Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды

17 сентября 2018

2018-жылдын 17-сентябрында КР Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун Чүй районунун Бурана, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады.

Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 17-августундагы № 129-т буйругу менен Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ашымов, Бурана айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-августундагы №27 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 75 буйругу менен Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айбалиев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 12-сентябрындагы № Б-15/VI буйругу менен Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоев каза болгондугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Чүй районунун Бурана, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 5-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү