Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы карыяларды Эл аралык күнү менен куттуктады

01 октября 2018

БШКнын кызматкерлери  согуштун  ардагерлери Ишенбай Багышбековду, Маркел Ибраевди, Петр Поломощновду, Закия Асанованы, Варвара Шпакты, шайлоо системасынын ардагерлери, КР БШКнын мурунку мүчөлөрү  Жаркын Бапанованы, Рашид Бекбасаровду  карыялардын  Эл аралык күнү менен Боршайкомдун атынан куттуктап, акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды.

“Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

 Сиздерди майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге – биздин ата-энелерибизге, согуштун жана эмгектин ардагерлерине – биздин мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар үчүн  ыраазылык билдиребиз!  Көпчүлүгүңүздөр, жашыңыздарга карабастан, турмуштук жигердүү позицияны сактап, өндүрүштө жана коомдук уюмдарда иштөөнү улантып, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодо катышып келе жатасыздар.

Улуу муундун өкүлдөрү жаштарга жарандык жигердүү позицияны көрсөтүүнүн үлгүсү болуп, шайлоолордо жана референдумдарда активдүү катышып келе жатасыздар. 

Сиздердин тажрыйбаңыздар жана рухий күчүңүздөр, акылмандык жана кең пейилдигиңиздер менен бизди, жаш муунду жашоодо туруктуулукка жана Мекенди сүйүүгө үйрөтүп келесиздер.  Биз Сиздер менен сыймыктанабыз!

Урматтуу ардагерлер, Сиздерге чың ден-соолук, узун өмүр, тынчтык, бакубат жашоо каалайбыз!”

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы