2018-жылдын 23-октябрында Миң-Булак жана Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кайра шайлоосу өттү
23 октября 2018
2018-жылдын 23-октябрында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Натыйжада:
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 10 добуш алган Асакеев Алманбет Иманович шайланды. Миң-Булак айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 10ну катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган;
- Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 14 добуш алган Оморканов Эрнисбек Макелович шайланды. Түп айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, алардын ичинен 19 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
