Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 13-ноябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Өзгөн, Москва, Жайыл, Балыкчы, Токтогул жана Нарын АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңешиндеги депутат А.Дооранов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А. Кудайбердиевге өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылдык кеңешиндеги депутат М.Ураимов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Абдивали уулу Усөнгө өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылдык кеңешиндеги депутат А.Мойдунова депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Камчыбековго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылдык кеңешиндеги депутат А.Омурзаков депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ж.Садыкбаевге өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Өзгөн районундагы Ийри-Суу айылдык кеңешиндеги депутат М.Асанбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Н.Исмановго өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылдык кеңешиндеги депутат Ж.Уразбакиева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге С. Каракотовго өткөрүлүп берилди;
-Чүй облусунун Москва районундагы Биринчи май айылдык кеңешиндеги депутат М. Суеркулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер калбай калган учурда, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.
- Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Коо айылдык кеңешиндеги депутат А.Баков депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, кийинки кандидатты аныктап, ал талапкер боюнча тиешелүү документтерди такталганча чейин мандат бош калат;
- Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешиндеги “Республика-Ата-Журт” депутаттык фракциясынан депутат Ч. Мукамбетжусупов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Ж. Ибраевге (“Республика-Ата-Журт” депутаттык фракциясынан) өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай айылдык кеңешиндеги депутат Т.Тиленбаева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Р. Амирдиновго өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан депутат Т.Исаков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Өмүркановго (“Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан) өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 13-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 13- ноябрь2018-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2.Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Чон-Алай, өзгөн, Москва, Жайыл, Балыкчы,Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
Төраганын орун басары
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова Жаштардын республикалык конгрессинде “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада презентация менен чыгып сүйлөдү
КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова 2018-жылдын 12-ноябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Жаштардын республикалык конгрессинде “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада презентация менен чыгып сүйлөдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын бул иш-чарага катышуусунун башкы максаты жаш шайлоочуларга шайлоолордо алардын добушунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүү болду.
Конгресс Жаштар күнүнө арналып, ага өлкөнүн бардык региондорунан жигердүү жана демилгелүү топтордон 140тан ашык өкүл катышууда.
КР БШКнын башчысы жаш шайлоочуларды шайлоо процессинин этаптары, шайлоонун жыйынтыгынын аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоочу шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүүнүн технологияларын жана добуштарды автоматтык эсептөөнү пайдалануу менен жүзөгө ашырылчу шайлоонун жаңы моделинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды. “Шайлоо процессин башкаруу деңгээлиндеги коррупциянын негиздери четтетилди. Шайлоонун колдонулуп жаткан модели мурдагы режимдердин учурунда орун алган “бюллетендерди таңгактап салуу” жана “карусель” сыяктуу бурмалоолорду жоюу милдеттерин чечет”.
Маалыматтык шайлоо тутуму (МШТ) тууралуу кеңири баяндалып, ал Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго жана референдумдарга даярдануу жана аларды өткөрүү, ошондой эле аларда добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды чагылдырууга багытталганы айтылды.
Шайлоо бюллетендерин кабыл алып, саноочу, модеми шайлоо күнү добуш берүү аяктаган соң саат 20:00дөн кийин маалыматтарды БШКнын серверине берүүчү добуштарды автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) тууралуу маалымат берилди. Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде АЭУнун маалыматтары топтолот жана сакталат, андан кийин маалыматтар http://ess.shailoo.gov.kg расмий порталына коюлат.
Улуттук кеңештин чечимине жана мыйзамдарга ылайык Шайлоочулардын тизмесин түзүү жана актуалдаштыруу үчүн маалыматтардын негизги булагы катары Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистри (КБМР) түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмеси 18 жашка толгон жана ал жаштан өткөн шайлоочулардын маалыматтары автоматтык түрдө КБМРден алып жүктөлүп түзүлөт. Бул үчүн БШК менен Мамрегистр кызматынын биргелешкен ресурсу - TIZME.SRS.KG шайлоочулардын порталы ачылган.
Ошондой эле презентацияга Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ өлкөнүн бардык региондорунда кеңири коомдук талкуулардын негизинде иштелип чыккан 2018-2020-жылдарга КР шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы тууралуу маалымат берилди.
Стратегияга төмөнкүлөр киргизилген:
• жаштарды шайлоодо кошумча укуктук, билим институттук демилегелер аркылуу шайлоочулар жана талапкерлер катары шайлоого жигердүү катышуусун колдоо;
• жаштардын укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуу (Жарандык бимлим берүү борбору, ЖОЖдордогу жана мектептердеги лекциялар жана семинарлар, жаш шайлоочунун клубу, мобилдик тиркемелер, электрондук окутуу, дебаттар);
• саясий партиялардын ишинин айкындуулугун жогорулатуу (парламенттик типтеги саясий партиялардын түзүлүшү үчүн укуктук ченемдер).
Бул маселелер 2020-30-жылдардагы мезгилге жаштар саясатынын концепциясынын долбооруна киргизүү үчүн сунушталды.
Талкуунун жүрүшүндө делегаттар Кыргызстандын шайлоо тутумунун кеңири чөйрөдөгү маселелерин камтышты. Маселен,
- чет өлкөдө добуш берүү процесси, бул белгилүү бир убакытты талап кылат, эмгек мигранты жумуш графиги жыш болгондуктан, андай убакытты бөлө албайт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелериндеги шайлоо участокторунда добуш бере алышат, бирок шайлоочулардын тизмелерине киргизүү үчүн жарандар биометрикалык каттоодон өтүү жана консулдук эсепке туруу зарыл;
- ЖОЖдордун окутуучулары, жетекчилери тарабынан талапкердин, партиянын пайдасына администрациялык ресурсту колдонуулары тууралуу, студенттер окутуучулардын катышуусуз добуш бере ала турган кошумча шайлоо участокторун түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу. Бул суроолорго байланыштуу Н. Шайлдабекова ар бир жаран добуш берүү укугуна ээ жана тигил же бул талапкерге добуш берүүгө мажбурлаганга эч кимдин укугу жок экенин белгиледи. “Эгер сен добуш бербесең, сен өзүңүн келечегиңи башка бирөөлөргө ишенген болосуң!”
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
2018-жылдын 9-ноябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Чаек айылдык кеңешинин 21 депуттатык мандатына 73 адам көрсөтүлдү.
Шайлоо округдар боюнча:
- Актатыр-Аксеки шайлоо округу боюнча 9 мандатка 27 адам;
- Чаек шайлоо округу боюнча 4 мандатка 17 адам;
- Шортон шайлоо округу боюнча 3 мандатка 10 адам;
- Бештерек-Каражээк шайлоо округу боюнча 5 мандатка 19 адам көрсөтүлдү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү чейрекке кыскартылат, шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн калганга (2018-жылдын 9 ноябрынын саат 24:00 кө) чейин аяктайт.
Документтер кабыл алынган күндөн тартып 8 календарлык күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келе тургандыгын текшерет.
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күнгө чейин (2018-жылдын 17-ноябрына чейин) каттоо мөөнөтү аяктайт.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосу
Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери!
Урматтуу журналисттер!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргызстандагы маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Бүгүнкү коомдук өзгөрүүлөрдүн ыкчамдашуу мезгилинде массалык маалымат каражаттарынын ролу баа жеткис. Сиздер бир эле жарандарды маанилүү окуялар жана жашоо кубулуштары менен тааныштырбастан, коомдук пикирди жаратууда, адамкерчилик менен адилеттүүлүктүн чыныгы идеалдарын бекемдөөдө өз салымыӊыздарды кошуп жатасыздар.
Маалыматтын аныктыгы жана объективдүүлүгү, принциптүүлүк, ыкчамдык жана калыстыгы, ар дайым окуялардын кайнап турган жерлеринде болууга умтулуу, адамдарга жардам берүүгө даяр болуу – бул мыкты сапаттар биздин ЖМКлардын татыктуу ийгилигинин ажырагыс бөлүктөрү болууга тийиш.
Сиздерге жемиштүү кызматташтык жана шайло процессин объективдүү чагылдырганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Чын дилибизден чыгармачылык эргүү, жогорку рейтингдерди, жаңы ийгиликтерди, ошондой эле убайлуу аудиторияны каалайбыз.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери соттук-укуктук реформанын алкагындагы мыйзамдарда каралган жаңылыктар боюнча окутулду
2018-жылдын 2-ноябрында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери үчүн соттук-укуктук реформанын алкагындагы мыйзамдарда каралган жаңылыктар боюнча окутуу өткөрүлдү. Аны эксперт, КР ИИМдин тергөө кызматынын анча оор эмес кылмыштарды иликтөө боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Бегалидин Пирманов өткөрдү.
КР БШКнын төрагасынын орун басары А. Бекматов эксперт, милициянын полковниги Б. Пирмановго бул багытта эксперттик колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, кызматкерлер үчүн бул сыяктуу семинарларды, окутууларды өткөрүү маанилүү экенин белгиледи.
Окутуу Координациялык кеңештин жыйынынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жүзөгө ашыруу, сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар тууралуу 2018-жылдын 24-сентябрындагы протоколуна ылайык өткөрүлдү.
Окутуу процессинде Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын январында күчүнө кирүүчү жаңы кодекстер жана мыйзамдар презентацияланды, ошондой эле жаңы КР Жазык кодексиндеги, КР Жоруктар жөнүндө кодексиндеги, КР Бузуулар жөнүндө кодексиндеги жазык мыйзамдарын реформалоонун концепциялык негиздери, соттук-укуктук реформанын алкагындагы жаңы жазык-процесстик кодекстин өбөлгөлөрү жана жаңылыктар, КР Жазык-аткаруу кодексиндеги концепциялар жана жаңылыктар баяндалды.
Окутуунун жүрүшүндө шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузгандык тууралуу протоколдор түзүлүүчү ченемдер талкууланды.
Маалымат үчүн: Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык бузуулар жөнүндө төмөнкү иштер шайлоо комиссиялары тарабынан каралат:
шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу;
шайлоого катышуу үчүн өргүү берүүдөн баш тартуу;
шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу;
талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу;
талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын таратышы;
тоголок үгүт материалдарын таратуу;
үгүт материалдардын жок кылуу же бузуу.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 2-ноябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Москва жана Чүй АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айылдык кеңешиндеги депутат У.Акматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – М.Ибраиловго өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Терек айылдык кеңешиндеги депутат Б. Керимбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – М. Раевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Чүй районундагы Ак-Бешим айылдык кеңешиндеги депутат К.Джунусова депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулду, кийинки кандидатты аныктап, ал талапкер боюнча тиешелүү документтерди такталганча чейин мандат бош калат.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жумгал, Беш-Терек, Талды-Суу жана Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды
Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 26-октябрындагы № 63 буйругу менен Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы С. Капарбеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 29-октябрындагы № 95 буйругу менен Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асакеев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 30-октябрындагы № 222-б буйругу менен Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Дубанаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 30-октябрындагы № 95 буйругу менен Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эсенгельдиев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу 2018-жылдын 21-ноябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал, Москва, Түп жана Тоң АШКларына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Көк-Ой жана Нурманбет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
2018-жылдын 2-ноябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 26 октябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Каратаев Таяныч Асанбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Байгазиев Багыш Муратбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Жумгал жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Шадиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду, бошогон мандат тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Э.Тагаевге берилди
2018-жылдын 2-ноябрында КР БШК “Бир Бол” саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Шадиев Аскарбек Алимбаевич ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин “Бир Бол” парламенттик фракциясынан чыгуу жөнүндө жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы №167 чечими менен чыгарылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу КР БШК “Бир Бол” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Тагаев Эрмамат Султановичке берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына күбөлүк жана төш белги тапшырылды
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 2-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2- ноябрь 2018-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндо
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3. Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Москва жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнундө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга жана саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Саясий партиялардан түшкөн көптөгөн өтүнучтөрүн эске алып, кээ бир аймактык шайлоо комиссиялардын резервдери жок болуп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – КР БШК) аймактык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – АШК) резервдерин (Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан тышкары) толуктоо боюнча белгиленген мөөнөтүн 2018-жылдын 17-ноябрына чейин узартат.
Ушундан улам, жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2018-жылдын 16-ноябрынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерге) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин менен) тиешелүү АШКга берет. Тиешелүү АШКдагы КР БШКнын атайын өкүлү бүт документтерди КР БШКга тапшырат.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2018-жылдын 16-ноябрынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчилик кылуучу органынын өкүлү тарабынан КР БШКга тапшырылат.
“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор, аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү үчүн зарыл документтердин үлгүлөрү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.
Маалымат алуу телефону: (0312) 62-08-29, (0312) 66-01-16
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 30-октябрында ”Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу жана ДМЧАлардын жана жарандардын кээ бир категорияларынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жакшыртуу” деген темада коомдук диалог болуп өттү
Жарандардын кээ бир категорияларынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча шарттарды түзүүдө шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү тажрыйбасын өркүндөтүү боюнча чаралардын зарыл комплексин ишке ашыруу макатында КР БШК ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу астында "Эгль” КФ менен биргелешип ”Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу жана ДМЧАлардын жана жарандардын кээ бир категорияларынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жакшыртуу” деген темада коомдук диалог өткөрдү. Бул иш-чара Адам укуктарынын Бүткүл дүйнөлүк Декларациясынын кабыл алынышынын 70 жылдыгына арналды.
Диалог максаты шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана жарандардын кээ бир категорияларынын (камакта кармоо жайларында кармалып турган, стационардык мекемелерде турган адамдардын, аскер кызматчыларынын) шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү жакшыртуу боюнча сунуштар менен таанышуу жана аларды талкуулоо болуп эсептелет.
Иш-чарага КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова, КР БШКнын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Өзүнүн кириш сөзүндө КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова инклюзивдүүлүк жаатында шайлоо процессин жакшыртууга көмөктөшкөнү үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирди. “Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну өркүндөтүү боюнча чаралардын белгилүү бир планы иштелип чыкты, ал тажрыйба жүзүндө ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан шайлоо участоктору жайгашкан имараттарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча компетенциялуу органдарга тапшырма бергени абдан маанилүү. Шайлоо өткөрүлүүчү кыска мөөнөттүн ичинде камсыздалуучу саясий укуктарды жүзөгө ашыруу аркылуу биз адамдын жашоо-тиричилигинин күндөлүк турмушунда кээ бир категориядагы адамдардын тең укуктарын камсыздоо боюнча маселелерди канчалык деңгээлде натыйжалуу чечерибизди көрсөтө алабыз”, деп айтты төрага.
Көрсөтүлгөн стационардык мекемелер карамагында болгон мамлекеттик органдар тарабынан камсыздалуучу кээ бир жарандарды эсепке алууну жакшыртуу дагы КР Өкмөтүнүн шайлоо комиссияларына бул багыттагы көмөгү болуп саналат.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеши тарабынан кабыл алынган 2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы менен №1 максат – жарандардын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, этностук азчылыктардын, ДМЧАлардын, Кыргыз Республикасынын убактылуу чет өлкөлөрдө жүргөн же жашаган жарандарынын жана жарандардын кээ бир категорияларынын жигердүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү жакшыртуу аркылуу шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу аныкталган.
КР БШКнын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси КР БШКнын мүчөсү Б. Кадыров өз презентациясында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоонун учурдагыабалы тууралуу айтып берди.
Оң тажрыйбалардын бири бардык шайлоо участокторуна кире бериште шайлоо участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) нөөмөттөгү мүчөлөрүн жардамга “чакырчу нукуманы” даярдоо болуп эсептелет. Шайлоочулардын ыңгайлуулугу үчүн “чакырчу нукуманы” баскан учурда УШКнын нөөмөттөгү мүчөлөрү добуш берүү үчүн жайга кирүүгө жардам беришет.
Шайлоо комиссияларына нускамалык колдоо көрсөтүү үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар менен иштөө боюнча колдонмо жөнөтүлүүдө, анда терминдер келтирилет, ошондой эле добуш берүү жол-жоболорун жеткиликтүү кылууга байланыштуу практикалык кеңештер сунушталат.
Мындан сырткары, Б. Кадыров социалдык программаларды майыптуулугу бар жарандардын укуктарын камсыздоого байланыштуу бардык процесстерге интеграциялоо зарылдыгы тууралуу билдирди.
"Эгль” КФнын өкүлү М. Медетов “Кыргыз Республикасынын жарандарынын кээ бир категорияларынын жигердүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү жакшыртуу аркылуу шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу” деген темада баяндама менен чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө ал жарандардын кээ бир категорияларынын шайлоо процессине саясий катышуусун кеңейтүү боюнча алдыдагы мыйзамдык өзгөртүүлөр жана белгиленген пландар тууралуу айтып берди.
КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү жашоо-тиричилик чөйрөсүн ДМЧАлардын муктаждыктарын эске алуу менен долбоорлоо боюнча курулуш ченемдери жана эрежелери тууралуу баяндады. Ал эрежелер жаңы курулуп жаткан объектилерге дагы, жеткиликтүүлүк шарттары каралбаган колодонуудагы объектилерге дагы тиешелүү. Андан тышкары, көрсөтүлгөн ченемдер менен эрежелерде мобилдүүлүгү аз топтордун жашоо-тиричилигинин бардык компоненттери эсепке алынган.
Ошондой эле жабык мекемелерде (шектүүлөр, айыпталуучулар), саламаттык сактоо мекемелеринде жүргөн жарандардын, аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча маселелер каралды.
Диалогдун катышуучулары талкуунун жүрүшүндө баяндамалардын темалары боюнча көп маселелерди камтып, бул багыттарда ишти жакшыртуу боюнча өз сунуштарын беришти.
КР БШКнын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдогу жана эл аралык уюмдардагы өнөктөштөр менен жарандарда майыптуулукту түшүнүү аң-сезимин калыптандыруу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар үчүн чөйрөлөрдү долбоорлоого көңүл бурдуруу боюнча биргелешкен ишти улантууга ниети бар.
Бардык категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо шайлоо тутумун өнүктүрүү стратегиясынын алдыдагы жылдардагы негизги багыттарынын бири болуп саналат.
Маалымат үчүн: Жалпы республиканын аймагында жалпы улуттук добуш берүүнү уюштуруу үчүн 2 300дөн ашуун шайлоо участкалары түзүлгөн, алардын 1 633 окуу жайларынын имараттарында; 334 маданият мекемелеринде; 206сы административдик имараттарда жана муниципалдык аймактык башкармаларда; 32си саламаттык сактоо мекемелеринде жана 93 жеке менчик сектордо жайгашкан. Өкмөт менен биргеликте пандустарды орнотуу маселелери чечилип жатат, аларды ушул шайлоолор аралык мезгилде толук бүткөрүү пландаштырылып жатат. Кээ бир шаарларда жана айылдарда өтүп жаткан жергиликтүү шайлоолордун алкагында кыска мезгилдин ичинде бардык участкаларда пандустар орнотулду. БШК шайлоо участкаларынын, административдик имараттардын, маданий мекемелердин, окуу-илимий мекемелердин жана мектепке чейинки окуу борборлорунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде инклюзивдик чөйрөнү түзүүгө көмөк көрсөтүүгө ниеттенет.
КР БШК шайлоо учурунда ошондой эле көрүүсү начар жарандарга А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупаларды же көзү азиз жарандарга Брайл шрифти менен бюллетень-трафареттерди, арабачалар менен жүргөн жарандарга атайын кабиналарды ж.б. жардам берүүчү атайын каражаттарды колдонуп келет. БШКнын шайлоолор боюнча маалымат роликтеринин көбү сурдо котормолор менен чыгарылат. Ошондой эле өнөктөштөрдүн жардамы менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн майыптык көйгөйлөрүн түшүнүүсү жана алар менен иштөөсү үчүн усулдук колдонмолор чыгарылды.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Хворостанцева Ольга Юрьевнанын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Хворостанцева Ольга Юрьевна мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун графиги
Ош облусу Алай району
1
Үч-Дөбө айыл өкмөтү
14-ноябрь 2018-жылы, 9-00дөн 12-00гө чейин
Ош облусу Чоң-Алай району
2
Жекенди айыл өкмөтү
14-ноябрь 2018-жылы, 9-00дөн 12-00гө чейин
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө