Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ак-Таш, Сары-Коо жана Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
23 октября 2018
2018-жылдын 23-октябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 19-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылып, Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич мэр болуп шайланды;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Дооранов Абдулл Абдырайымович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Баков Айбек Калыгулович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Оморканов Эрнис Макелович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган мэр жана айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ысык-Көл, Кара-Суу, Жайыл жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
