Сокулук айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат
14 мая 2018
2018-жылдын 13-майында Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу болуп өттү. Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарынын айыл өкмөтүнүн башчысын белгиленген мөөнөттө шайлабагандыгына байланыштуу, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңеш таркатылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Сокулук айылдык кеңешинде 8 423 шайлоочудан 2 810 добуш берип, бул 33,36 пайызды түздү. Добуш берүү беш шайлоо участкасында жүрдү.
2018-жылдын 13-майындагы шайлоого 21 мандаттуу кеңеште 122 талапкер катталган.
Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
Бүгүнкү күнгө чейин, добуш берүүнүн натыйжалары боюнча арыз даттануулар келип түшкөн жок.
УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
