Кара-Буура жана Боз-Учук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
15 мая 2018
2018-жылдын 15-майында КРнын БШКсы 2018-жылдын 11-майында өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Бекболотов Арген Тургунбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Сейлибаев Айдарбек Кадырбаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Кара-Буура жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
