КР БШК Кыргыз Республикасындагы аймактык шайлоо комиссияларынын системдик администраторлоруна системаларды жана веб-технологияларды башкаруунун негиздери боюнча окуу өткөрүүдө

02 октября 2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо комиссияларынын системдик администраторлору үчүн системаларды жана веб-технологияларды башкаруунун негиздери боюнча окуу курстарын өткөрүү пландаштырылды.

Окуу курстары төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт: системаларды, тармактарды жана веб-технологияларды башкаруу.  Курстар үчүн окуу китеби маалыматтык технологиялар боюнча консультант, KOICA/NIPAнын IT-эксперти, “Кореянын дүйнөлүк достору, эксперттер программасынын” алкагында БШКда иштеп жаткан С.С.Ким мырза жана КР БШКнын маалыматтык-коммуникациялык технологиялары Башкармасынын кызматкерлери тарабынан даярдалган.

Курстар эки этапта өткөрүлөт (тренер С.С.Ким мырза).  Биринчи этапты өткөрүү 2018-жылдын 16-сентябрынан 25-октябрына чейин пландаштырылган.

Ошентип, 2018-жылдын 16-19-сентябрында, Нарын шаарында, Нарын облусунун аймактык шайлоо комиссияларынын жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо АШКнын системдик администраторлору үчүн окуу курстары өткөрүлдү.

20-22 сентябрында Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун аймактык комиссияларынын системдик администраторлору  үчүн курс өткөрүлдү.

27-30-сентябрында Баткен облусунун аймактык комиссияларынын системдик администраторлору Баткен шаарында курс өтүшсө, 1-3-октябрда Ош шаарында Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык комиссияларынын системдик админстраторлору курс өтүп жатышат.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү