Бурана, Мин-Булак жана Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
26 октября 2018
2018-жылдын 26-октябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 5, 23- октябрында Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Мин-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Комурчиев Нурлан Сагынбекович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылып, Джаныбеков Бакытбек Осконович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылып, Асакеев Алманбет Исманович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ысык-Көл, Бакай-Ата жана Түп аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
