Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
25 сентября 2018
2018-жылдын 25-сентябрында КРнын БШКсы Чүй облусунун Сокулук районунун Орок, Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай жана Миң-Куш, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка, Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Чоодуев Уран Казымбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
-Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Кудайбергенов Рысбек Молдакматович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
-Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Алманбетов Канат Джакупович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
-Майдан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Абдилатов Эсен Акимович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
-Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Асанов Кемелбек Джумабекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Абдусатторов Неъмоншо Махмадшоевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Сокулук, Жумгал, Кадамжай жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
