Жалал-Абад, Жумгал жана Токмок АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

17 сентября 2018

КР БШК Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Жалал-Абад, Жумгал, Токмок АШКнын мүчөлөрү: Б.С. Алдосованын, К.Т. Талканбаевдин, А.И. Ашырбаеванын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде негизинде токтом кабыл алынды.

-Жалал-Абад АШКнын курамынан Б. Алдосова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды. Анын ордуна резервдеги Д.Батыралиева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.

-Жумгал АШКнын курамынан К.Талканбаев (“Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан) чыгарылды. Анын ордуна резервдеги Ж.Токтоназарова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.

-Токмок АШКнын курамынан А.Ашырбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды. Анын ордуна резервдеги Б.Салманова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү