2018-жылдын 13-майында болуп өткөн Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жана добуш берүүнүн протоколдору бекитилди

21 мая 2018

2018-жылдын 21-майында БШК 2018-жылдын 13-майында болуп өткөн Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жана протоколдорун карап чыкты жана бекитти.

Токтогул шаардык кеңешинде 1 шайлоо округу жана 5 шайлоо участкалары: № 2235, № 2236, № 2237, № 2238, № 2239 түзүлгөн.

Токтогул шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт.

Шайлоочулардын саны 10 819ду түздү, анын ичинен добуш берүүгө 5 475 катышты, бул шайлоочулардын жалпы санынын 50,61 пайызын түзөт.

Каттоодон 6 партия өткөн: “Ата-Журт” – (32 талапкер); “Мекеним Кыргызстан” – (50 талапкер); “Өнүгүү-Прогресс” – (35 талапкер), “Бирик” – (35 талапкер); “КСДП” – (47 талапкер); “Энергетиктер” – (36 талапкер),

алардын ичинен 5 саясий партия добуштардын 7 жана андан көп пайызын алышты:

- КСДП – 1711 добуш - 31,26 % (7 мандат),

- “Мекеним Кыргызстан” - 28,05% (6 мандат),

- “Өнүгүү-Прогресс” - 15,41% (3 мандат),

- “Ата-Журт” - 626 добуш - 11,45% (3 мандат),

- “Энергетиктер Партиясы” - 7,2% (2 мандат).

Добуш берүү күнүндө ар бир шайлоо участкасында, башынан аягына, жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга чейин саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын байкоочулары катышышты.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун жыйынтыктары боюнча арыздар келип түшкөн жок.

Шайлоо процессинин учурунда, Токтогул шаардык кеңешинин шайлоо участкаларында жабдуулардын иштебей калуу учуру болгон жок.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы №2235, №2236, №2237, №2238, №2239 шайлоо участкаларынын добуш берүүнүн натыйжалары боюнча протоколдорунун негизинде шалоолор өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасын аныктады.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү