КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин сатып алуу боюнча конкурстун жыйынтыктары

22 октября 2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2018-жылдын 19-октябрында электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин сатып алуунун жыйынтыктарынын протоколун жарыялады.

2018-жылдын 12-сентябрында конкурстук табыштамалардын конверттерди ачылган. Конкурстук табыштамалардын конверттерин ачуунун жыйынтыгында 5 (беш) берүүчүдөн сунуш түштү.

Конкурстук документацияны жана техникалык талаптарды баалоонун жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия эң төмөнкү бааны - бир бирдик үчүн 74 сомду, жалпы суммасы 10 000 бирдик үчүн 740 000 сомду сунуштаган берүүчүнүн конкурстук табыштамалары жеңүүчү деп аныктады.

Ошентип, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын төш белгилерибир бирдик үчүн 74 сомго сатып алынат.

Маалымат үчүн:

Электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына конкурс тууралуу кулактандыруу жарыялангандан кийин берүүчүлөрдүн даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиясына (мындан ары - КВК) даттануу менен кайрылган. Анда конкурстун катышуучулары 2018-жылга чейин кеминде 5 жыл Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, менчигинде же үзгүлтүксүз ижарада окшош продукция чыгарган цехи барын ырастаган документтерин көрсөтүүгө тийиш экендиги тууралуу квалификациялык талаптардын бири негизсиз деп нааразылыгын билдирген.

КВК 2018-жылдын 17-октябрдагы чечими менен берүүчүнүн даттануусун негиздүү деп тапкан.

Конкурстук комиссия КВКнын 2018-жылдын 17-октябрдагы чечимин эске алып, конкурстун бардык катышуучуларынын конкурстук  документацияда белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайыктыгын баалоодо жогоруда көрсөтүлгөн квалификациялык талапты эске алган жок.

КР БШКнын маалымат бөлүмү