Башкы Жаңылыктар БШК Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 2-майындагы №4-чечимин …

БШК Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 2-майындагы №4-чечимин жокко чыгарды

21-Май, 2018

КР БШК 2018-жылдын 21-майындагы №8-чечими менен Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 2-майындагы №4-чечимин жокко чыгарды.

2018-жылдын 27-апрелинде Кызыл-Кыя АШК №3-протоколу менен КСДП саясий партиясынан Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты К.И.Турдумаматовдун өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

2018-жылдын 2-майында Кызыл-Кыя АШК №4-протоколу менен Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутатынын бош калган мандатын, “КСДП” саясий партиясынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасынын негизинде, талапкерлердин тизмесинде 20-номерде турган талапкер К.И.Ниязовго өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Бул жерде АШК КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесинде  15-номерде турган Т.Алимбекова тизмедеги кезегин өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча мурда жазылган арызын кайра чакыртып алгандыгын көңүлгө алган эмес.

Бул маселени изилдеп чыгуу үчүн БШКнын мүчөлөрүнөн жана БКШнын Аппаратынын кызматкерлеринен куралган Жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топ АШК тарабынан чечим кабыл алууда мыйзам бузууларды аныктады.

2018-жылдын 15-майында КР БШКнын дарегине КСДП саясий партиясынан Кызыл-Кыя АШКга мурда жиберилген 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасын кайра чакыртып алуу жана бош калган мандатты мыйзамдарга ылайык, тизмеде кийинки орунда турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө кат келип түшкөн.

БШКнын чечиминде белгиленгендей, Кызыл-Кыя АШКсы КСДП саясий партиясынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасын чакыртып алгандыгын эске алуу менен, шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турган талапкер Алимбекова Тахминага мандатты өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.

 

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>