Төлөйкөн айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат
14 мая 2018
2018-жылдын 13-майында Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоо болуп өттү. Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде 13 659дан 7 319 добуш берип, 53,61% түздү. Добуш берүү сегиз шайлоо участкасында жүрдү.
2018-жылдын 13-майындагы шайлоого 31 мандаттуу кеңеште 88 талапкер катталган.
Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
Бүгүнкү күнгө чейин, добуш берүүнүн натыйжалары боюнча арыз даттануулар келип түшкөн жок.
УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү






