КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
24 мая 2018
2018-жылдын 24-майында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ош, Өзгөн, Нарын, Балыкчы жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Ош шаардык кеңешиндеги “Бир-Бол” партиясынан депутат А. Байзаков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Э.Кулназаровго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешиндеги “СДПК” партиясынан депутат М. Хоринов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Х. Абдурахмановго өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги “Кыргызстан” партиясынан депутат Д. Курманов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Н. Андабековго өткөрүп берилди;
-Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешиндеги “Кыргызстан” партиясынан депутат А.Смадияровдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –М. Куловага өткөрүп берилди;
-Чүй облусунун Москва районундагы Чапаев айылдык кеңешинин депутат У. Мамырбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – У. Набиевге өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
