учурдагы этабындагы пландык индикаторлоруна жетишүү маселеси каралды. Анда белгиленгендей, программанын алкагында төмөнкү индикаторлор аткарылды: 1. Шайлоо процесстерине ишенимди арттыруу – ишеним деңгээли (Макулдашуунун шарттарына ылайык) Гэллап Институтунун методикасы боюнча өткөрүлгөн Кыргызстандын калкын сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча бааланат.  КР БШКнын буюртмасы боюнча Эл аралык Республикалык Институт (ЭРИ) тарабынан аталган методика боюнча өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, КРда шайлоолорго болгон ишеним деңгээли тынымсыз өсүүдө. Ошентип, 2017-жылда – ЭРИ тарабынан өткөрүлгөн улуттук сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, шайлоочулардын шайлоо процесстерине болгон ишеним деңгээли 5%га өскөн (2016-ж сурамжылангандардын 44%, 2017-ж – 49%), ошондой эле ишенбөөчүлүк деңгээлинин төмөндөөсү 6% (2016-ж. – сурамжылангандардын 44%, 2017-ж. – 38%); 2. Шайлоочулардын келиши (2017-ж. 2015-жылга салыштырганда) - 2017-жылдын 15-октябрында Президенттик шайлоолорго шайлоочулардын келиши Кыргызстандын 1 697 868 жаранын, же шайлоочулардын тизмесине кирген 3 025 770 жарандардын жалпы санынын 56,32% түзгөн. 2015-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлолорго шайлоочулардын келиши 1 630 125 жаранды, же шайлоочулардын тизмесине кирген 2 761 297 жарандардын жалпы санынын 59,03%ын түзгөн. Шайлоочулардын келиши 2015-жылга караганда 2017-жылда пайыздык катнашта 2,71%га азайган менен, жыйынтыкталган көрсөткүчтө 2015-жылга караганда 2017-жылда шайлоого 74 489 адамга көбүрөөк катышты. Ошол эле учурда 6 746 шайлоочунун (жалпы шайлоочулардын санынын 0,22%) добушу эсепке алынган жок, анткени 2017-жылда 8 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу боюнча аймактык шайлоо комиссиялары чечим чыгарган. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын тизмесине салыштырганда, 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга тизмеге кирген шайлоочулардын жалпы санынын көбөйүшү 264 473 адамды түзгөн. Алардын ичинен 173 818 шайлоочу тизмеге 2017-жылдын 1-январынан 15-октябрына чейин киргизилген. 3. Шайлоочулардын тизмесинин башкы булагы болгон Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин (КБМР) инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу. 2017-жылдын 15-октябрына карата биометрикалык каттоодон 3 137 595 жаран өткөн (2017-жылдын 1-январына карата биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын саны 2 902 899 адамды түзгөн).  2016-жылга салыштырганда 2017-жылда биометрикалык каттоодон өтүүдөгү активдүүлүгү жогорулап, 234 696 жаран өз маалыматтарын каттаган. Буга мамлекет башчысын шайлоого катышууну каалоодон тышкары, ошондой эле 2017-жылдын май айынан баштап 2017-жылдагы үлгүдөгү паспорттун – электрондук идентификациялык карталардын жарандарга бул мезгилде акысыз негизде берилүүсү, ошондой эле маалыматтарды чогултуучу пункттардын көбөйүүсү жана маалыматтарды чогултуучу мобилдик топтор да түрткү болду. 2017-жылдын 15-октябрына карата биометрикалык маалыматтарды тапшырган 3 137 595 адамдын, 3 025 770 шайлоочулардын тизмесине кирди, бул биометрикалык маалымат тапшыргандардын жалпы санынын 96,44% түзөт. Биометрикалык каттоодон өткөн калган 111 825 адам (3,56%) жашы 18ге жетпегендер. Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жалпы мезгилинде тизмеден 44 612 адам чыгарылды, анын 41 291 каза болгондор, жана 3 321 адам жарандыктан чыккандар. Тизмеге кирген шайлоочулардын саны (3 025 770) менен жарактуу паспорту бар 18 жаштагы жана андан улуу жарандардын санынын (3 768 275) айырмасы 742 505 адамды түзөт. КБМРдин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүү бар болгон тизмелерди тактоо жана жаңыдан топтолгон биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн.  Жарандарга маалымдоо жана маалыматтарды тактоо үчүн, шайлоочулардын тизмеси БШК менен МККнын биргелешкен “tizme.kg” порталында (КБМРден автоматтык жүктөө), участкалар, шаарлар, райондор жана бүтүндөй республика боюнча өз убагында актуалдаштыруу режиминде жайгаштырылды.  Ошол эле убакта, маалыматтарды талдоо үчүн статистика, кайра байланышуу кызматы жана ар бир шайлоочунун которулуусунун тарыхы чагылдырылат. 4. Индикаторлордун бири – добуштарды сатып алууга каршы күрөшүүнүн укуктук механизмдерине тиешелүү.  Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун 2016-жылдын июнундагы мыйзам долбоору шайлоочулардын добуштарын сатып алуунун жоопкечилигин күчөтүү менен катар, добуштарды сатып алууну жеке айыптоо категориясынан жеке-коомдук айыптоо категориясына которууну өз ичине алган, бул ченем Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын январында четке кагылган. Азыркы учурда тиешелүү мыйзам долбоору Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн мыйзам чыгаруу демилгеси катары Жогорку Кеңешке кайрадан алып чыгуу алдында турат. Мындан тышкары, аракеттеги мыйзамда добуштарды сатып алуу үчүн жазанын жогорку өлчөмүн эске алып, жарандар көбүнчө соттук кароонун жүрүшүндө дооматтан баш тарткандыктан (сотто 11 иш тараптардын келишүүсү менен токтотулган), кылмыш жоопкерчилиги менен катар административдик жоопкерчиликти киргизүү да сунушталып жатат. 5. Индикаторлордун бири шайлоо системасын реформалоого тиешелүү жаңы Стратегияны иштеп чыгуу жана бекитүүгө, жана мыйзам чыгарууну реформалоо топтому боюнча парламенттин иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тиешелүү. Байкоочу Комитеттин мүчөлөрүнө бул багыттагы алып барылып жаткан иштер боюнча маалымат берилген.  Стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу КР Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан жүргүзүлүп жатат. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирет. Бир нече кичи топтор түзүлүп, алар менен SWOT- анализ өткөрүлүп, иштин тиешелүү багыттары боюнча көйгөйлөр аныкталган. 2018-жылдын 11-майында Бишкек шаарында “Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн жолдору. Шайлоо процессинин стратегиялык багыттарын аныктоо” деген Коомдук диалог болуп, ал шайлоо системасын өркүндөтүү жолдорун коомчулук арасында талкуулоо үчүн диалог аянтчасына айланды. Диалог учурунда “2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын” долбоорун иштеп чыгуу боюнча пикирлерди жана сунуштарды берүүгө катышуучуларга мүмкүнчүлүк берилди. Азыркы учурда өлкөнүн аймактарында коомдук диалогдор өткөрүлүп жатат.  Талкуулардын жана иштеп чыгуулардын натыйжалары боюнча, Стратегиянын долбоору КР туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешине берилет. Байкоочу комитеттин мүчөлөрү “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” программасынын учурдагы жүрүшүн жактырды.  Байкоочу комитеттин курамына БШК мүчөлөрү, Европа Кошунунун, Президенттин Аппаратынын, тышкы иштер, финансы, экономика министрликтеринин, мамкаттоонун жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. КР БШКнын аппаратынын  маалыматтык бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү
28.05.2018

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү

2018-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштердин алкагында Ош шаарында “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо” коомдук диалогу болуп өттү. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган. Талкууга төмөнкүлөр катышты: КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Махаммадов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Т.Ормонов, Жумушчу топтун эксперттери – А.Усупбекова, “Жарандык платформа” КФнун директору; К.Мамытова, “Жарандык умтулуу” КФнун эксперти; Б.Самаков, “Эгль” КФнун эксперти, жарандык сектордун активисттери, шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары, КРнын саясий партияларынын өкүлдөрү, ЖӨБО өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, МЭУ жана ЖМК өкүлдөрү. Аймактардагы бул диалогдун максаты – шайлоо системасын өркүндөтүү жолдорун Жумушчу топ сунуштаган 3 багыт боюнча жана катышуучулар тарабынан сунушталган башка маселелер боюнча кеңири коомдук талкуулоону баштоо: - “Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү”; - “Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуунун жана аларды тыюунун механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу”; - “Жергиликтүү шайлоолор. Шайлоо комиссияларынын ЖӨБ органдары менен бирге аракеттешүүсү”; - Саясий партиялардын ролун күчөтүү аркылуу КРда парламентаризмди өнүктүрүү. Диалогдун жүрүшүндө катышуучулар, алардын ою боюнча бардык деңгээлдеги шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү учурунда чыгуучу маанилүү жана курч көйгөйлөрдү талкуулашты. Диалогдун катышуучулары өзгөчө көңүлдү жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылыгына талапкерлерге талаптар (билими, эмгек стажы), шайлоочулардын тизмелерин түзүү, шайлоо комиссияларын (ШК) түзүү жана алардын мүчөлөрүн окутуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө гендердик өкүлчүлүктүн кепилденген механизмдери, чет өлкөдөгү шайлоочулардын активдүүлүгүнүн төмөндүгү, ШКнын мүчөлөрүн сыйлоо жана дем берүү чараларын көрүү зарылдыгы, ДМЧА укуктарын коргоо, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө байланышкан маселелер, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятынын төмөндүгү жана шайлоо процессинин катышуучуларын кабарландыруу механизмдерин жакшыртуу зарылдыгы сыяктуу маселелерге бурушту. Диалогдун катышуучулары, ошондой эле шаардык кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө саясий партиялардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.  Ошол эле учурда, аймактык коомдук диалогдун катышуучуларынын пикири боюнча, пропорционалдык система боюнча шайлоолорду өткөрүү чоң шаарлардагы шаардык кеңештерге гана колдонулууга болоорун, ал эми орто жана кичи шаарлардагы шайлоолордо мажоритардык системаны колдонуу зарыл. Иш чара Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын долбоору үчүн сунуштарды иштеп чыгууну талкуулоо менен аяктады. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
К.И.Ниязовдун жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын талаптарын канаатандыруудан баш тартылды
27.05.2018

К.И.Ниязовдун жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын талаптарын канаатандыруудан баш тартылды

2018-жылдын 23-майында БШКга Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин “КСДП” фракциясынын депутаттарынан жана “КСДП” партиясынан талапкерлер тизмесиндеги талапкер К.Ниязовдон эки окшош арыз келип түшкөн, анда алар Кызыл-Кыя АШКнын 2018-жылдын 22-майындагы мандатты катталган тизмедеги кийинки кезекте турган Т.Алымбековага өткөрүп берүү жөнүндөгү чечиминин бейукуктугуна даттанышкан. КР БШКнын 2018-жылдын 21-майындагы (Кызыл-Кыя АШКнын 2018-жылдын 2-майындагы №4 чечимин жокко чыгаруу) №8 чечимине ылайык, “КСДП” саясий партиясынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасын кайра чакыртып алгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя АШК 2018-жылдын 22-майында шайлоо мыйзамдарына ылайык, мандатты катталган тизмеде кийинки кезекте турган талапкерге – Т.Алимбековага өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган. КР БШК Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин “КСДП” фракциясынын депутаттарынын жана К.Ниязовдун арыздарында көрсөтүлгөн талаптарды канаатандыруудан баш тартты, анткени, талапкерлердин кезегин өзгөртүү маселесин чечүүдө жана бош калган мандатты ээлөөдө мыйзам бузууга орун берилген. Арыз берүүчүлөр БШКнын чечимине соттук тартипте доо арыз берүүгө укуктуу. Эске сала кетчү нерсе, 2018-жылдын 2-майында Кызыл-Кыя АШК №4-протоколу менен Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутатынын бош калган мандатын, “КСДП” саясий партиясынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасынын негизинде, талапкерлердин тизмесинде 20-номерде турган талапкер К.И.Ниязовго өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган. 2018-жылдын 15-майында “КСДП” саясий партиясы Кызыл-Кыя АШКга мурда жиберилген 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасын кайра чакыртып алган жана бош калган мандатты мыйзамдарга ылайык, тизмеде кийинки орунда турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө билдирген. БШК партия өз сунуштамасын кайра чакырытып алгандыгын жана Т.Алимбекова кезекти өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү өз арызын кайра чакыртып алгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя АШКнын жогоруда көрсөтүлгөн 2018-жылдын 2-майындагы чечимин жокко чыгарды. КР БШКнын аппаратынын  маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаарынын мэринин жана Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу дайындалды
26.05.2018

Жалал-Абад шаарынын мэринин жана Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 24-майындагы № 370 буйругу менен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. 2018-жылдын 24 жана 25-майында жаңыдан шайланган Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн. КР БШК токтомуна ылайык Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 11-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Жалал-Абад, Кара-Суу жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт. Ошондой эле, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
26.05.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 26-майында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кадамжай, Лейлек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Ошентип: -Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешиндеги депутат А. Эрназаровдун депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –У. Энезаровго өткөрүп берилди; -Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаӊы-Жер айылдык кеңешиндеги депутат В. Узбековдун депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –К. Ниязматовго өткөрүп берилди; -Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айылдык кеңешинин депутат Ч.Тешебаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Б.Токторбаевге өткөрүлүп берилди. -Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешиндеги депутат С. Турдуев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Канатбек уулу Кайратбекке өткөрүп берилди; -Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргы-Ата айылдык кеңешинин депутат А. Азимбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Э.Чожоновго өткөрүлүп берилди; -Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргы-Ата айылдык кеңешинин депутат К. Заирова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – С. Ташалиевага өткөрүлүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча 2018-2020-жылдарга иш-аракеттердин планы талкууланды
26.05.2018

БШКда Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча 2018-2020-жылдарга иш-аракеттердин планы талкууланды

2018-жылдын 25-майында БШКнын Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунун отуруму ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин, Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Шайлоо системаларынын Эл аралык фондунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өттү. Жумушчу топтун 2018-2020-жылдарга иш-аракеттеринин планын талкуулоо негизги маселе болду.  Бул долбоор өткөрүлгөн өнөктүктөрдү шайлоо процессиндеги инклюзивдүүлүк маселелерин чечүү боюнча тараптарды кеңири тартуу менен жүргүзүлгөн талдоолордун натыйжасында иштелип чыккан.          Отурумда шайлоо комиссияларынын Токтогул шаарындагы жана Сокулук районундагы ЖӨБО жана райондук администрациялар менен биргеликте 2018-жылдын 13-майындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктын алкагында жүргүзүлгөн иштери презентацияланды.  ДМЧ адамдар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чаралар көрүлдү. Бардык шайлоо участкаларында пандустар орнотулуп, ошондой эле добуш берүү күнүнө арабачадагы жарандар добуш берүүчү жайга өтүүсүнө жардамдашуучу УИК кезметчи-мүчөсүн чакыруусу үчүн кире бериште “чакыруу кнопкасы” орнотулду. Мындан тышкары, жергиликтүү органдар тарабынан ДМЧ адамдарды участкаларга жеткирүү үчүн социалдык такси уюштурулду (иллюстрациялар).          Отурумда көрсөтүлгөн маселелерди чечүүгө жоопкерчиликтүү жана кызыгуу менен мамиле кылган жергиликтүү органдардын иштери оң бааланды.  Токтогулдуктардын жана сокулуктуктардын иш тажрыйбасы шайлоодогу ийгиликтүү тажрыйба катары башка аймактарга таратылат. Добуш берүүчү жайларда көрүүсү начар жарандарга А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупалар сыяктуу кошумча каражаттар берилди. Көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн Брайл шрифти менен басылган атайын  шайлоо бюллетендери даярдалды. Арабача колдонгон шайлоочулар үчүн добуш берүүчү жайда атайын кабиналар даярдалды.          Жумушчу топтун 2018-2020-жылдарга пландарын презентациялоо боюнча “Эгль” КФнун эксперти М.Медетов чыгып сүйлөп, ДМЧ адамдардын активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча иштерди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле майыптардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусуна кепилдик берүүчү укуктук жана усулдук механизмдерди иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи.          Жумушчу топтун мүчөсү А.Мусаева планда ДМЧ адамдардын, арасында укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча иштерди, анын ичинде социалдык буйрутманын алкагында алдын ала караштырууну сунуштады. Майыптыгы бар жарандардын көпчүлүгү социалдык обочолонууда жашоого көнүп калгандыктан, билип туруп эле өлкөнүн саясий жана шайлоо процесстерине тартылууну каалашпайт.          Жумушчу топтун мүчөсү Алымбек кызы Гүлмайрам жумушчу топтун сунуштарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн, анын курамын башка мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын жетекчилерин кошуу менен кеңейтүү сунушун киргизди.          Жумушчу топтун мүчөсү болгон ДМЧ жарандарды бириктирген уюмдардын өкүлдөрү мыйзамдарга ылайык, майыптардын ишканаларынан товарларды жана кызматтарды сатып алууну кеңейтүү зарылдыгын баса белгилешти. Жумушчу топтун мүчөлөрү бул сунушту колдошту, анткени ДМЧ адамдарга бул жакшы колдоо болмок.          КР БШК белгиленген планды ишке ашыруу, ошондой эле жарандарда майыптуулук түшүнүгүн калыптандыруу жана ден соолугнун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу чөйрөнү долбоорлоого көңүл буруу максатында мамлекеттик уюмдар, жарандык уюмдардагы жана эл аралык уюмдардагы өнөктөштөр менен бирге аракеттешүүнү улантат. БШК аппаратынын маалымат кызматы
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
24.05.2018

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

2018-жылдын 24-майында КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады. Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 21-майындагы № 126 буйругу менен Толук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насырынбеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын       11-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Токтогул АШКсына тапшырылды.   Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
24.05.2018

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

2018-жылдын 24-майында КР БШК Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтом Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Т. Чернованын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндөгү арызынын негизинде кабыл алынды. Ошентип: - Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Т. Чернова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды жана комиссиянын курамына резервден А. Максатбеков (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 376 378 … 483

Акыркы жаңылыктар